Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:25

АКШ: «Microsoft» компаниясы шайлоого кийлигишүү аракети болгонун ырастады


Америкадагы шайлоолорго чет жактан активдүү кийлигишүү аракети болгонун «Microsoft» компаниясынын ырастаганы АКШ администрациясынын эскертүүлөрүн тастыктады. Мындай маалыматты АКШнын Коопсуздук кеңеши таратты.

Мурдараак «Microsoft» АКШдагы келерки шайлоого кийлигишүүгө Орусия, Кытай жана Ирандын хакерлери аракет кылышканы тууралуу маалымдаган. Компания адистеринин маалыматына караганда, орусиялык хакерлер 200дөн ашуун уюмдан чабуул коюшкан. Алардын көпчүлүгү АКШдагы шайлоого түз тиешеси бар жана Европадагы саясий уюмдарга байланыштуу.

Маалыматка ылайык, хакерлер демократтар менен бирдей эле республикачыларга да чабуул коюп жатышат. «Майкрософт» чабуулдардын көпчүлүгү ишке ашпай калганын билдирди.

Компания Кытай менен Ирандан да Америкадагы шайлоону бутага алган хакердик чабуул болгонун маалымдады. Бирок булардын кайсынысы 2020-жылдагы президенттик шайлоо үчүн коркунуч келтире алары айтылган эмес.

АКШнын Коопсуздук кеңеши Орусия хакерлер аркылуу АКШда 2016-жылы болгон шайлоого кийлигишкенин маалымдаган. Расмий Москва бул дооматты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG