Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Жапаровго даттанган адам, Өмүрзаковдун төгүндөөсү


Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров жана Канназар Ыдырысов.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров жана Канназар Ыдырысов.

Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков 5-ноябрда басма сөз жыйын уюштуруп, өз дарегине карата айтылган билдирүүлөрдү четке какты. 3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарында эл менен жолугушуу өткөрүп жатканда ага Канназар Ыдырысов аттуу жаран кайрылып, Өмүрзаковдордун үй-бүлөсү тууралуу даттанган болчу. Жапаров бул ишти дароо жергиликтүү бийликке териштиргиле деп тапшырган.

Садыр Жапаровдун арызданган адамдын ишин кайра жергиликтүү бийликке тапшырып койгону талкуу жараткан. Ал арада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча текшерүү иштерин баштаганы белгилүү болду.

Улукбек Өмүрзаковдун актануусу

Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков 5-ноябрда басма сөз жыйын уюштуруп, өз дарегине карата айтылган билдирүүлөрдү четке какты.

Ал «Өмүрзаковдор айрым кишилерге кысым көрсөтүп, акчалуу адамдардан үлүш алып жатат» деген сөздөрдү төгүндөдү.

Өмүрзаков жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго анын Оштогу эл менен жолугушуусу учурунда даттангандан кийин милицияга өзү кайрылганын айтты. Өзүнө жана бир туугандарына карата дооматтарды көмүр казган «Жол Чырак жана Ко» ишканасы боюнча талашка байланыштырды.

Ал арада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаарынын тургуну, 51 жаштагы Канназар Ыдырысовду ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улукбек Өмүрзаковдун коркутуп-үркүтүүсү тууралуу айтып бериши үчүн мекеменин борбордук аппаратына 6-ноябрга чакырды. Бул тууралуу 5-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы кабарлап, текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ошол эле күнү, 3-ноябрда Ыдырысов УКМКнын Оштогу башкармалыгына чакырылган, эртеси күнү арыз жазып кайрылган. Ал Улукбек Өмүрзаковго карата чара көрүүнү суранган жана ал чогуу иштеткен «Жолчырак» көмүр кенин бир жыл мурда мыйзамсыз басып алганын, «үлүш» үчүн акча талап кылып жатканын билдирген. Бул факт 4-ноябрда маалымат журналына катталган.

Башкы прокуратура ишти териштирүүнү Ош шаардык прокуратурасына тапшырган. Шаардык прокуратура жогоруда айтылган факт боюнча сотко чейинки териштирүү баштап, материалдарды шаардык милицияга өткөрүп берген. Башкы прокуратурага тийиштүү чечим кабыл алыш үчүн Улукбек Өмүрзаков прокуратура органдарынын кызматкери экени жөнүндө маалымат жөнөтүлгөн.

Канназардун даттануусу

Ошто 3-ноябрда Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов аймакта таасирдүү үй-бүлө саналган Өмүрзаковдордун туура эмес аракеттери боюнча даттангандан кийин өзүнө кысым болуп жатканын билдирүүдө.

Өмүрзаковдордун бири – Сүйүн Өмүрзаков Ички иштер министрлигинин (ИИМ) башчысынын орун басары, анын иниси Улукбек Өмүрзаков Ош облустук прокуратурасында иштейт.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров менен Оштун тургундарынын жолугушуусунда Канназар Ыдырысов аттуу жашоочу «Өмүрзаковдор» акчалуу кишилерден үлүш алып жатканын айтып, Жапаровго кайрылган:

Ошто Садыр Жапаров менен жолугушууга чогулган эл. 3-ноябрь, 2020-жыл.
Ошто Садыр Жапаров менен жолугушууга чогулган эл. 3-ноябрь, 2020-жыл.

«Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси Улук Өмүрзаков Баткенде карактоо менен облустук прокуратурадан иштен айдалган эле. Кайра сиз келгенден кийин буйрук чыгып (Ошко - ред:) келиптир. Улук Өмүрзаков спортчуларды топтоп, "Мухаммед-Умар" деген күзөт агенттигин ачкан. Азыр Ош шаарында машине мине албай жатабыз. Жакшыраак машине минсек "үлүш" алышат. Анан карьерлерди, жерлерди басып алышкан. Бүт баарын ушул Сүйүн Өмүрзаковдун туугандары, мафия башкарып алган».

«Жергиликтүү бийликтин иши»

Канназар Ыдырысов Сүйүн Өмүрзаковдун туугандарына байланыштуу иштер боюнча арыздарды милиция кызматкерлери кабыл албай жатканын кошумчалаган.

Канназар Ыдырысовдун «Өмүрзаковдордун аракеттерине кандай чара колдонулат?» деген суроосуна Садыр Жапаров «жергиликтүү бийлик текшерип, карасын» деп жооп кайтарган:

«Бул маселе боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү отурат. Мен азыр тапшырма берейин, караңыздар. Бул сиздердин ишиңиздер. Мафия деп жатат, тигиндей-мындай көйгөйлөрүн айтып жатышат. Азыркы көйгөйдү айткан кишини чакырып териштиргиле».

Улукбек Өмүрзаковдун иш бөлмөсүндөгү каалга.
Улукбек Өмүрзаковдун иш бөлмөсүндөгү каалга.

Улукбек Өмүрзаков бир жума мурун Баткенден Ош облустук прокуратурасына которулуп келген. Ал 2007-жылдан тарта прокуратурада иштейт, үй-бүлөсүнө таандык деген «Мухаммед-Умар» спорт-клубун Ошто 2005-жылы негиздеген.

Канназар Ыдырысовду издеп келгендер. Байкоочу камерага түшүп калган видеодон алынган сүрөттү "Азаттыкка" Канназар Ыдырысов берген.
Канназар Ыдырысовду издеп келгендер. Байкоочу камерага түшүп калган видеодон алынган сүрөттү "Азаттыкка" Канназар Ыдырысов берген.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Абсаттар Табакалов Канназаровдун билдирүүсү боюнча иш милицияда каттала электигин, бирок милиция ал жарандан арыз алуу үчүн байланышканын билдирди.

«Кечээги жыйында сүйлөгөн кишинин сөзү боюнча. Ал Ош шаардык милициясынын ыкчам тобунун кызматкерлери тарабынан чакырылган. Бүгүн "арыз жазганы келем" деп айткан экен. Келсе арызы алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат».

Кайрылуудан кийинки кысым

Ал эми Канназар Ыдырысов кайрылуудан кийин Өмүрзаковдор өзүнө кысым көрсөтүп жатканын, коопсуздугунан кооптонуп, үйүнө барбай жүргөнүн айтып жатат:

«Бир нече машине менен Улукбек Өмүрзаковдун балдары үйүмдү курчап алып турушат. Мен алардын анча-мынчасын таанып калгам. Коопсуздугума кыжаалат болуп турам. "Жапаровго арыздандың, Жапаров көп болсо эки ай туруп кетет. Олтурганда дагы ээрге кыйшык олтурду. Сени менен эки айдан кийин сүйлөшөбүз" деп айтып жатышат. Бул кысым эмей эмне? Бул кысымдан да жаман нерсе. Чакыруу кагазын да көрсөткөн жок. Булар документтери бар бандиттер да. Азыр ар жактан чалып жатышат. "Сен бекер сүйлөпсүң, сен башка жакка качып кет. Чет өлкөгө качып кет, акчаңды таап берели" деп».

Ыдырысов милиция менен байланышканын бышыктады, бирок арыз жазабы же жокпу так айткан жок.

“Реформа” партиясынын мүчөсү, жарандык активист Рита Карасартова: “Президентке маселени чечип берчи деп суранган адам, эми кысымга алынып атат. Ысымдарын так атады, дагы эмне керек президентке?" деп жазган “Фейсбук” баракчасына.

Чатактын башы — көмүр кен

Ыдырысов менен Өмүрзаковдордун талашы "Жол Чырак жана Ко" жоопкерчилиги чектелген коому казган көмүр кенине барып такалат. Канназар Ыдырысов ушул себептүү Садыр Жапаровго кайрылуусунда көмүр кени, күзөт агенттиги жөнүндө айтканын билдирди.

Садыр Жапаровдун арызданган адамдын ишин кайра жергиликтүү бийликке тапшырып койгону талкуу жараткан.

Саясий талдоочу Мирбек Маматкасым бул маселени жергиликтүү бийлик чече албастыгын айтып, Жапаров ошол замат тапшырманы дароо УКМКга бериши керек эле дейт:

«Ички иштер министринин орун басарынын үстүнөн арызданып жаткан учурда Садыр Жапаровдун жанында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да бар болчу. Дароо ошого дайындаш керек эле. Бир ведомствонун башчысынын үстүнөн арыз болуп жаткандан кийин аны тергей ала турган министрликке дайындашы керек да. Ал жергиликтүү бийликтин иши эмес да. Азыр эми Садыр Жапаров министрликтердин функцияларын билбегендей болуп калды».

Канназар Ыдырысов "Жол-Чырак жана Ко" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири Манасбек Ыдырысовдун бир тууганы.

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндө жайгашкан "Жол Чырак" көмүр кенинин негиздөөчүлөрү январь айынан бери кенге ээ боло албай келгендерин айтып, 21-октябрда журналисттерге маалымат жыйын курушкан.

Алар Кутман Шермат уулу аттуу жаран, бир жыл ишеним каттын негизинде кенге жетекчи болуп, мөөнөтү бүткөндөн кийин да көмүр карьерин кайтарып бербей жатканын, Шермат уулун Өмүрзаковдор калкалап келгенин жарыялашкан.

Сүйүн жана Улукбек Өмүрзаковдор буга расмий комментарий бере элек.

Буга чейин Улукбек Өмүрзаков "Азаттыкка" оозеки түрдө аталган ишкана тууралуу өз дарегине айтылган дооматтарды четке каккан, өзүнө таандык деген "Мухаммед-Умар" күзөт агенттиги кенди иштеткен Кутман Шермат уулу менен расмий келишим түзүп, ошонун негизинде агенттиктин кызматкерлери ишкананы кайтарганын айткан.

"Жол Чырак жана Ко" жоопкерчилиги чектелген коому кенди казууга уруксатты 2008-жылы алып, 2011-жылдан тарта расмий иштеп баштаган. Анын негиздөөчүлөрү көмүрдү 2015-жылдан бери казып келгенин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG