Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

БШК Аравандагы чатакты териштирүүгө аралашпайт


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Араван районунда үгүт маалында чыккан чатакты териштирүүгө аралашпайт. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов окуяны милиция иликтей баштагандыктан, БШК кийлигишпей турганын билдирди:

«Териштирүүнүн жүрүшүндө укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдары бузулганын аныктаса, ошол бүтүмдүн негизинде карап чыгышыбыз мүмкүн».

БШКнын дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова үгүт ишин бирөө бузган болсо, ал маселени Боршайком кароого тийиш экенин айтып жатат.

20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат менен ооруканага түштү. Бирөөнүн абалы оор экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев кабарлады.

Жаңжалда беш автоунаа талкаланган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө.

Чатак «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылып, кийинчерээк эки партия тең муну «чагым» катары сыпаттаган билдирүү таратышты.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан чырды тез арада иликтөөнү Ички иштер министрлигинин жетекчилигине тапшырды. (SE)

XS
SM
MD
LG