Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Медиа: Орусиялык хакерлер Байденге кеңеш берген компанияны бутага алган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер болгон Жо Байденге кеңешчи болгон компания орусиялык деп шек саналган хакерлердин чабуул аракетине кабылды. Жакында америкалык «Microsoft» компаниясы чабуул аракети болгонун, хакерлердин орус өкмөтүнө байланышы бар экенин аныктаганын «Reuters» агенттигине үч булак ырастаган.

«Бирок компаниянын компьютердик маалыматтары жакшы корголгондуктан максат ишке ашкан эмес», - деди булактардын бири.

«Reuters» маалымдагандай, Вашингтондо жайгашкан SKDK компаниясынын жетекчисинин орун басары Хилари Роузен жана «Microsoft» компаниясынын өкүлү комментарий берүүдөн баш тартышты. Байдендин басма сөз катчысы да жооп берген жок.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарды четке кагып, «абройлуу агенттиктин ушундай маалымат таратканы өкүндүрөт» деп Москвадагы кабарчыларга айтты.

АКШнын чалгын кызматтары чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү 3-ноябрдагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө аракет кылышы ыктымал деп эскертишкен.

XS
SM
MD
LG