Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

ИИМ: Аксыда «Мекеним Кыргызстанданбыз» деп башка үгүтчүлөрдү коркутуу боюнча шектүүлөр кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

7-сентябрь күнү Аксы районунун Үч-Коргон айылынын тургуну Б.Ш. милицияга кайрылып, айылдашы Т. Э. үстүнөн арызданган. Арызында аны «Мекеним Кыргызстан» партиясына үгүт жүргүзүүгө мажбурлашканын билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев «Азаттыкка» маалымдады:

«Үч-Коргон айылынын тургуну Б.Ш. 7-сентябрь күнү айылдашы Т.Э. телефон аркылуу үйүнөн чакырып алып, «Биримдик» саясий партиясына үгүт кылбай, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясына үгүт жүргүз» деп уят сөздөр менен тилдеп, коркутуп зомбулук жасоого аракет кылышты» деп көрсөткөн. Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүүлөрдүн тек-жайы аныкталды. Аксы районунун тургундары 1985-ж.т. Э.У. жана 1987-ж.т. Т.Э. Аксы райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды».

Шеркул Турганбаевдин маалыматына караганда, бул арыз боюнча иш Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки териштирүүгө алынды. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул маалымат боюнча «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы билдирүү таратып, милиция кармаган жарандар партияга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Ошол эле учурда коомчулукта шайлоого катышып жаткан бир катар саясий партиялар добуш топтоо максатында шайлоочуларга акча таратып жаткандыгы тууралуу пикирлер айтылып жатат. Башкы прокуратура добуш сатып алуу аракети мыйзамсыз экенин эскерткен.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталган.

Жогорку Кеңештеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. (ZKo/TB)

XS
SM
MD
LG