Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Камчыбек Көлбаев №47 абакка которулду


Камчыбек Көлбаевди кармоо учуру, Бишкек
Камчыбек Көлбаевди кармоо учуру, Бишкек

УКМКнын басма сөз кызматы сотко чейинки териштирүү үчүн убактылуу камалган Камчыбек Асанбек (Камчыбек Көлбаев) ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулганын кабарлады. УКМК тараткан маалыматында коррупцияга жана кылмыштуу топторго каршы күрөш, алардын бетин ачуу боюнча күрөш мыйзам чегинде катуу жүрүп жатканын белгилеп, УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин билдирүүсүн төгүндөдү. "К. Дүйшөбаевдин "ыкчам маалыматы" бышыкталган жок" деп жазылган маалыматта.

Коопсуздук кеңешинин жана УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев 27-октябрдагы басма сөз жыйынында коррупционер катары коомчулукта таанылган Райымбек Матраимов менен кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчы Көлбаевдин кармалышын шоу деп атап, Көлбаевди жакынкы күндөрү сот бошоторун билдирген.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев (Камчы Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 23-октябрдагы чечими менен ал тергөө бүткүчө камакка алынып, УКМКнын убактылуу абак жайында эле. Көлбаевдин адвокаты сотко апелляциялык арыз берип, аны кайра кайтарып алган.

46 жаштагы Камчыбек Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

Ал 2008-жылы Москвада «мыйзамдагы ууру» макамын алып, «таажы кийгени», буга бир катар кримтөбөлдөр күбө болгону тууралуу да маалымат тараган.

Көлбаев которулган №47 колонияга өткөн аптада мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да которулган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчыбек Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG