Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 15:17

АКШ: Эки талапкердин элине берген убадасы


АКШнын президенттигине талапкерлер - республикачы Дональд Трамп жана демократ Жо Байден. 2020-жыл.

Тарых көрсөткөндөй, АКШда Ак үйгө кайсы гана президент келбесин, үгүт өнөктүгү маалында элге берген кабат-кабат убадаларын, өзгөчө аша чаап айтып ийгендерин ишке ашыруу өтө кыйын. Анткени, Капитолий дөңсөөсүндө отургандар менен мунаса табуу оңой эмес. Андан башка дагы факторлор көп.

3-ноябрда өтө турган шайлоодо ат салышып жаткан азыркы президент Дональд Трамп менен мурдагы вице-президент Жо Байден америкалыктарга эмне убада беришти?

Саламаттык сактоо

Трамп 2010-жылы ошол кездеги президент Барак Обаманын тушунда кабыл алынган саламаттык сактоо системасын реформалоо жана медициналык камсыздоо жөнүндө мыйзамды такай сындап, аны жокко чыгарууга аракеттенген. Ал мыйзам майнапсыз жана жөнү жок кымбат экенин жүйө келтирген. Трамптын администрациясы аны жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган.

Трамп америкалыктарга саламаттык сактоо тармагынын Обаманыкына аттандаш планын сунуш кыларын айткан. Жаңы планда каралгандай, дарты аныкталган америкалыктар медициналык жактан камсыздалууга тийиш.

Байден Обаманын мыйзамын колдоо иретинде алдыдагы 10 жылда 750 миллиард доллар бөлүүнү сунуш кылган. Бул каражатты байларга салыкты көбөйтүү аркылуу табарын билдирген.

Ал милдеттүү медициналык камсыздоо укугуна ээ америкалыктардын курагын 65 жаштан 60ка түшүрүүнү туура көрөт. Аны менен катар менчик медициналык камсыздоону толугу менен жоюуну колдойт.

Билим берүү

Трамп жогорку билим берүүдөгү көйгөйлөрдүн ичинен АКШнын Баш мыйзамынын биринчи толуктоосунда кепилдик берилген өз оюн эркин билдирүү укугун коргоого артыкчылык берүүнү белгилейт. Трамптын администрациясы COVID-19дан улам 2020-жылдын аягына чейин студенттердин окууга төлөгөн карызына жана ага үстөк кошууга мораторий жарыялаган.

Байден жылдык кирешеси 125 миң доллардан аз үй-бүлөлөргө мамлекеттик коллеждер менен университеттерде окууну бекер кылууга убада берип жатат. Анын жылына 250 миң доллардан аз тапкандардын окууга карызын кечүү планы бар.

Экономика

Трамп коронавирус пандемиясынан кийин экономиканы кайра калыбына келтирүүдө бардык чектөөлөрдү мүмкүн болушунча тезинен алып салууга даяр.

Байден ар бир штатта жүргүзүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыгына карап, акырындык менен ачууну туура көрөт.

Салык жана эң аз эмгек акы

Трамп 2017-жылдагы салыкты төмөндөтүү экономикалык өсүүгө эң сонун өбөлгө түзгөн деп эсептейт. Ошондой эле эмгек акыдан алынган салыкты азайтуу менен көпчүлүк америкалыктардын маянасын көтөрүүнү жактайт. Анын администрациясы экономика калыбына келүү стадиясында тургандыктан, салыкты көтөрүү саясатына каршы.

Байдендин көз карашында, 2017-жылы салыкты азайтуу бай америкалыктар менен корпорацияларга эбегейсиз артыкчылык берген. Ал мындай чаралардын айрымдарын жокко чыгара турганын айткан. Эң көп киреше тапкандарга салыкты 39,6%, ал эми корпорацияларга 28% көтөрүү тууралуу ниетин билдирген. Эң аз эмгек акыны саатына 7,25 доллардан 15 долларга чыгарууну колдойт.

АКШнын тышкы саясаты

Кытай

Трамп Кытайга карата саясатын биринчи президенттик мөөнөтүндө бир нече жолу өзгөрттү. Инаугурациядан көп өтпөй Кытай лидери Си Цзинпинь менен саммит өткөргөн, андан соң эки ири держава ортосунда соода согушу тутанды. Трамп коронавирус пандемиясы үчүн Бээжинди күнөөлөп, өз убагында эл аралык коомчулукка туура маалымат бербегени үчүн Бээжинди айыптаган. Ал ошондой эле "TikTok" жана "Wechat" тиркемелерине АКШнын аймагында тыюу салууга чакырган. Трамп ошондой эле кытайлык жогорку технологиялык компанияларга санкцияларды киргизген.

Байден Кытайдын соода-сатык тажрыйбаларын жана тоталитардык өлкөдөгү адам укуктары жаатындагы кырдаалды сындап келет. Вашинтондун азыркы Кытайга карата саясатын “башаламан” деп баалап, Бээжин менен болгон тарифтик согуштун кесепети америкалык дыйкандарга тийип жатканын айткан. Ал ошондой эле АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сыяктуу эл аралык уюмдардагы жетекчилик ролунан баш тартканда Кытай эле утарын белгилейт. Байден АКШнын өнөктөштөрү менен тыгыз мамиледе болуп, Кытайга ар тараптуу басым жасоону убада кылып келет.

​ Орусия

Трамп жалпысынан Орусия менен алакаларды жакшыртууну көздөйт. Ошол эле маалда анын администрациясы Орусияга катаал чараларды киргизгенин айтып келет. Мисал катары ал бир нече ирет Москвага санкция салынганын жана Украинага аскердик жардамды кенейткенин билдирген. Трамп 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча фактыларды жокко чыгарып, Мюллердин иликтөөсүнүн "саясий мүдөөсү болгон жана ага демократтар шыкак берген" деп эсептейт. Ошону менен катар Трамптын администрациясы 2016-жылдагы шайлоого кийлигишкен деп таанылган орусиялык чалгын кызматтарынын активдерине жана орусиялык саясатчыларга санкция киргизген.

Байдендин эсебинде, Орусия “батыш демократиясынын негиздерине чабуул жасап”, НАТОну алсыздандырууга, Евробиримдикти бөлүп-жарууга жана АКШнын шайлоо системасын бузууга аракеттенип келет. Ал ошондой эле Орусия батыш каржы инситуттарын миллиарддаган арам акчаны адалдаштыруу үчүн колдонуп жүргөнүн да айтат. Байден Москва бул акчаны саясатчыларга таасир этүү үчүн колдонот деп ойлойт.

Мурдагы вице-президент Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишүүсү боюнча америкалык чалгын кызматтарынын бүтүмүн тааныган. Байден эгер Кытай, Орусия жана башка мамлекеттер 2020-жылдагы шайлоого кийлигишүүгө аракет кылышса, анын кесепети оор болоорун эскерткен.

НАТО

Трамп НАТОго мүчө мамлекеттерди коргоонууга бөлүнчү каражатты көбөйтүүгө чакырып келет.

Байден АКШ дүйнөдөгү моралдык жана экономикалык лидерлик позициясын кайра калыбына келтириши зарыл деген пикирде. Экс-вице-президент “НАТОнун аскердик потенциалын жогорку деңгээлде сактоого жана жаңы коркунучтарга каршы туруу үчүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө” чакырат.

Ооганстандагы америкалык аскерлер

Трамп Ооганстандан аскерлерди толук чыгарып кетип, ооган согушун аяктоону жактайт. Быйыл февралда Трамптын администрациясы америкалык күчтөрдү ооган жергесинен баскыч-баскычы менен чыгарып кетүүнү “Талибан” кыймылы менен макулдашкан. Бирок ал талибдер өздөрүнө алган милдеттемени канчалык так аткарышынан көз каранды.

Байден америкалык аскерлердин басымдуу бөлүгүн мекенине кайтарып келүүнү айтып жүрөт. Ошол эле маалда "Ал-Каида" жана “Ислам мамлекети” террордук топтору менен күрөштү улантуу үчүн чакан контингентти ооган жергесинде кармоону көздөйт.

Жакынкы Чыгыш

Трамп Изралди, Сауд Арабиясын жана Египетти колдоп келет. Ал Иран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимди бузуп, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды жандантты. Бул аймактагы “бүтпөгөн согуштарга” чекит коюуну жана ал жактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнү убада кылат. Эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабастан, АКШнын элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчүрдү. Ошондой эле Израил менен Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн ортосундагы дипломатиялык алакалардын жанданышына көмөктөштү. Трамп бул үч мамлекеттин лидерлери 2020-жылдын август айында кол койгон келишимди өз администрациясынын "эң башкы жетишкендиги" деп эсептеп, аны "тарыхый" деп баалаган.

Байден вице-президент жана сенатор кезиндеги Ирак, Израил, Сирия жана Иран жана башка мамлекеттер менен кызматташуудагы өз тажрыйбасына таянып, АКШнын аймактагы саясатынын стратегиясын түзүүнү көздөйт. Байден буга чейин АКШнын Израилдеги элчилигин көчүрүүнүн кажети жок экенин билдирип, бирок эми Трамптын администрациясынын чечимин артка кайтарбай турганын айтты. Байден ошондой эле Иордан дарыясынын Батыш жээгин жөөттөрдүн аннексиялашына каршы экенин билдирген.

Эл аралык уюмдар жана жардам

Трамптын пикиринде, белгилүү бир эл аралык милдеттенмелер АКШнын мамлекеттик бюджетинин жонун жукартат жана америкалык кызыкчылыктарга каршы келет. Ал эл аралык жардамдын кыскарышын жактайт.

Байден Кошмо Штаттар өнөктөштөрү менен жакын алакада болуу менен жаңы коркунучтарга каршы тура алат деген ишенимде. ​

Энергетика жана климат

Трамп өндүрүшү күчтүү бардык мамлекеттерден абага бөлүнгөн булганыч заттардын көлөмүн азайтууга бирдей салым кошууну талап кылып келет. Ал ошондой эле мунайдын, көмүрдүн жана табигый газдын өндүрүшүн кеңейтүүнү жактайт жана андан мурунку президенттер киргизген экологиялык нормалардан баш тартууну туура көрөт.

Байден “климаттын өзгөрүшү биздин коопсуздуктун эң чоң коркунучу” деп атаган. Абага уулуу заттардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча федералдык планды жактайт жана жаңы технологиялар менен инфрастуктурага инвестиция салууну көздөйт.

Иммиграция

Трамп мыйзамсыз жана мыйзамдуу иммиграциянын кыскарышын жактайт. Анын администрациясы баш паанек берүү, депортация жана виза берүүнү тескеген саясатты өзгөртүү боюнча бир катар чараларды кабыл алды. Трамптын администрациясы 2020-жылы качкындарды кабыл алуу квотасын 180 миң кишиге чейин азайтты. Бул АКШда качкындар боюнча программа негизделгенден берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Байден Ак үйдүн мигранттарга жана качкындарга болгон азыркы мамилесин сындап жүрөт. Ал качкындарды кабыл алуу квотасын алгач 125 миңге чейин көбөйтүп, кийин бул санды дагы көтөрсө болорун айтып келет.​

Макаланы жазууда АКШ президенти Дональд Трамптын жана мурдагы вице-президент Жо Байдендин расмий сайтындагы материалдар, АКШнын Республикалык жана Демократиялык партияларынын платформаларындагы макалалар, талапкерлердин үгүт өнөктүгү маалында жасаган билдирүүлөрү жана "Reuters", "Associated Press", "Council for Foreign Relations", "Wall Street Journal" жана башка булактардагы материалдар колдонулду.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG