Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:45

«Миллион долларлык келишим Кыргызстан үчүн кымбат»


"Канадалык компанияга ким акча төлөгөнү белгисиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:54 0:00

«Foreign Lobby Report» порталынын негиздөөчүсү жана редактору Жулиан Пикей менен маектин видео версиясы.

Кыргызстандын жаңы бийлиги чет өлкөлөрдөн жардам алыш үчүн канадалык «Dickens&Madson» компаниясы менен миллион долларлык келишим түзгөнү тууралуу кабар дагы эле талкуу жаратууда.

Мындай маалыматты 3-ноябрда «Foreign Lobby Report» порталы америкалык расмий реестрден алынган документке шилтеме кылып жазып чыккан. Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун бул келишимге жана лоббисттик аракеттерге эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. «Азаттык» Америкадагы «Foreign Lobby Report» порталынын негиздөөчүсү жана редактору Жулиан Пикейге байланышка чыгып, талаштуу келишимдин чоо-жайын сурады.

- Жулиан, сиз негиздеген «Foreign Lobby Report» порталы Кыргызстан менен канадалык компаниянын ортосундагы бир миллион доллардык келишим тууралуу жазып чыкты. Компанияга Израилдин чалгын кызматынын мурдагы кызматкери ээлик кылат экен. Бул келишим тууралуу АКШнын тиешелүү органына бир нече күн мурда маалымат берилген экен. Сиз аны кантип, качан көрүп калдыңыз?

- Ооба, бул тууралуу маекке чакырганыңыздар үчүн чоң рахмат. Менин «Foreign Lobby Report» аттуу компаниям бар. Биз АКШдагы лоббисттик аракеттер жана чет өлкөлүк субъектилердин иши тууралуу ар бир мамлекеттик документти изилдеп турабыз. Кошмо Штаттарда Конгресске, Ак үйгө, Мамлекеттик департаментке, агенттиктерге, ошондой эле америкалык медиага таасир этиш үчүн түрдүү нерселерди кылса болот.

Эреже боюнча ал үчүн каттоодон өтүш керек. Ким үчүн иштеп жатканыңды, канча акча алганыңды ачык айтышың абзел. Ар бир алты ай сайын АКШнын юстиция тармагына ким менен жолукканыңды билдирип турушуң зарыл. Эгер кайсы бир өлкөнүн кызыкчылыгын алдыга сүрөш үчүн мыйзам чыгаруучулар менен жолуксаң, ал тууралуу Кошмо Штаттардын Юстиция министрлигине ачык айтыш керек.

Мен күн сайын бул документтерди карап чыгып, элге эмне болуп жатканын түшүнүүгө көмөктөшкөнгө, окуяларды бир контекстке салганга аракет кылып келем. Кайсы бир өлкө же чет элдик компания тигил же бул фирманы эмне үчүн жалдаганын, эмнени көздөп турганын түшүндүрөм. Биз ушул иш менен алекпиз.

Андыктан, сиз айткан келишимди көрүп калдым. Ал Кыргызстандагы соңку окуялардан улам кызыктуудай сезилди. Себеби көп мамлекеттердин бир топ лоббистик компаниялары бар. Ал эми узак убакыттан бери Кыргызстан менен иш алып барган мындай компаниялар жок экен. Бул дайыма кызык.

- Кыргызстандын жаңы өкмөтү лоббисттик компания жалдоого тиешеси жок экенин, кол койгон тараптар президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун атын жамынып алышы мүмкүн экенин билдирүүдө. Канадалык компаниянын өзү менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Сиз мындай лоббисттик келишимдерге узак убакыттан бери көз салып келет экенсиз. Кыргыз тарап менен кол коюлду деген макулдашуу боюнча кандай маселелер бар?

- АКШнын көз карашы боюнча бул жерде эч кандай маселе жок. Чет мамлекет Кошмо Штаттарда лоббисттик ишмердик менен алектене алат. Мында талаш деле жок. Өткөн жылы ушул маселе тууралуу жазгам. Кээде өлкөнүн ичинде бул тема тескери реакцияга туш болушу мүмкүн. Бирок көп учурда кайсы бир өкмөт мындай келишимге кол койгонун деле танбайт.

Айрым учурда өлкөнүн ичинде жетиштүү деңгээлде ачыктык болбогондуктан мындай келишимдер талаштуу пикир жаратышы ыктымал. Силерде ушундай болуп жаткандай. Мындай жагдайдын бир катар себептери бар.

Кээде өлкө өзү чет өлкөдөн финансылык жардам издеп жатканы менен кымбат лоббисттик келишимге кол коюшу мүмкүн. Бул суроолорду жаратпай койбойт. «Өлкөнүн экономикалык абалы начар болуп жатса, миллион долларды лоббисттик компанияга төлөдүңөр, эмне болуп жатат?» деген суроолор берилиши ыктымал. Өлкөнүн ичинде мындай маселелер жаралары түшүнүктүү. Бирок АКШ үчүн бул маселе эмес. Эмне кылып жатканың тууралуу маалымат берип турсаң эле маселе болбойт.

Биз жазып чыккандан кийин кайсы бир чет өлкө андай келишимди четке какканы деле таң калыштуу эмес.

Документке Садыр Жапаровдун атынан Абдыманап Карчыгаев кол койгон.
Документке Садыр Жапаровдун атынан Абдыманап Карчыгаев кол койгон.

Өзгөчө Кыргызстандын кызыкчылыктарын алга сүрөгөн «Dickens & Madson» компаниясынын жетекчиси Ари Бен-Менашени эске алганда. Бул кишинин бир топ кардарлары бар. Былтыр Тунистеги шайлоодо талапкерлердин бири аны жалдаганы тууралуу жазганбыз. Бул маалымат Тунисте чоң чуу жаратып, «АКШ шайлоого кийлигишип жатат» деген талкууларга себеп болгон. Тунистеги талапкер бул кишини жалдаганын башында четке какканы менен аягында баары эле түшүнүктүү болуп калган.

Менин оюмча, лоббисттик компанияга кимге [келишимде «кыргыз өкмөтүнө» деп көргөзүлгөн] иштеп жатканы тууралуу АКШнын Юстиция министрлигине калп айтууга деле зарылчылык жок болчу. Андай кылса мыйзамды бузган болот. Маселе жаралат.

Лоббисттик келишимдерден пайда көргөн тараптар мындай келишимдерди өзүнүн колу көрүнбөшү үчүн ортомчулар аркылуу түзгөнү деле адаттан тыш жагдай эмес. Ошентсе да, келишимдин өзү көп нерсени түшүндүрүп турат. Анда президенттин милдетин аткаруучуга АКШнын расмий өкүлдөрү менен жана Израилдин премьер-министри менен жолугушууга жардам көрсөтүү жөнүндө сөз болуп жатат.

Келишим толугу менен ал кишинин пайдасын көздөөдө. Кимдир-бирөө президентке айтпастан эле лоббисттик компания жалдады дегенди түшүнүү кыйын. Логикага жатпайт.

Менин оюмча, лоббисттик компанияга кимге [келишимде «кыргыз өкмөтүнө» деп көргөзүлгөн] иштеп жатканы тууралуу АКШнын Юстиция министрлигине калп айтууга деле зарылчылык жок болчу. Андай кылса мыйзамды бузган болот. Маселе жаралат. Анын үстүнө Ари Бен-Менаше ага 500 миң доллар төлөп беришкенин айтып жатат. Ал өз ишин аткарыш үчүн чоң эле акча алган экен.

- Демек, кыргыз бийлиги мындай келишим түзүлгөнүн четке какканы менен документте жазылган маалыматтар чын жана негиздүү деп ишенесизби?

- Мен айткандай, Юстиция министрлигине кимдин кызыкчылыгын коргоп жатканың тууралуу калп айтууга эч себеп жок. Эмне кылып жатканын ачык айтпастан көмүскө түрдө бирөөнүн кызыкчылыгын алга сүрөгөн адамдар бар. Биз мындайды АКШда Пол Манафорттун [президент Дональд Трамптын штабынын мурдагы башчысы] окуясында көргөнбүз. Ал Украинанын кызыкчылыгын алга сүрөгөн. Эмне кылып жатканыңды бийликке айтпасаң, кыйын күнгө туш болосуң. Ал эми жалган айтсаң, ал өтө таң калыштуу жагдай болуп калат. Эгер андай кылсаң, кара тизмеге кирип, кийин башка кардарлар менен иштеше албай каласың.

- Израилдин чалгын тармагынын мурдагы кызматкери ээлик кылган канадалык компания Судан сыяктуу башка өлкөлөр менен да ушундай келишимдерге кол коюптур. Ачык булактардан бул компаниянын Зимбабве жана Ливия менен да байланыштары болгонун көрүүгө болот. Азыр бул фирманын өзү менен байланыша албай жатабыз. Канадалык компаниянын жана анын ээсинин таржымалы тууралуу кандай ой-пикирдесиз?

- Ари Бен-Менаше - АКШдагы лоббизм чөйрөсүндөгү абдан кызыктуу фигура. Биринчиден, ал канадалык. Кошмо Штаттарда жашабаган адамдын мынчалык таасири болгонунун өзү кызык. Ал күчтүү байланыштары бар адам катары таанымал. Өзгөчө Жакынкы Чыгышта ошондой деп билишет. Мен билгенден ал «Dubai Ports World» компаниясынын кызыкчылыгын коргойт.

Суданда өткөөл кеңеш менен иштеше калып, Канада бийлигинин көңүл борборуна алынган. Бирок жакында АКШ Суданды террордук уюмдардын кара тизмесинен чыгарганын эске алсак, ал бул процесске башынан бери катышуу менен маанилүү жүрүш жасагандай туюлат. Ал өзү Судандын өткөөл бийлигине жардам берүү менен багытты өзгөртө алганын айтышы мүмкүн. Мен айткандай, анын Жакынкы Чыгышта байланыштары күчтүү.

Бул материалды жазууда жеке өзүм үчүн президенттин милдетин аткаруучу адамдын лоббисттик компанияны жалдаганы кызык болду. Мындан тышкары Кыргызстанга экономикалык жактан жардам бериш үчүн АКШны, Израилди, Сауд Арабиясын жана Бириккен Араб Эмираттарын тартуу аракети да кызыгуумду жаратты. Себеби буга чейин Дональд Трамптын администрациясы Израил менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташтыкты баштоого жардам бербеди беле.

Эгер Бен-Менашени жалдаган болсоңуз, ал АКШдан гана эмес, Израилден, Перс булуңунан да жардам алып келүүгө убада бериши мүмкүн. Бул чөлкөмдө акча көп. Албетте, көрө жатарбыз. Бирок келишим дал ушул нерселерди ишарат кылып жатат.

- Сиздин айткандарды эске алсак, Ари Бен-Менаше кыргыз тарап менен түзүлгөн келишимдеги убадаларды аткарууга толук жөндөмдүү адамбы?

Ари Бен-Менаше.
Ари Бен-Менаше.

- Аны байкап туралы. Анын Жакынкы Чыгышта жогорку деңгээлде байланышы бар. Мен өзүм жазган макалада да муну кыйыттым. Менимче, ал «Dubai Ports World» компаниясынын кызыкчылыгын коргоо аркылуу жогорку деңгээлдеги расмий адамдар менен жолуга алат. Анын үстүнө ал барган сайын өз кызматы үчүн көбүрөөк акча алып жатканын көрүүгө болот. Мындай маалыматты ал өзү АКШнын Юстиция министрлигине билдирип жатат. Эгер эл аны жалдап жатса, натыйжалуу иштей турганын бир жерден угушкан чыгар?

- Кыргызстандын жаңы өкмөтү бул келишимге тиешеси жок экенин билдиргенин дагы бир жолу кайталап койгум келет. Акча тууралуу сөз кылып кеттиңиз. Кыргызстандык жаран менен кол коюлган келишим миллион долларга бааланыптыр. Сиз мындай макулдашуулардын көбүн көргөнсүз. Кыргыз тарап менен түзүлгөн келишим сиздин оюңузча канчалык кымбат?

- Мунун баары бул кишилердин канчалык жакшы байланышы бар экенинен көз каранды. Бул чоң акча. Лоббисттик компаниялардын келишимдеринин баасы бир нече факторго жараша чечилет. Биринчиден, ким жалдаганы маанилүү. Мисалы, Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары бир компанияны миллион долларга жалдаганы кадыресе эле көрүнүш. Алар укмуштуудай чоң сумманы төлөй алышат. Кыргызстан сыяктуу башка мамлекеттер үчүн бул таң калыштуу сумма, кымбат келишим.

Экинчиден, сиз жалдаган компаниянын чоңдугуна жараша да болот. Эгер сиз чоң юридикалык компанияны жалдап жатсаңыз, бир миллион доллар анчалык чоң акча болбой калат. Ал эми бир адам гана иштеген компания үчүн бул чоң акча.

Бул маселеде кишинин байланышы маанилүү. Ал киши Дональд Трампка же Жо Байденге жакын эмес. Ал көшөгө артында иш алып барганга ылайыкташкан. Жакынкы Чыгыштагы чалгын кызматтары менен байланышы бар. Менимче, ошого өз кызматы үчүн чоң акча алып жаткандыр.

Мисалы, Ливияда генерал Хафтар тарап менен да, Триполи менен да байланышы болушу мүмкүн. Өрөөндөгү башка лоббисттерде жок байланыштары бар. Сүрөттөрүн карасаңыз, дүйнөнүн көп адамдар барбаган өлкөлөрүн кыдырып жүргөнүн көрөсүз. Андыктан кызматынын баасы байланыштарына жараша өлчөнөт.

- Ушул жерден АКШдагы мыйзам жана эрежелер тууралуу сурай кетейин. Мен түшүнгөндөн чет өлкөлүктөр үчүн иштеген ар бир лоббисттик компания бийликке маалымат берип турушу керек экен. Бирок бул компанияларга ким, кандай жол менен табылган акча төлөгөнү ачык айтылабы?

- Бул кызыктуу суроо. Бул биздеги ачыктыктын деңгээлине байланыштуу маселе. Компания өзү маалымат берип турушу керек. Антпесе Юстиция министрлиги алардын артынан түшүшү ыктымал.

Жакынкы Чыгышта акча көп болгондуктан лобби да күчтүү. АКШдагы лоббисттик аракеттердин 40% жакыны ушул өрөөнгө туура келсе керек. Өтө чоң.

Бирок лоббисттик компания ким акча төлөгөнүн, чекке ким кол койгонун айтпай деле койсо болот. Кээде башка бир бай өлкө деле кызмат үчүн акча төлөп коюшу мүмкүн. Мындайды Перс булуңундагы өлкөлөрдөн көргөнбүз.

Бирок ал ачыкка чыгарылбайт. Ким тарабынан, кимдин кызыкчылыгы үчүн кызмат көрсөтүп жатканы гана айтылат. Мыйзам акчаны ким бергенин ачыкка чыгарууну талап кылбайт.

- Албетте, лоббисттик компанияны жалдоо мыйзамсыз эмес. Дүйнөдө көп колдонулган тажрыйба. Бирок ал компаниялар кандай иш алып барышат? Мисалы, АКШда алар убадаларын ишке ашырыш үчүн эмне кылышат?

- Бул кызыктуу суроо. Мен башында айткандай, байланыш түйүндөрүнөн жана Канадада жайгашканынан улам жогорудагы компанияны адаттан тыш бир фирма десек болот. Бирок көп учурда бул иш менен мурда өкмөттө иштеп кеткендер, күчтүү байланыштары бар, керек болсо Мамлекеттик департаментте же Ак үйдө, Конгрессте иштеп кеткендер мыйзам чегинде алектене алышат. Бул тармакта көптөн бери иштеп жүргөндөрдүн бир топ мекемелерде тааныштары болушу мүмкүн. Алар ушундай иштешет.

Көп өлкөлөр мыйзамдык маселелерди чечиш үчүн юридикалык компанияларды жалдашы ыктымал. Алардын коом менен байланышты камсыздоону жана лобби кылууну көздөгөн бөлүмдөрү болот. Алар ачык айтылышы керек.

АКШнын Конгресси.
АКШнын Конгресси.

Бирок баары мыйзамдуу дегендик маселенин өзү талаштуу эмес дегенди билдирбейт. Себеби мурдагы вице-президент Жо Байден чет өлкөлүктөрдүн АКШдагы лоббисин токтотууга убада берген. Аны ишке ашыра алабы, ал башка маселе. Бирок мунун баары мыйзамдуу.

Анын өзөгү сөз эркиндиги, өкмөткө петиция жиберүү сыяктуу Конституциядагы беренелерге барып такалат. Мисалы, сен өзүң шайлаган эл өкүлүнө барып, анын оюн өзгөртүүгө аракет кыла аласың. Ал үчүн ошондой байланыштары бар лоббисттик компанияны жалдай аласың. Бирок лоббисттик аракеттердин өзү талаш жаратпай койбойт.

Ошентсе да, Конгресстеги же аткаруу бийлигиндеги жетекчилер «кээде кайсы бир маселе боюнча түрдүү пикирлерди угуп туруу деле пайдалуу» деп айтышат. Чет өлкөнүн өкмөттөрү эмес, өкмөттүк эмес уюмдар, оппозициялык партиялар, бизнесмендер да лоббистик компанияларды жалдай алышат. Алардын баары АКШдагы чечим чыгаруучу адамдар мурда укпаган түрдүү ойлор менен келишет. Алар жалаң эле өкмөттү угуп отурушса, башка пикирди билбей калышы мүмкүн. Андыктан түрдүү лоббисттер бар. Анын баары эле жаман эмес.

- Акырында өзүңүз тууралуу да сурай кетейин. Сиз бир топ жыл «Ал-Монитор» уюмунда иштеп, жакында «Foreign Lobby» сайтын ачкан экенсиз. Эмне үчүн бул темага кызыгасыз? Ишмердигиңиз жөнүндө айта кетсеңиз?

- Чоң рахмат. Мен Жакынкы Чыгышка көз салган америкалык «Ал-Монитор» деген компанияда иштегем. Дал ошол жерден бул темага кызыгып калдым. Себеби Жакынкы Чыгышта акча көп болгондуктан лобби да күчтүү. АКШдагы лоббисттик аракеттердин 40% жакыны ушул өрөөнгө туура келсе керек. Өтө чоң. Анын үстүнө алар лоббисттик компанияларды жалдагандан деле тартынбайт. Мисалы, Батыш Европадагы өлкөлөр адатта мындай компанияларды ишке чакырышпайт. Маселени көп учурда дипломаттары аркылуу чечишет.

Жакынкы Чыгыштагылар көп жалдашат. Өзгөчө бири-бири менен чатакташып жатканда бири-бирине каршы лоббисттерди көп чакырышат.

Айтор, мен быйыл жыл башында «Ал-Монитордон» кеткенден кийин бул темага байланыштуу кеңири дүйнөнү чагылдырайын деп чечтим. Себеби Жакынкы Чыгыш эле эмес, бул иш менен алектенген башка да өлкөлөр бар. Ошол ишти кылып жатып, Кыргызстанды көрүп калдым.

- Буга чейин Кыргызстанга байланыштуу лоббисттик келишимдер менен таанышкансызбы?

- Мен бул иш менен 1-июндан бери алек болуп келем. Кыргызстанга байланыштуу келишимди биринчи жолу көрүшүм. Бирок архивдерди карап көрсөм, Кыргызстан узак убакыттан бери лоббисттерди жалдай элек экен. Андыктан бул адаттан тыш жагдай.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG