Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Трамп Жогорку соттун мүчөлүгүнө аялды көрсөтөт


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Жогорку соттун судьясы кызматына талапкер көрсөтүү үчүн төрт-беш адамга токтолгонун билдирди.

Ал ушул апта аягында алардын арасынан бирөөнү тандап, атын жарыялай турган болду.

Жогорку соттун судьясы, 87 жаштагы Рут Бейдер Гинзбург оорудан улам 18-сентябрда каза болгон. Анын орду шайлоого саналуу жума калганда бошогондуктан республикачылар менен демократтар ортосунда кайым айтыш күчөп, шайлоо өнөктүгүнө таасир этчү жагдайга айланды.

Дональд Трамп Жогорку соттун судьялыгына аял талапкер көрсөтө турганын айткан жана анын атын 25-26-сентябрь күндөрү жарыялоого убада берген:

"Мен аял талапкер болот деп ойлойм. Ооба, мен ушинтип айта алам. Эгер кимдир бирөө азыр менден сурай турган болсо, мен аял биринчи орунда деп айта алам. Аял талапкер тандоо орундуу".


АКШ мыйзамдарына ылайык, Трамп көрсөткөн талапкер бул орунга бекиши үчүн Сенаттагы көпчүлүк аны колдошу керек. Ушул тушта Сенатта 53 республикачы жана 47 демократ отурат.

Демократтардын атынан президенттикке талапкер Жо Байден Трамптын судьяны чукул арада шайлоо планын сындап чыкты жана муну "кызмат абалынан аша чапкандык" катары баалады.

Байден 20-сентябрда Филадельфияда жасаган телекайрылуусунда республикачыларды судьяны бекитүүнү президенттик шайлоодон кийинкиге калтырууга чакырды:

"Эгерде шайлоодо Трамп жеңе турган болсо, анда Сенат ал көрсөткөн талапкерди карап, талдаганы акыйкаттуу болот. Эгер шайлоодо мен жеңсем, Трамп көрсөткөн адамдын талапкерлиги кайра кайтарылат".

Жогорку соттун судьясы бул кызматка көзү өткөнчө шайланат жана бойдон алдыруу, миграция, жарандык укук, курал алып жүрүү өңдүү бир катар маанилүү маселелер боюнча чечим чыгарат.

Рут Бейдер Гинзбург Жогорку соттун судьялыгына 1993-жылы ошол кездеги президент Билл Клинтондун тушунда дайындалган.
Рут Бейдер Гинзбург Жогорку соттун судьялыгына 1993-жылы ошол кездеги президент Билл Клинтондун тушунда дайындалган.

Жогорку соттун судьясы Рут Бейдер Гинзбург каза болуп, анын орду бошогондон бери АКШдагы шайлоо өнөктүгүнүн багыты өзгөрдү. Буга чейин анда Трамптын коронавируска каршы күрөшү, пандемиянын экономикага тийгизген кесепети, калайман башаламандык сыяктуу темаларга басым жасалып жаткан.

Азыр демократтардын республикачыларга жолтоо болуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Бирок алар эки анжы болуп турган республикачы сенаторлор колдойт деп үмүт артып турушат. Трамптын планын ойрон кылуу үчүн бери дегенде алар төрт республикачы сенаторду ынандырышы керек.

Буга чейин республикачы сенаторлор Лиза Мурковски менен Сьюзан Коллинз Жогорку соттун судьясы президенттик шайлоодон кийин дайындалышы керектигин айтып чыгышкан.

Сенаттагы республикачылардын лидери башчы Митч Макконнелл Жогорку соттун судьясы Гинзбург көз жумгандан кийин көп өтпай эле анын ордуна Трамп көрсөткөн талапкерди карашарын айтып чыккан. Сот иштери боюнча комитеттин башчысы, республикачы Линдси Грэм дагы аны колдогон.

Адатта Жогорку соттун судьялыгына талапкер көрсөтүүгө бери дегенде 70 күн керек. Бирок добуш берүүгө 45 эле күн калганын эске алганда, Сенат кайсы бир жол-жоболорду өтө тездик менен өткөрмөкчү.


Демократтар ушул тушта Макконнеллди айыпташууда. Анткени ал 2016-жылы ошол кездеги президент Барак Обама Жогорку соттун судьясы кызматына талапкер көрсөткөндө республикчылардын лидери ага каршы чыгып, Сенатта бир жыл бою караттырбай койгон. Макконнелл анда бул аракетин президенттик шайлоонун жакындап калганы жана судьяга талапкерди жаңы президент көрсөтүшү керектиги менен негиздеген.

Азыр болсо Макконеннелл демократтардын сынына "жагдай башкача" деп жооп берип жатат. Анын жүйөсүндө, Ак үй дагы, Сенат дагы бир партиянын көзөмөлүндө болгондуктан азыр судьяга талапкер көрсөтө берсе болот. Трамптын төрт жылдык мөөнөтүндө Жогорку соттун эки судьясы шайланды.

Маркум Рут Бейдер Гинзбург өзүнүн либералдык көз караштары, аялдардын укугунун коргоп келгени менен кыйла таанымал болчу. Анын талапкерлигин 1993-жылы ошол кездеги президент Билл Клинтон көрсөткөн жана Жогорку соттун тарыхындагы экинчи судья аял болуп калган. Ал каза болгондо аны урматтап-сыйлаган түмөн адам Жогорку соттун имаратынын алдына чогулган.

XS
SM
MD
LG