Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Өзбекстан: Мамлекеттик гезит-журналдар сатыкка коюлду


Өзбекстанда чыккан гезит-журналдар.

Өзбекстанда мамлекеттин карамагындагы 109 гезит-журнал жана басмаканалар сатыкка коюлду. Президент Шавкат Мирзиёев 27-октябрда кол койгон жарлыкка ылайык, ондогон мамлекеттик ишкана-мекемелер да менчиктештириле турган болууда.

Өзбекстанда гезит-журнал жана башка маалымат каражаттары мамлекеттин карамагында экени белгилүү.

Ушул жылдын 16-мартында президент Шавкат Мирзиёев "Басмакана жана полиграфия индустриясын өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтом кабыл алган. Анда "Өзбекстан" басмаканасы, "Гафур Гулам басмаканасы" жана "Окутуучу басмаканасы" мамлекеттик ишканалары менчиктештирилет деп айтылган.

Жарлыкта "сатыла турган гезит-журналдардын жана басмаканалардын тизмесин мамлекеттик мүлктү сатуу боюнча комиссиянын төрагасы бекитет" деп жазылган. Бирок тизме жарыяланардан мурун эле айрым ири басмаканалардын сатылышы жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргөнү ачыкка чыкты.

Президенттин жарлыгында 2020-жылдын 1-июлунан тартып басмакана жана полиграфия ишмердүүлүгүнө уруксат берүүчү документтер жоюлуп, басмакана жана полиграфия ишин баштоо жөнүндө компетенттүү органга кабарлоо ыкмасы гана киргизилери белгиленген.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Өзбекстандагы жеке менчик басмаканалардын мындан аркы иши кандай болору тууралуу жергиликтүү ишкерлердин пикирин сурады. Көз карандысыз басмакананын ээси суроолорго анонимдүү түрдө жооп берди.

Ал өз басмаканасында жылына эки жүзгө жакын тираж менен китеп чыгарып келген. Барган сайын иши азайып калганын билдирди:

"Тираждын азайышынын себептери көп. Биринчиден, элдин баарында планшет, телефон, компьютер бар. Анын үстүнө эл илгеркидей китеп окууга кызыкпай калды. Окуй турган китептер да аз. Жаңы, жакшы чыгармалар жазыла элек. Бүгүнкү күндө жакшы түштөнсөң 50 000 сумдун (беш доллар) тегерегинде акча кетет. Бир чоң көлөмдүү китеп мындан арзаныраак. Бирок эл айына бир китепке акча коротуп, аны алып окубайт. Мүмкүн баасы кымбаттыр, бирок окуш керек",- деди өзбекстандык ишкер.

Ал басмаканасында негизинен моралдык, диний, саясий өңүттөгү чыгармаларга жарык көрөрүн, олуттуу талаш-тартыштарды камтыган темаларды иргеп, алып саларын же өзгөртөрүн, цензура бар экенин жашырбады.

"Мурдагыдай олуттуу цензура жок. Бирок жогору жактагылар кайсы басмаканалардын эмне жарыялап жатканын көзөмөлдөп турганы, керек болсо эскертүүлөр, чектөөлөр берилгени ырас. Биз эркиндикти кыянаттык менен пайдаланып жатабыз. Кагазда болбосо да цензура бар. Чындыкты айтуудан, жазуудан коркконубуз чын".

Он эки жылдан бери жеке менчик басмакана иштетип келген өзбекстандык ишкер бул тармакта мурунку бийлик менен кийинки бийликтин көз карашынын айырмачылыгына да токтолду:

"Биз басмакананы ачкан кезде жарыялоого уруксат алуу абдан кыйын болчу. Эки жылдын ичинде араң уруксат алганбыз. Чындыгында, цензура биз иштей баштаганда жок болчу. Бирок азыр ар бир басмаканада бар. Мурун бир аз ката кетирсе, ал басмакана жабылып калышы мүмкүн эле. Азыр болсо Кудайга шүгүр, абалыбыз алда канча жакшы. Уруксат алуу оңой. Бизнес кылганды билгендер басмакананы оңой эле ача алышат. Ал эми Казакстанды мисалга алсак, бул нерсеге 20 жыл мурун эле жетишкен".

Ишкер үчүн президент Мирзиёевдин жаңы жарлыгы жаңылык эмес. Ал мамлекеттик басмаканалар жеке менчиктерден кыйла күчтүү экенин билдирди. Ал эми гезит-журнал жана китепке кызыккандар күндөн-күнгө азайып бараткан маалда мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү кирешелүү пайда алып келет деп эсептейт. Ошол эле кезде Өзбекстанда билим берүү системасын реформалоо керек экенин айтууда:

"Акырындап мамлекеттик мүлктөр менчиктештирилип, бөлүнүп берилүүдө. Жерлер, бактар, байлыктар сатылууда. Бул жарлык керек болчу. Эми басмаканалар арасында атаандаштык болуп, сапат жогорулайт. Мурда менчик басмаканалар мамлекеттик басылмалардан ылдый саналчу. Муну менен катар элдин руханий абалын көтөрүү үчүн бардык чаралар көрүлүшү керек. Эгерде элдин деңгээли көтөрүлсө, басмаканалар гана эмес, бардык тармактар гүлдөп- өнүгөт. Биринчиден билим берүү системасын толугу менен реформалоо керек", - деди атын атагысы келбеген өзбекстандык ишкер.

Өзбекстанда басмакана жана типографиялардан тышкары 274 мамлекеттик ишкана, маалыматтык технологиялар багытындагы 26 мекеме, компьютерлерди тейлөө борборлору, 27 жеке медициналык клиника, шарап чыгаруучу 31 завод жана арак-шарап саткан фирмалар да жапырт менчиктештириле турган болууда.

Мамлекеттик мүлктү сатып алгандарга да жеңилдик каралган. Маселен, алар акчаны бөлүп төлөсө болот.

Бийлик 2023-жылга чейин мамлекеттик ишканалардын санын элүү пайызга кыскартуу жана мамлекеттик капиталдын катышуусу менен кеминде 50 компаниянын облигацияларын чыгарууну максат кылып жатат. Мындай аракеттен бюджет жок дегенде эки эсеге көбөйөт деген план айтылган.

Өзбекстанда менчиктештирүү жараяны 2016-жылы Шавкат Мирзиёев кызматка киришкенден бери жүрүп келет. Мирзиёевдин бийлиги бул кадамын валюта рыногун либералдаштыруу, салыктарды төмөндөтүү жана чет өлкөлүк инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү аракети катары мүнөздөгөн.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG