Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Апта: Экс-министр камалды, Европарламент Лукашенкону президент катары тааныбайт


Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

Узап бараткан аптанын (14-20-сентябрь) урунттуу окуяларына сереп.

Экс-министрдин камалышы

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин камалышы Кыргызстанда өткөн аптанын башкы окуясы болуп калды. 15-сентябрда кармалган дарыгерлердин экс-башчысын Биринчи май райондук соту 15-ноябрга чейин камакка алды.

Чолпонбаев Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен каралган кылмыш иштин алкагында шектелип жатат.

Бул жөнүндө Башкы прокуратуранын өкүлү Эрмек Асанов «Азаттыкка» мындайча маалымат берди.

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

«Космосбек Чолпонбаев кызмат абалынан пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзгөн. Натыйжада мамлекеттик бюджет 65 млн. сомдук зыян тарткан».

Кылмыш ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) козгогон. Бул мекеме зыяндын көлөмүн 9 млн. сомго жакын деп баалаган эле. Финполиция алгач экс-министрди 6-июлда суракка чакырып, эки айдан кийин кармап отурат.

Космосбек Чолпонбаев өзү сотко алынып келген учурда журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тартты. Мурдараак анын адвокаты Марат Эшперов да кардары менен макулдашмайынча «комментарий бере албай турганын» билдирген. Чолпонбаевдин уулу Эркин Чолпонбаев менен «Азаттык» байланышканда, ал «атасынын күнөөлүү эместигин» айткан.

Экс-министр Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.

Чолпонбаев кеп болуп жаткан министрликтин башкы кызматын 2018-жылдын 25-апрелинен 2020-жылдын 1-апрелине чейин жетектеген. Анын эки жылдан кийин иштен алынышына коронавируска каршы даярдыкка карата нааразылыктар себеп болгон.

Саламаттык сактоо министринин ишин ошол учурда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков да сындаган эле. Коопсуздук кеңеши «Чолпонбаев өзүнө коюлган кызматтык милдеттенмелерге жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн бир катар ири катачылыктарга жол берилген» деп маалымат тараткан. Коопсуздук кеңеши "министрдин катасы эпидемиологиялык абалга терс таасирин тийгизип, оору жуккан жарандардын көбөйүшүнө алып келди" деп жыйынтык чыгарган.

Бирок кезинде пандемияга даярдык жетиштүү көрүлбөй калганына ошол учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын да жоопкерчилигин талап кылгандар бар.

Жарандык активист Мелис Аспековдун пикирине орун берели.

Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

«Чолпонбаевди эчак эле камакка алыш керек болчу. Мындан тышкары, биринчи кезекте өкмөттү мурдагы башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди жоопкерчиликке тартыш керек эле. Ошол социалдык жана саламаттык сактоо тармагына көзөмөл кылган Өмүрбекованы да сураш керек. Себеби пандемияга келген акча каражатты ушулар бөлүштүрдү. Эл өкүлү Марлен Мамаматалиев «коронавируска каршы күрөшкө аталып келген 300 млн. долларды башка багытка буруп жиберишти» деп айтып жатпайбы. Ошол акчага дем алдыруучу жана башка аппараттарды, дары-дармектерди алып коюшса, эл кырылмак эмес да. Расмий бир жарым миңдей, а расмий эмес канча адам өлүп кетти. Ошондуктан бир эле кишини жоопко тартып жатышканы көз боёмочулук аракет. «Биз коронавирустун жайылышына жол бергендерди жоопко тартып жатабыз» деген кожо көрсүн нерсе болуп калат»,-деди ал.

Көз карандысыз адвокат Канат Хасанов Башкы прокуратурага быйыл июль айынын башында кайрылып, Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда сырттан келген каржылык жардамды бөлүштүрүү кандай жүргөнүн текшерүүнү жана аны жоопко тартууну суранган.

Башкы прокуратура анын арызын Жазык кодексинин «Шалаакылык» беренесинин негизинде козголгон сотко чейинки териштирүүнүн алкагында карай баштаганы белгилүү болгон.

Беларуска байланыштуу жагдай курчуду

Беларуста бир айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан кырдаал өткөн аптада дагы жаңы өңүт алды.

Европарламент Александр Лукашенконун президенттик мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялады. Евробиримдиктин мыйзам чыгаруу органы мындай мазмундагы резолюциясын 17-сентябрда кабыл алды.

Европарламенттин жыйыны, Брюссел. 23-июль, 2020-жыл.
Европарламенттин жыйыны, Брюссел. 23-июль, 2020-жыл.

Европарламенттин Беларустагы кырдаалга байланыштуу төртүнчү резолюциясын 574 депутат колдосо, 38и каршы, 82и калыс болду. Депутаттар Европа кеңешинин буга чейин жарыяланган позициясын ырастап, Беларустагы 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын белгилешти. Буга алар шайлоонун одоно мыйзам бузуу менен коштолгонун жүйө келтиришти.

Резолюцияда Беларуста тынч демонстранттардын өлүмүн иликтөө, жаңы шайлоо өткөрүү тууралуу талаптар да коюлду.

«ЕККУнун көзөмөлү астында жаңы шайлоо өткөрүү - учурдагы кырдаалды жөнгө салуунун башкы жолу. Азырынча Беларус бийлиги менен эч кандай деңгээлде байланыш түзгөн жокпуз. Лукашенконун бийликте калууга умтулган өжөрдүгү, анын Москвадан барган сайын көбүрөөк колдоо алып жатканы кырдаалды татаалдаштырып жатат», - деп билдирди бейшембидеги жыйында Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел.

Мындан тышкары Европарламент Беларуста бийликтин тынч жол менен өткөрүлүп берилишин жактай турганын, оппозициянын Координациялык кеңешин «демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган элдин убактылуу өкүлдөрү» катары тааный турганын белгиледи. Бейшембиде кабыл алынган резолюциянын мыйзамдык күчү жок. Бирок бул документ Европадагы институттар үчүн саясий ориентир болуп берет.

Беларусту 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко Европарламенттин чечимине бейшемби күнү Минскидеги аялдардын форумунда жооп кайтарды. Ал башка өлкөлөрдүн Беларустагы шайлоону тааныганы же тааныбаганы маанилүү эмес экенин айтып, өлкөдөгү кырдаал үчүн кайрадан Батыш өлкөлөрүн айыптады. Ошондой эле Орусиянын президенти жана коргоо министри менен Беларусту «коргоого аргасыз болуп жатканын» кошумчалады.

«Биз аскерлерди көчөлөрдөн чыгарып кетип, армиянын жарымын күжүрмөн даярдыкка келтирип, мамлекеттик чек аранын батыш тарабын, биринчи кезекте Литва жана Польша менен чек араны жабууга аргасыз болуп жатабыз. Биз өтө өкүнүү менен биздин боордош Украина менен чек арабызды да бекемдөөгө аргасызбыз», - деп билдирди Лукашенко.

Лукашенко 16-сентябрда да АКШны, Борбордук жана Чыгыш Европадагы айрым өлкөлөрдү жана Украинаны Беларусту «жок кылуу боюнча сценарий даярдап, ишке ашырууга аракет кылган» деп айыптаган. Аталган өлкөлөр мындай дооматтарды четке кагып, бул сыяктуу билдирүүлөрдү Лукашенконун бийликте калуу амалы катары мүнөздөп жатышат.

16-сентябрдагы анын билдирүүсү Беларустун Тергөө комитети оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесниковага «улуттук коопсуздукка доо келтирген чакырык жасаган» деген айып койгонуна туш келген. Колесникова ушул айдын башында беларус-украин чек арасында кармалган. Колесникова беларус бийлиги аны Киевге күчтөп жөнөтөрдө паспортун айрып салганын, коркутууга кабылганын айтып чыккан.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон бери түмөндөгөн адамдар катышкан жүрүштөр токтобой келет. Демонстранттар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн, саясий туткундардын боштондукка чыгарылышын талап кылышууда.

Беларустун бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенко добуштардын 80%, оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская 10% жакынын алганын билдирген. Бирок оппозициянын башкы лидерине айланган Тихановская бюллетендер туура саналган ондогон добушканалардын жыйынтыктарына таянып, президенттик шайлоодо өзү жеңгенин белгилеп жатат.

Литвага чыгып кеткен Тихановская 18-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинде видеокайрылуу жасады. Ал Минскиден Лукашенконун бийлигинин кылмыштуу аракеттерин иликтей турган эл аралык миссияны Беларуска киргизүүнү талап кылды.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Беларустагы демонстрациялар маалында адам укуктары бузулган жагдайларды кылдат иликтөө боюнча Евробиримдик сунуштаган резолюцияны 18-сентябрда кабыл алды. Женевада өткөн жыйынга 47 мамлекет катышып, алардын 23ү документти колдоп, экөө каршы чыкты. 22 мамлекет добуш берген жок.

БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелетке Беларустагы кырдаалга кылдат көз салып, жыл соңуна чейин өз сунуштарын берүү боюнча ыйгарым укуктары тапшырылды.

Жээнбековдун коррупцияга каршы «жаңы деми»

Узаган аптада Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин отуруму жана анда айтылган коррупцияга каршы чакырыктар коомчулуктун талкуусунда болду.

17-сентябрда өткөн отурумда укук коргоо органдарынын жемкорлукка каршы үч жылдык ишинин жыйынтыгы жана Кыргызстандын коррупцияга каршы мамлекеттик жаңы стратегиясы каралды.

Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бюджетти талап-тоногондорго, өзүнүн кызмат ордун пайдаланып мыйзамсыз байыгандарга эч кандай аёо жана кечирим болбой турганын белгилеп, «коррупция менен элдешкис күрөш уланат», - деп айтты.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Көптөгөн коррупциялык схемалар ачылды, мамлекеттик сатып алууларда, фискалдык, сот, укук коргоо органдарында, лицензиялык-уруксат берүү ишмердигин ишке ашырган органдарда, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндө коррупцияланган кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюлду», - деди президент.

Кеңештин 17-сентябрдагы жыйынында президент 2018-жылдан бери коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13,6 млрд. сомду түзгөнүн, анын ичинен мамлекеттин пайдасына беш млрд. 827 млн. сом өндүрүлгөнүн кабарлады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун сөзү боюнча, прокуратура жана башка укук коргоо органдары тарабынан 2018-2019-жылдары жана 2020-жылдын сегиз айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6 541 факты катталган. Анын ичинен 1 576 жазык иши боюнча тергөө аяктап, сотко 965 гана иш өткөн.

2,5 жыл ичинде кызматтык же коррупциялык кылмыш үчүн айыпталган 648 адам сот жообуна тартылган.

Коопсуздук кеңешинин коррупция маселеси талкууланып жаткан жыйыны. 17-сентябрь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин коррупция маселеси талкууланып жаткан жыйыны. 17-сентябрь, 2020-жыл.

Коопсуздук кеңешинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасы Бакир Таиров да баяндама жасады. Анын маалыматына караганда, 2018-жылдан бери кызматтык жана коррупциялык иштер, пара алуу, коррупциялык схемаларды түзүү боюнча 2981 факт аныкталып, анын 291 гана сотко жөнөтүлгөн. Андан мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы бир миллиард 200 миллион сомду түзгөн. Учурда анын ичинен 585 миллион 400 миң сом мамлекетке кайтарылды. 8,5 миллион сомдук мүлккө арест салынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин 392 кызматкери жоопко тартылды. Таиров Бажы кызматындагы ири коррупциялык иштердин айрымдары тууралуу маалымат берип, ага байланыштуу 30дан ашуун киши жоопко тартылганын айтты.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев 2018-жылдан бери атайын кызмат коррупция боюнча 1017 иш козгогонун билдирди. Алар боюнча 529 кишинин жоопкерчилиги каралып, 96сы соттолгон.

Бирок коррупцияга каршы күрөш өз күчүндө уланып жатканын айткан укук коргоо органдары менен президентке кошулбагандар көп. Ал тургай «коррупцияга каршы күрөш өзү негизи барбы?» деп суроо койгондор көп болду.

Ушул эле Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан парламенттик шайлоого талапкер Өмүрбек Суваналиев жана экс-депутат Бактыбек Калмаматов сындап чыгышты. Алар Коопсуздук кеңеши өз милдетин аткара албай жатканын айтып, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго чара көрүлбөй жаткан чакта коррупция жөнүндө сөз кылуу орунсуз экенин билдирип жатышат.

Коомдук ишмер Жаныбек Түлкүнов да ушундай позицияда.

«Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция эмне экенин чындап эле билеби? Байкабай, башка нерсе менен күрөшүп жаткан жокпу? Анткени коррупция же жоголгон жок, же азайган жок. Эч кандай жыйынтык сезилген жок. Балким, «коррупция» бул президенттин тренажерунун атыдыр. Эртең менен турганда, улам «күрөшүп жатам» деп түр көрсөтүп жатабы деген ой келет. Антпесе коррупция менен эч кандай күрөш жок да. Уланып жатат эмес, ал али баштала элек. Бирин-экин кишини камап койсо, пара алгандарды анча-мынча кармап койсо эле, ал күрөш деп аталып калбайт. Атамбаев да коррупция менен күрөш деп, өзүнө жакпаган кишилерди камап кирген. Азыр да куду ошондой эле имитация жүрүп жатат. Бир эле мисал, орун басары 500 миң доллар пара алууга шектелип кармалган мурдагы транспорт министри, кайра бийликтин партиясы менен шайлоого баратат. А башка мисал, коррупциянын символу болуп калган адамдар жүрбөйбү, эч кандай камалбай, этпей эле»,-деди ал.

Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынында кабыл алынган Коррупцияга каршы жаңы стратегия 2024-жылга чейин деп эсептелген. Анда жалпысы 82 антикоррупциялык иш-чара пландалды.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. Уюмдун быйылкы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

Москва Навальный үчүн санкцияга кабылмай болду

Берлиндеги «Шарите» ооруканасы орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы ушул аптада кыйла жакшырып, керебетинен турганга жарап калганын кабарлады. Аталган клиника тараткан расмий билдирүүдө ал жакын арада өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттан ажыратылары айтылган жана оорулуунун абалы тууралуу маалымат анын аялынын уруксаты менен жарыяланганы белгиленген.

Алексей Навальный «Инстаграмдагы» баракчасына жубайы, уул-кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Алексей Навальный «Инстаграмдагы» баракчасына жубайы, уул-кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

«Шаритенин» маалыматынын алдында немис өкмөтү Франция менен Швециядагы эки эркин лабораторияда орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын анализи текшерилгенин, анда немис адистеринин Навальныйдын ууланганы тууралуу корутундусу бышыкталганын билдирген.

Германия тараткан билдирүүдө «ушул кезге карата үч лаборатория Навальный «Новичок» тобуна кирген, нервди шал кыла турган зат менен ууланганы тууралуу өз-өзүнчө корутунду чыгарды» деп айтылат. Ошондой эле Навальныйдын анализдери Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун экперттерине да жөнөтүлгөнү, алардын лабораториясында да текшерилери белгиленген.

15-сентябрда Алексей Навальный «Инстаграмдагы» баракчасына ууланып ооруканага оор абалда түшкөндөн бери биринчи жолу билдирүү жазып, жубайы, уул-кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Бул аптада Европарламент Навальныйдын иши боюнча Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырды. Европа парламенти орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын өмүрүнө кол салуу аракети боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө, Евробиримдикти Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырган резолюция кабыл алды.

Документте Навальныйдын өмүрүнө кол салуу «Орусияда сынчыл ой-пикирдеги адамдардын үнүн басыш үчүн системалуу жүргүзүлгөн аракет» катары мүнөздөлүп, Кремлдин мындай саясаты «өлкө ичиндеги репрессия жана тышка көрсөтүлгөн агрессия» деп бааланат.

Санкцияларды Навальный жана анын Коррупцияга каршы күрөш фонду жүргүзгөн иликтөөлөрдө аты аталган бардык орусиялык аткаминерлерге каршы кабыл алыш керек экендиги баса белгиленет. Буга «Магнитский тизмеси» сыяктуу бирдиктүү санкциялык документ иштеп чыгуу сунушталат.

Анын алдында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб менен жолугушуусунан кийин Орусияга Навальныйдын ууланышын терең иликтеп, түшүндүрмө берүүгө жетиштүү убакыт берилгенин баса белгилеген.

Помпео менен Раабдын жолугушуусу.
Помпео менен Раабдын жолугушуусу.

«Эч кандай шартта химиялык курал колдонууга жол берилбейт. Эки жыл мурун адамдын акыл-эсин шал кыла турган уулуу зат Солсбериде колдонулган. Бүгүн да бул курал колдонулганы тастыкталып жатат», - деген Помпео.

Ак үйдөгү жана Европарламенттеги билдирүүлөргө улай АКШдагы бир катар беделдүү окуу жайларынын өкүлдөрү менен мурунку орусиялык окумуштуулар Алексей Навальныйды Нобел сыйлыгына көрсөтөрүн жарыялашты.

«Муну окумуштуулар башташты. Балким, артынан мамлекеттик ишмерлер, эл аралык уюмдар кошулат. Бирок биринчи саясатчылар эмес, окумуштуулар баштаганын эске алып койгула. Окумуштуулардын арасында мурда Навальныйдын ишмердигин анча жактырбай, бирок соңку окуялардан кийин аны колдоп чыккандар бар», деп жазды америкалык Ратгер yниверситетинин профессору, социолог Сергей Ерофеев «Фейсбуктагы» баракчасында.

Расмий Москва Навальныйдын уулуу «Новичок» заты менен ууландырылганын тастыктаган Европадагы лабораториялардын далилдерин көрбөгөнүн билдирип, Кремлге айтылган бардык дооматтарды четке кагып келет.

Шаршембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Батыш Орусияга кошумча санкцияларды киргизиш үчүн гана Навальныйдын ууланышын колдонуп жатат» деп сындаган.

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

«Мен биздин саясат таануучулардын бир сөзүнө кошулам. Навальный болбосо деле алар жаңы санкцияларды киргизиш үчүн башка бир нерсе таап чыгышмак. Навальныйдын окуясы боюнча Батыштагы кызматташтар бардык чектен чыгып кетишти. Алар бизден «күнөөнү моюнга алгыла» деп талап кылып жатышат. «Силер немис адистерине ишенбейсиңерби?» деген маселе көтөрүп жатышат», - деген Лавров.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG