Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Прокуратура: депутат Сурабалдиева суракка Курсан Асановдун иши боюнча чакырылды


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 21-сентябрда билдирди.

Мекеменин маалыматында суракка Сурабалдиевадан башка депутаттар да чакырылганы жазылган. Алардын аты-жөнү айтылган эмес.

«Элвира Сурабалдиевага 17-сентябрда күбө катары көрсөтмө бериш үчүн сотко келүү тууралуу кабар берилген. Депутаттын «суракка чакыруунун себебин билбейм» дегени чындыкка дал келбейт. Чакыруу Сурабалдиеванын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштуу эмес», деп жазылган Башкы прокуратуранын маалыматында.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, алдыдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен бараткан Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакырылганын, бирок расмий чакыруу албаганын 20-сентябрда билдирген.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата үч кылмыш иши козголгон. Биринчиси - ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда.

Экинчиси - Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга байланыштуу айыптаган жалган маалыматтарды тараткан деп күнөөлөнүп жатат.

Үчүнчүсү - 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган. Соттук териштирүү 2020-жылдын 14-февралында башталган.

Бул үч ишти бириктирип Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган Курсан Асанов 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында жана өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып келатат. (NT)

XS
SM
MD
LG