Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Галина Байтерек: Садыр Жапаровдун израилдик тыңчыны жалдоого байланыштуу документтерге тиешеси жок


Галина Байтерек, президенттин басма сөз катчысы.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Foreignlobby.com» басылмасы жазып чыккан маалыматка премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Байтерек Кыргызстандын кызыкчылыгын сүрөөнгө алуу тууралуу келишимге кол коюу болбогонун «Азаттыкка» айтып:

«Биздин мыйзамдарга ылайык мамлекет жеке тараптардын өз ара келишимдерин көзөмөлдөбөйт. Андыктан мамлекет башчы бул сыяктуу келишимге кол коюшу мүмкүн эмес. Ага кол койгондор Садыр Жапаровдун атына жамынышы мүмкүн. Башкача айтканда президенттин милдетин аткаруучунун бул документке эч кандай тиешеси жок», - деди.

Ошондой эле Галина Байтерек бул сыяктуу маалыматтар алдыдагы президенттик шайлоону утурлай кайсы бир тарапты каралоо максатында атайын чыгарылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери жана ал негиздеген фирма Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алары тууралуу «Foreignlobby.com» басылмасы жазып чыкты.

«Фирма президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруунун милдетин алууда» деп жазган басылма.

«Бийликке эки жума мурда эле кайдан-жайдан келгени белгисиздей сезилген, Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экономикалык кризистин айынан эл аралык жардам алуу максатында өз кызыкчылыктарын сүрөш үчүн бир миллион долларлык келишимге кол койду. Садыр Жапаровдун өкмөтү 30-октябрда Израилдин мурдагы аскер чалгынчысы Ари Бен-Менаш менен макулдашты. Ага ылайык Бен-Менаштын Монреалда иш алып барган «Dickens&Madson Canada» компаниясы Кыргызстандагы бийликти АКШ менен Жакынкы Чыгышта сүрөөнгө алып, бул аймактардын чечим чыгаруучу мамлекеттик кызматкерлери менен тез арада экономикалык кызматташтык, коопcуздук, COVID-19 менен күрөшүүдө жардам алуу боюнча келишимдерге жетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүн шарттоо, алар менен жолугушууларды уюштуруп берүүнү жана кызыкчылыктарын сүрөөнү ишке ашырмакчы. Бул үчүн иш акысы бир миллион долларга бааланып, кыргыз тарап 500 миң долларын төлөгөнү документтерде тастыкталды», деп айтылат макалада.

Кыргыз өкмөтүнүн атынан бул келишимге Бишкекте катталган «Ренессанс» агрардык-өндүрүш корпорациясынын ээси Абдыманап Карчыгаев кол койгон.

Абдыманап Карчыгаевдин уулу, аталган корпорациянын жетекчиси Алтынбек Карчыгаев «Азаттыкка» мындай келишимге кол коюлганын ырастап, «анын максаты негизинен тышкы карызды жоюуга байланыштуу болчу, бирок майда-чүйдөсүн атам билет» деген комментарий берди.

Абдыманап Карчыгаевдин Кыргызстанда, Орусияда катталган бир нече жеке фирмалары бар.

4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык күчөп, өлкөдө бийлик алмашкан. Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун датасы аныктала элек. Жаңы бийлик ага мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа өткөргөндөн кийин киришерин айтууда.

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өткөн аптада өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып жаңы кадрларды даярдоодо кемчиликтер бар экенин белгилеп, алардын баары бир нече айдан кийин кайра сынак аркылуу кабыл алынарын айткан.

Жапаров 6-октябрдагы окуялардан кийин өлкө мыйзам нугуна кайра кайтканын айтып келет. Бирок Орусия, Европа Биримдиги баштаган эл аралык институттар Кыргызстанга берилип жаткан насыяларды жана донордук жардамды убактылуу токтоткон. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиядан жана Казакстандан каржылык жардам сурап атайын иш сапары менен барып келген. (BCh/ErN)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG