Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Жанын кыйган жигиттин атасы милицияны айыптады


Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын тургуну Нурлан Асанбеков 18 жаштагы баласынын өз жанын кыйышына милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбековго социалдык тармактар аркылуу жолдогон кайрылуусунда мал уурулукка шектелип кармалган баласын райондук бөлүмдө үч милиция кыйноого алганын айткан. Райондук милиция бул дооматтарды четке какты. Бул факт боюнча кылмыш иши козголо элек.

Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын 18 жаштагы тургуну Эрмек Касымов 22-октябрда айылдагы даракка асынып алган. Мунун алдында милиция кызматкерлери аны катуу кыйноого алганын атасына айткан экен. Маркумдун атасы Нурлан Асанбеков окуя тууралуу буларды айтып берди:

- 15-октябрда Ак-Суу райондук милициясынын балдары баламды саат алтыда айылдагы үч бала менен кошо үйдүн жанынан салып кетишкен. Ата-энелер барганда балдарыбызды саат 11де чыгарып беришти. Ошону менен үйгө алып келдик. Андан кийин 19-октябрь күнү балам көчөдөн кетип бараткан жеринен салып кетишиптир. Алар: Ак-Суу ички иштер бөлүмүнүн Айбек, Адилет жана Кубан аттуу милиция кызматкерлери.

Нурлан Асанбеков.
Нурлан Асанбеков.

Ал күнү баланы милиция кызматкерлери атасына түн ортосунда чыгарып беришип, эртең менен кайра алып кетишип, түштө чыгарышкан. Баласынын айткандарына шилтеме берген атасынын билдирүүсү боюнча, Эрмек шектүү катары кармалган күндөн баштап милиция аны күн сайын кыйноого алган:

- 20-октябрда кыйноого алышкан экен. Башына баштык кийгизип, колуна кишен салып, бөтөлкө менен соккулаптыр. 22-октябрда баламды алып эртең мененки саат 9да кайра бардым. Ал күнү да аябай катуу сабашкан экен. Анан күндүзгү саат 12де чыгарып берди. Балам кыйноого алынганы тууралуу жолдо келатканда айтып берди. “Бүгүн башыма пакет кийгизип аябай катуу кыйнашты, эки өлүп, эки тирилдим. Желим бөтөлкөгө суу куюп алып, колума наручник тагып аябай сабашты” деди.

Нурлан Асанбеков баласы үйгө келгенден кийинки окуяны мындайча сүрөттөдү:

- Нан да жеген жок, бир чыны чайды уурттап алып эле чыгып кетти. Атын минип кеткен экен. Милиция Адилет, Айбек жана Кубан жолдон баланы тосуп алышып, дагы кыйнашкан экен. Көп суммада акча сурашкан окшойт. Өзүнүн барсеткасы бар болчу, анда 50 миң сомдой акчасы бар эле. Кийин апасы текшерсе ал акча табылбай калды. Акчасын милицияга берген экен. Чоң сумма акчаны сураган үчүн балам талаадагы талга асынып алыптыр.

Эрмекти милиция кызматкерлери Бөрү-Баш айылында жоголгон үч койду уурдаган деген шек менен кармашкан. Милициянын маалыматы боюнча, бала койду уурдап, сатып, сүйлөшкөн кызына телефон алып берген.

Асанбеков баласы өлөөр алдында сүйлөшкөн кызына смс-кат жөнөтүп, телефонду ак эмгегине тапкан акчага алып бергенин, милиция жалаа жаап жатканын жазып кеткенин айтты.

Маркумдун атасы баласын өлүмгө жеткирген милиция кызматкерлерин мыйзам чегинде жазалоону талап кылууда. Муну президентке жолдогон кайрылуусунда да айткан.

Милиция маркумдун атасы койгон дооматтарды четке кагууда. Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Эрмек кылмышты мойнуна алганы тууралуу түшүнүк кат жазып бергенин, милицияга бир күн гана чакырылганын, денесинде кыйноонун белгилери болбогонун айтты:

- Шектүү катары баланы алып келишкен. Бул 19-октябрда болгон окуя. “22-октябрда сабады” деп жатпайбы. Бала айыпты мойнуна алган көрсөтмө берген, “акча керек болуп, уурдап, саткам. Сүйлөшкөн кызыма чөнтөк телефон алып бергем” деп жазган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

“Вентус” коомдук уюмунун укук коргоочусу Камил Рузиев милициядагы кыйноо көрүнүшү тыйылбай келатканын айтты:

Камил Рузиев
Камил Рузиев

- Бул - мыйзамды, адам укугун одоно бузуу. Сүйрөп барып, кыйнап эле кылмышты мойнуна илүү туура эмес. Кыйноо боюнча бир да иш сотко өтө элек. Бул өкүнүчтүү. Ал эми арыздар көп. Акыйкатчыга да, Кыйноону алдын алуу борборуна да арыз жазып эле атышат, бирок иштер козголбой келатат. Соттон акталып кетишүүдө. Эгер мындайлар кылмыш жообуна тартылбаса, ушундай окуялар улана берет.

Учурда бул ишти Ички иштер министрлигинен келген атайын комиссия иликтеп жатат. Облустук прокуратура да текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Азырынча милиция да, прокуратура да кылмыш ишин козгой элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG