Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Кыргызстанда миңдей киши жарандык алып, 200дөн ашыгы жарандыктан чыкмай болду


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

Кыргызстандын жарандыгын быйыл 973 киши алмай болду. Алардын 202си - балдар. Жарандык ала тургандардын көбү четтен келген кыргыздар. Буга кепилдик берген үч жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин басма сөз кызматы 21-сентябрда кабарлады.

«Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө» дагы бир жарлыкка ылайык президентке берген арыздарынын негизинде 238 киши Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылат. Алардын 52си - балдар.

Баш мыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгарууга жана кабыл алууга президент гана укуктуу.

Өлкөнүн жараны болгусу келген адам Кыргызстанда соңку беш жылда туруктуу жашашы керек. Мыйзамдарды бузбаганы тууралуу Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен жана Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган маалымкаттардын негизинде ага жарандык берүү маселеси каралат. (NT)

XS
SM
MD
LG