Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:46

Өзбекстан менен аба каттамы 14-сентябрда жанданат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, 14-сентябрдан тарта Ташкент-Бишкек-Ташкент багытындагы каттам кайрадан жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Каттамды «Өзбекстан аба жолдору» компаниясы жүргүзөт. Учак жумасына бир жолу каттайт.

Эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу аба каттамдары мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык жанданууда.

17-сентябрдан тартып Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттам да жанданат. Жарандык авиация департаментинин маалыматына караганда, Астана-Алматы-Бишкек каттамы азырынча жумасына эки жолу жүргүзүлөт.

Орусия менен туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү маселеси чечиле элек.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жазында чек аралар жабылып, бардык туруктуу эл аралык авиакаттамдар токтогон. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана кыргызстандыктарды мекенине жеткирген чартердик каттамдарды уюштурган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG