Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:37

Ооганстанда эки диниятчыны өлтүрүүнүн артында турган деп шек саналган жихадчы кармалды


Убайдулла же Акрама Мадани. Кабул, 10-сентябрь, 2020-жыл.
Убайдулла же Акрама Мадани. Кабул, 10-сентябрь, 2020-жыл.

Ооганстандын Чалгын кызматы «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму менен байланыштагы топтун мүчөсү кармалганын билдирди. Ал адам Кабулда белгилүү диниятчыларды өлтүрүүнүн артында турган деп шек саналууда.

10-сентябрда жарык көргөн маалыматка ылайык, жихадчылардын Ооганстандын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы кол салууларын жетектечү деген Убайдулла же Акрама Мадани Кабулдагы атайын операция учурунда колго түшүрүлдү. Террордук топ бул маалыматка комментарий бере элек.

Атайын кызмат тараткан видеодо ал адам мурда «Талибандын» мүчөсү болгонун, кийин «Ислам мамлекети» радикал уюмуна кошулганын, Кундуз шаарындагы мечитке кол салууну көздөгөнүн моюнга алды.

Жихадчылар Ооганстанда 2015-жылдан бери иш жүргүзүп, талибдерге да, ооган жана АКШ аскерлерине да каршы согушуп келатышат.

XS
SM
MD
LG