Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

АКШ Ирандын 20дан ашуун жаранына санкция салганы жатат


Тегеран шаары.
Тегеран шаары.

АКШ Ирандын өзөктүк, ракеталык жана курал-жарак программаларына байланышы бар 20дан ашуун жаранына санкция салат. Бул тууралуу «Reuters» маалымат агенттиги Кошмо Штаттардагы жогорку расмий өкүлгө шилтеме кылып кабарлады. Атын атабаган бул жетекчинин айтымында, Иран жыл соңуна чейин өзөктүк курал жасоого жетиштүү материалдарды даярдап бүтүшү мүмкүн жана өзөктүк куралы бар Түндүк Корея менен узак аралыкка учуучу ракеталар боюнча кызматташтыкты жанданткан болушу ыктымал. Бирок «Reuters» агенттиги байланышкан бул булак жогорудагы дооматтар боюнча деталдуу маалымат берген жок.

19-сентябрда АКШ Европадагы өнөктөштөрүнүн каршылыгына карабастан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Иранга каршы бардык санкцияларын бир тараптуу жанданткан. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жарыялап, Вашингтон санкцияларды бузгандарга чара көрөрүн эскерткен.

20-сентябрда АКШнын бул билдирүүсүнө жооп катары Иран дүйнөнүн калган мамлекеттерин Вашингтондун аракетине каршы биригүүгө чакырды. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатизаде Тегеран башка өлкөлөрдөн АКШнын бул чечимине карата биргелешкен жооп иретиндеги аракеттерди күтө турганын билдирди.

БУУнун Коопсуздук кеңеши быйыл августта АКШнын Иранга каршы бардык санкцияларды кайра жандантуу аракетине жол бербей койгон. Кеңешке кирген 15 мамлекеттин көбү буга каршы чыккан.

Иранга каршы санкциялардын көбү 2015-жылы Тегеран менен кубаттуу алты державанын (АКШ, Франция, Улуу Британия, Кытай, Орусия жана Германия) ортосунда келишилген өзөктүк макулдашууга ылайык алынган. 2018-жылы АКШ ал макулдашуудан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG