Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Беларустагы тил кайрашкан тирешүү


Мария Колесникова.
Мария Колесникова.

Беларуста Тергөө комитети оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесниковага «улуттук коопсуздукка доо келтирген чакырык жасаган» деген айып койду.

Ал ушул айдын башында беларус-украин чек арасында кармалган. Колесникова беларус бийлиги аны Киевге күчтөп жөнөтөрдө паспортун айрып салганын, коркутууга кабылганын айтып чыккан.

Ал арада беларус президенти Александр Лукашенко өлкөсүндөгү соңку жагдайдан улам Батышты дагы күнөөлөдү.

Тергөө комитети 16-сентябрда тараткан маалыматта «​Мария Колесникова жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана Интернет тармагын колдонуу аркылуу Беларус Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган иш-аракеттерге барууга үндөгөн» деп айтылат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Колесникованын абакта аллергиясы күчөп кеткени айтылган. Анын адвокаты Людмила Казак аны абактын медициналык бөлүмүнө которууга негиз жок экенин билдирди:

Людмила Казак.
Людмила Казак.

«Бүгүн ага өзү буга чейин ичип жүргөн дары-дармектерди бергенге жетишпей калганыбызга карабай, жергиликтүү дарылар ага жардам берди. Ал өзүн аябай жакшы сезип жатат. Маанайы жакшы, өзү сергек. Баарыңарга ыраазычылык билдирип жатат».

Беларуста шайлоодо жана андан кийинки каршылык акцияларында оппозиция лидерлеринин бирине айланган, Координациялык кеңештин мүчөсү Колесникова 8-сентябрда беларус-украин чек арасынан кармалган. Ал беларус бийлиги күчтөп башка мамлекетке чыгарып салууну көздөгөнүн, бирок каршылык көрсөтүп, паспортун айрып салганын билдирген. Ошол учурда күч органдары анын башына кап кийгизип «өлтүрөбүз» деп коркутушканын, 25 жылга чейин түрмөгө кесилерин айтып опузалашканын жарыя кылган. Ал ушул тушта Жодина шаарындагы тергөө абагында отурат.

Ал арада беларус президенти Александр Лукашенко 16-сентябрда АКШны, Борбордук жана Чыгыш Европадагы айрым өлкөлөрдү жана Украинаны «Беларусту жок кылуу боюнча сценарий даярдап, ишке ашырууга аракет кылган» деп айыптап чыкты. Ал бул мамлекеттерди мындай оюн ишке ашырууга «бир канча жылдар бою даярданышкан» деп күнөөлөдү жана «максаты ишке ашкан жок» деди.

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

«Өлкөдө болуп жаткан окуяларды талдаганда Беларустун тышкы оппоненттери эле эмес, агрессорлордун чыныгы ниети менен тактикасы аныкталды. Алар соңку он жыл бою азыркыдай «Ч» абалына дыкаттык менен даярданышкан. Дароо эле баарынын бетин ачыш үчүн бул оюнчуларды атынан атайлы. Глобалдык борборлор деңгээлинде биринчи кезекте бул - Кошмо Штаттар, тактап айтканда алардын демократияны колдоо деп атап алган фонддор тармагы. Европа аймагында болсо бул америкалык сателлиттер - Польша, Литва, Чехия жана тилекке каршы Украина», - деди ал.

Лукашенко ушул күнү «Славян агайындар - 2020» деп аталган машыгууга келген Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Минскиде жолукту. Беларус президенти анда орусиялык кызматташы Владимир Путинден заманбап курал-жарак сураганын, дагы биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүнү өтүнгөнүн билдирди.

Беларустун батышында азыр «Славян агайындар - 2020» деп аталган чакан, 1,5 миң адам катышкан аскердик машыгуу башталды. Алардын 300ү Орусиядан келген десантчылар.

Апта башында Владимир Путин менен Александр Лукашенко Сочи шаарында жолуккан. Анда Москва Минскиге 1,5 миллиард доллар насыя бөлүүгө убада берген.

Өткөн айда Путин эгер зарылчылык болсо, Орусия Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагында Беларуска жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

17-сентябрда Беларустагы бир катар алдыңкы эркин басылмалар менен сайттар камактагы эки фотографты колдоо иретинде башкы бетине сүрөтү жок билдирүү жана макалаларды жарыялашты. Актай барактын орто ченинде «Бул жерде сүрөт болушу керек эле» деген жазуу жазылган. Ошондой эле фотографтар Александр Васюкович менен Владимир Гридин «уруксат берилбеген акцияга катышканы үчүн» 11 күнгө камалганы белгиленген.

16-сентябрда Минск шаарынын Фрунзе райондук соту «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Гридин менен TUT.BY басылмасынын штаттан тышкаркы фотожурналисти Васюковичти массалык жыйындар жөнүндө мыйзамды бузду деп таап, аларды 11 күнгө камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Фотографтардын жанында жүргөн үчүнчү киши, Васюковичтин досу Егор Колягин 210 доллар айыпка жыгылган.

Аларды беткап кийген адамдардын тобу 13-сентябрда Минскидеги кафелердин биринде отурган жеринен кармап кеткен. Ал күнү беларус баш калаасында президент Александр Лукашенконун шайлоодогу «жеңишин» тааныбаган түмөндөгөн адамдар көчөгө чыгышкан болчу. Беларустун Ички иштер министрлиги акция маалында 400 киши кармалганын билдирген.

Беларус бийлиги журналист, фотограф Владимир Гридиндин аккредитациясын да жокко чыгарып койгон. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Синделар 16-сентябрда билдирүү таратып, беларус сотунун чечимин «көз каранды эмес журналисттерге коюлган чабуул» катары баалады.

Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгын кескин сынга алган жана президент Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган жүрүштөр 9-августтан бери уланып жатат.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Бирок ошондон бери добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп түмөндөгөн эл Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып тынбай каршылык акцияларына чыгып жатат. Нааразылык акцияларында милициянын демонстранттарга ашкере күч колдонгону, жүздөгөн адамдардын сабалып, камалганы сынга кабылды.

XS
SM
MD
LG