Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:22

Өкмөт башчы Араванда чыр чыгаргандарды жоопко тартыш керек экенин билдирди


Араван айылында шайлоо үгүтүнүн убагында болгон мушташ. 20-сентябрь, 2020-жыл.
Араван айылында шайлоо үгүтүнүн убагында болгон мушташ. 20-сентябрь, 2020-жыл.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан чатакты тез арада иликтөөнү Ички иштер министрлигинин жетекчилигине тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 21-сентябрда кабарлады.

Мындан тышкары, маалыматта «өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керек экенин белгиледи» деп айтылат. Өкмөт башчы жергиликтүү бийликке калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү табыштады.

20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат менен ооруканага түштү. Бирөөнүн абалы оор экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев кабарлады. Окуяда беш автоунаа талкаланган.

Жаңжал «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылып, кийинчерээк эки партия тең муну «чагым» катары сыпаттаган билдирүү таратышты.

Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG