Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Ош: погончондор акчанын айынан урушту


Ички иштер министрлигинин күзөт бөлүмүнүн Ош шаарындагы башкармалыгындагы взводдун командири Талант Маматалиев башкармалыктын бөлүм башчысы Марат Орозбаевдин токмогунан кийин ооруканада жатканын билдирди.

"Жетекчимден таяк жедим" деген командир Талант Маматалиев Эсеп палатасынан келген текшерүүчүлөр үчүн жыйналган акчанын айынан сабалганын айтууда.

"Мени эсепканага чакырышыптыр. Кирип барсам, "сенин иштериңде мыйзам бузуу бар экен, колуң турат" деди. Мен эсепчиден сурап, баарын тактаса болорун айттым. Жакында эле текшерүү келип кеткен. Марат Орозбаевдин буйругу менен өздүк курамдан акча чогулткам. "150 миң сомду бергем" дедим. Ошентип комиссияны карап сүйлөп жаткан учурда Марат Орозбаев чаап жиберди. Отурган жеримден аңтарылып түштүм. Өздүк курамдан канча акча жыйнаганыбызды айтуунун кереги жок. Эң башкысы ал мени урду. Себеби, көөп, кутуруп кетти. Мурда Ош облустук милициясын, Кара-Суу райондук милициясын, 7-бөлүмдү жетектеп жүргөн. Анын бетине чындыкты айтуудан баары коркот. Мыйзамсыз иштерге дайыма барат".

​Өз кол алдындагы кызматкери тарабынан айыпталып жаткан ИИМдин алдындагы күзөт бөлүмүнүн Оштогу башкармалыгынын бөлүм башчысы Марат Орозбаев буга чейин Ош шаардык жана Кара-Суу райондук милиция бөлүмдөрүн башкарган. Ал кол алдында иштеген Талант Маматалиев жыгылып, столду сүзүп алганын айтууда.

"Талант Маматалиев жалган көрсөтмө берип жатат. Мен аны урган эмесмин. Комиссия мүчөлөрү күбө. Алар баарын көрүп турган. Мен кантип эле ошолордун көзүнчө урайын? Өзү жыгылып алып жалаа жаап жатат. Ишиндеги кемчиликтерди жашырып, жоопкерчиликтен качуу максатында ушундай жалган көрсөтмөлөрдү берип жатат. Мага атырылган учурда жыгылып, столду сүзүп алган. Мурдагы жетекчилердин башын айлантып, үч рапортту бурмалаган экен. Ал чогултулган акча эмес. Анын баары жалган".

Марат Орозбаев сөз болуп жаткан жөлөк акча экенин, аны Талант Маматалиев жеп алып кылмышын жабуу үчүн кур дооматты ойлоп тапканын айтууда.

Бирок коомчулукта милицияда текшерүүчүлөргө акча чогултуу кадимки көрүнүш экенин айткандар да жок эмес. Ошто көп жылдан бери жактоочулук кесипти аркалап келаткан Айсалкын Карабаева мындай деди:

"Комиссиялар үчүн акча топтоо мыйзамсыз. Бирок топтобой койгонго да арга жок. Комиссия тынбай келет. Алардын тамагы, мейманканасы, жолкиреси бар. Ошонун бүт эле мекемелердин мойнуна түшөт го. Бир эле милиция эмес, бардык мекемеде ушул көрүнүш. Адатта мындай иштер жетекчинин буйругу менен болот. Жетекчи буйрук бербесе жамааттан акча жыйноого ким батынат. Ал батынган чакта деле ага ким берип коймок эле?".

​Ал эми Ош шаардык милициясынын башчысы Мурат Боронов Талант Маматалиевдин арызы катталганын, ал боюнча тергөө иштери башталганын билдирди.

"Бул иш күзөт бөлүмүндө болгон. Күзөт бөлүмү шаардык милицияга баш ийбейт. Анткени алар өзүнчө башкармалык. Бирок кечээ бизге арыз түшүп, кабыл алынган. Азыр иликтөө жүрүп жатат".

Мурдараак ушул эле Марат Орозбаев ички иштер министринин азыркы орун басары Сүйүн Өмүрзаков менен Оштогу кафелердин биринде мушташкан деген кептер тарап, эки жетекчи тең имиштерди төгүндөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG