Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Дарыгер: Аравандагы мушташта жабыркаган алты киши ооруканада жатат


Араван райондук ооруканасынын кире бериши.
Араван райондук ооруканасынын кире бериши.

Араванда шайлоо үгүтүнүн убагында чыккан жаңжалда жабыркап кайрылган 12 кишинин алтоо ооруканада жатат. Алардын көбүнүн мээси чайкалган. Бул тууралуу райондук оорукананын дарыгери Авазали уулу Мамадияр «Азаттыкка» билдирди.

Жабыркагандардын арасында «Биримдик» партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болгон Шукрилло Файзуллаевдин эки иниси, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Юсупова айыл өкмөтүндөгү штаб башчысы жана анын уулу бар.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алганын, бирөөнүн абалы оор экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев маалымдаган. Башаламандыкта беш автоунаа талкаланган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө.

Мушташ жогоруда аталган эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышты.

Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирди.

Премьер-министр Кубатбек Боронов эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан чырды тез арада иликтөөнү Ички иштер министрлигинин жетекчилигине тапшырган.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (SE\DU)

XS
SM
MD
LG