Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:43

АКШдагы шайлоонун Кыргызстанга таасири


АКШнын желеги Кыргызстанда. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын желеги Кыргызстанда. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШдагы шайлоонун жүрүшү жана жыйынтыктары Кыргызстанда да бир топ адамдардын кызыгуусун жаратты.

Бул саясий жарыштан Жо Байден утуп чыкса Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга саясат кандай нукта өнүгүшү мүмкүн? Дональд Трамп ордунда калса кандай болот?

Беш жыл мурда расмий Бишкек Вашингтон менен кызматташтык келишимин бир тараптуу үзүп салган эле.

Жаңы шайлоонун шаңы

Кошмо Штаттардагы шайлоонун баштапкы жыйынтыктары чыккандан кийин анын айланасындагы маселелерди 4-ноябрда кыргызстандык жана америкалык адистер «Zoom» платформасы аркылуу онлайн талкуулады. Ага АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу да катышып, Америкадагы шайлоону Кыргызстан менен байланыштыра кетти:

Дональд Лу.
Дональд Лу.

«Кыргызстанда да президенттик шайлоого даярдык жүрүп жатканын жакшы билем. Легитимдүү жана демократиялык шайлоолордун бар экендиги - америкалык жана кыргыз элин бириктирген нерселердин бири. 10-январга белгиленген президенттик шайлоого байланыштуу биз Кыргызстанга ийгилик каалайбыз. Мен өзүмдүн кыргыз тили боюнча мугалимиме «пандемия маалында январда шайлоо өткөрүү суук жана өтө оор экенин» айтсам, ал «эч нерсе эмес, биз кыргыздар кыйын элбиз» деди. Биз, америкалыктар да кыйын элбиз. Бул шайлоодо биз саясий жактан бөлүнүп калдык. Бирок мен жакын арада биздин лидерлерибиздин айланасына биригебиз жана пандемиянын, расалык чыңалуунун алдында лидерлик сапатыбызды көрсөтөбүз деп ишенем. Кыргызстан да жакынкы айларда «Борбор Азиядагы эң демократиялык өлкө экенин» көрсөтө алат деп ойлойм».

3-ноябрдагы АКШда өткөн президенттик шайлоодо негизги атаандаштар - Республикалык партиядан президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышты. Алгачкы эсептерде Байден ат чабым алдыда келатса, кийин алардын мүмкүнчүлүктөрү теңеле түштү.

Кыргыз коомчулугунда Трамптын да, Байдендин да жеңишин жактагандар болуп жатты. Ошентсе да Байден утат деп ишенгендер арбыныраак болду.

Бул жагынан алганда дароо эле эгер АКШнын башына Жо Байден келсе, бул өлкөнүн саясаты дүйнөгө кандай болот деген суроолор кызыгуу жаратып жатат. Анын ичинде Американын Борбор Азияга, Кыргызстанга карата мындан аркы мамилеси көп сөз болду.

Кадыр Токтогулов.
Кадыр Токтогулов.

Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов онлайн талкууда буларга токтолду:

«Мен АКШнын Борбор Азияга жана Кыргызстанга карата саясатын жалпы жонунан жетиштүү деңгээлде туруктуу деп айтат элем. Администрациялардын алмашуусу менен ал өзгөрөт деп ойлобойм. Бирок эгер демократиялык партиядан Жо Байден утуп калса, балким демократияга, сөз эркиндигине жана адам укуктарына көбүрөөк көңүл бурушу мүмкүн. Байден келсе, Борбор Азияда ушул маселелер мурдагыга караганда приоритеттүү болуп калышы ыктымал. Трамптын тушунда экономикалык карым-катыш жана коопсуздук маселесине арбыныраак көңүл бурулганы белгилүү».

Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташтыгында акыркы жылдары солгундоо байкалганы маалым.

2015-жылдын 21-июлунда, ошол учурдагы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин тушунда эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимди кыргыз өкмөтү бир тараптуу денонсациялаган. 2019-жылы бешинчи президент Сооронбай Жээнбеков жаңы келишим даярдалып жатканын кабарлаган. Бирок ага кол коюлган эмес.

Башкача айтканда, азыр америка-кыргыз карым-катнашы арабөк абалда турат десе болот. Саясат талдоочу Эмилбек Жороев минтип ой бөлүштү:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«АКШнын Евразия чөлкөмүндөгү, Борбор Азиядагы мындан аркы кадамдары бизге эң эле кызыктуу. Бул жерде Американын саясаты ошол Орусия жана Кытайга же башка мамлекеттерге карата саясатынын алкагында эле болот. Башка саясатын токтотуп коюп, Кыргызстанга өзүнчө бир саясат жүргүзүшү кыйын. Кыргызстандын өзү боюнча айтсак, буга чейин өзгөчө бир кескин өзгөрүү болду десек деле болот. Американын тышкы саясатында бийлик алмашканына карабай ырааттуулук табияты байкалып келет. Ошону менен бирге бизде Америка менен болгон виза жана башка маселелери бар. Байден буга чейин тышкы саясат боюнча көз карашын айтып, «мусулман өлкөлөрүнө Трамп койгон чектөөлөрдү алып салам» деп так айткан. Ошондуктан ал келсе бул жагынан өзгөрүү болушу ыктымал. Дагы башкасы - 2015-жылы жокко чыгарылган эки тараптуу келишимдерди кабыл алууга жигердүү аракеттер жасалат деп ойлойм».

«Мамилени чыңдоо өзүбүздөн да көз каранды»

Албетте, АКШ менен ымаланы кайрадан жөнгө салуу Кыргызстандын өзүнүн жаңы бийлигинен да көз каранды экендигин белгилегендер бар. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ал шайлоодон утуп чыкса эл аралык саясат жакшыртыларына убада берип келет. Ал президенттик шайлоого катышарын билдирген.

Ошол эле мезгилде АКШда бийлик алмашса, башкача айтканда Жо Байден утуп чыкса, анын Орусияга карата саясаты катаалыраак болот деп боолголонуп жатат.

Тагыраагы бир катар адистердин баамында Вашингтон Москвага каршы санкцияларды дагы күчөтүшү мүмкүн. Ал Орусиянын экономикасына сокку урат, натыйжада бул мамлекеттин улуттук валютасы да кунун жоготушу ыктымал. Бул кайра эле рублди ээрчиген кыргыз сомуна, орус экономикасы менен тыгыз байланышкан кыргыз экономикасына коркунуч келтирет.

Саясатчы Равшан Жээнбеков кепке кошулду.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

«Дональд Трамп кайра ордунда калса, баары ошол бойдон калат деңизчи. Эгер Жо Байден келсе, Орусияга басым күчөйт. Тышкы саясаттагы изоляция, санкциялар күчөтүлөт. Орусияга салынган стратегиялык санкция сөзсүз түрдө бизге да тийет. Экинчиси, Трамп киргизген визалык чектөөлөр боюнча жакшыруу процесси кетет деп ойлойм. Себеби, Трамп бул жагынан аябай радикалдуу мамиледе болду, Байден болсо демократ катары Кыргызстанга, Борбор Азияга карата АКШнын мамилесин дурус жагына өзгөртүшү күтүлөт. Чоң өзгөрүү болот деп айта албайм. Анткени мамлекетте күчтүү системалык каршылыктар бар, баланстар бар. Бирок ошентсе да виза жана коопсуздук маселелеринде өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Ал эми жалпы эки тараптуу мамилени алсак, биздин өзүбүздүн саясатка да байланыштуу. Биз Орусиянын таасиринде болгондон кийин, биз өзүбүз иштешибиз керек. Бирок Москванын айынан чоң мамилелерди түзө албайбыз», - деди Равшан Жээнбеков.

Ооба, виза маселеси кыргызстандыктар үчүн талуу тема. Быйыл 31-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарынын иммиграциялык жана грин-карта менен виза алышына чектөө киргизген. Мунун себебин Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт бербегени менен түшүндүргөн.

АКШ менен Кыргызстандын желектери.
АКШ менен Кыргызстандын желектери.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кыргыз жарандарына виза берүү маселеси АКШдагы президенттик шайлоодон кийин караларын айтты. Бирок маселе Кыргызстандын өзүндөгү процесстерден көз каранды экендигин эске салды:

«Белгилүү болгондой, иммиграциялык виза алуу маселеси Кыргызстандагы биометрикалык паспорттордун коопсуз болбогонуна байланыштуу. Бактыга жараша, Кыргызстан мындай паспортторду берүүгө даяр. Америкадагы шайлоодо ким жеңгенине карабастан, биздин өкмөт чектөөнү алып салуу маселесин чечет».

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG