Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:16

Бейрутта бир ай мурда жарылуу болгон портто өрт чыкты


Бейрут портундагы өрт. Ливан. 10-сентябрь, 2020-жыл.
Бейрут портундагы өрт. Ливан. 10-сентябрь, 2020-жыл.

Бейрутта бир ай мурун аммиак селитрасы сакталган кампа жарылган портто 10-сентябрь күнү өрт чыкты. Ливандын маалымат каражаттары автоунаа дөңгөлөктөрү менен мунай сакталган кампа күйүп жатканын жазып чыгышты. Өрттү өчүрүүгө аскердик авиация жардам бергени кабарланды. Тилсиз жоонун себеби аныкталууда.

Бейруттагы 4-августтагы катуу жарылууда 190дой адамдын өмүрү кыйылып, алты миңдей киши жабыркаган. Ливандын борбор шаарынын айрым көчөлөрү толук кыйраган.

Өкмөт каргашалуу окуядан бир жума өткөндөн кийин кызматтан кеткен. Ага Бейруттагы өкмөттү коррупцияга, шалаакылык боюнча айыптаган жапырт каршылык акциялары себеп болгон.

Өткөн айдын аягында дайындалган жаңы премьер-министр Мустафа Адиб Франция эл жана эл аралык коомчулук талап кылып жаткан реформаларды ишке ашырууга убада берген.

XS
SM
MD
LG