Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:50

Беларустан IT адистер кете баштады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ондогон IT-компаниялар өлкөдөн чыгып кетүүгө даярдана баштады.

"LinkedIn" социалдык тармагынын маалыматы боюнча шайлоодон кийин кеминде 12 IT-компания Беларустан биротоло чыгып кетсе, 59у кызматкерин чет жактарга жарым-жартылай көчүргөн, дагы 112 компания өлкөдөн кетүүнүн жолун издеп жатат.

IT-компаниялардын жетекчилери программисттерге бир катар жеңилдиктерди жарыялаган Украина, Литва же Польшада жаңы мүмкүнчүлүктөрдү карап жатканын айтышат.

«Албетте, ал жакта болуп жаткан окуяларды кабыл алуу моралдык жактан оор. Өз жакындарың үчүн дайыма тынчсызданып турасың. Менин досумду кармап, Окрестинадагы тергөө абагына камап коюшкан. Аны катуу ур-тепкиге алышкан», - деди учурда Киевде иштеп жаткан Дарья.

Минскиде ал иштеген IT- компания программисттерин Украинага четинен көчүрүп жатат.

Беларуста нааразылык жүрүштөрүн чектөөнү каалаган бийлик Интернетти маал-маалы менен өчүрө баштаганда программисттер Киевге убактылуу барышкан.

Бирок беларус күч кызматтары PandaDoc, Яндекс сыяктуу бир катар компаниялардын кеңселерин тинтип, кээ бир кызматкерлерин камакка алгандан кийин Дарьяга «Киевде эле туруп тур» деп кеңеш беришкен.

Микита Микадо
Микита Микадо

Ал эми PandaDoc компаниясынын башчысы Микита Микадо Беларустагы программисттери камакка алынгандыктан, мурдагы аскер кызматкерлерине каражаттан тышкары укуктук жардам көрсөтүп, программалоо тилдерин үйрөткөн Protect Belarus долбоорун жапканын билдирди.

«Бул демилге ушунчалык ийгиликтүү болуп, колдоо тапкандыктан алар менин бизнесиме кол салышты. Төрт кызматкеримди камап, компаниянын банктагы эсебин камакка алышты», - деди Микадо.

PandaDocтун Минскидеги кеңсесине сентябрдын башында Каржы иликтөөлөрү департаментинен текшерүү келген. Компаниянын топ-менежментиндеги төрт адам алгач «уурулук», кийин «алдамчылык» беренелери менен айыпталып, кармалган.

Ага чейин августта Микадо Беларустун күч кызматкерлерине видеокайрылуу жасап, аялдар менен балдарга кол көтөрүүнү токтотууну суранган. Акчага же башка жумушка муктаждык болсо, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айткан.

IT-компаниялардын жетекчилери учурда жумушчуларынын коопсуздугун ойлоп жатышканын айтышууда.

dev.by порталынын сурамжылоосунда, Беларуста 9-12-августта өткөн жүрүш маалында Минскинин көчөлөрүнөн бери дегенде 167 адис кармалган.

Алардын арасында Rozum Robotics компаниясынын башчыларынын бири Михаил Чупринский да болгон. Ал Окрестина жана Жодинодогу тергөө абактарында бир нече күн жаткан.

«Ак тасма тагынган адамдардан чүпүрөктү териси менен кошо эле сыйрып алгандай болушту. Кебетеси өзгөчөлөнгөндөрүн кызыл-жаян кылып сабашты. Биз менен сынган кабыргасы далысынан оркоюп чыгып калган бир адам отурду. Камерада бизди газ менен ууландырышты», - деп эскерет Чупринский.

Ал эми жеке ишкерлерге бизнес жана башкаруу сырларын үйрөтүп, кеңеш берген адис Денис Морозов ал билген IT-компаниялар түйүнчөгүн түйүп кетүүгө камынып жатканын белгиледи.

«Азыр Беларустагы IT-бизнес өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 6,2% берет. Бул башка тармактарга караганда 13% көп. IT тармагындагылар 90% тышкы рынокко иштейт. Муну менен Беларуска чет өлкөлүк валюта менен киреше кирет. Бул өтө чоң акча».

Соңку жылдары Беларуста IT-тармак чоң секирик жасап, «Чыгыш Европадагы кремний өрөөнү» деген сыймыктуу атка конгон. Буга негизги аянтча - Жогорку технологиялар паркынын түзүлүшү түрткү болгон. Анын мурдагы жетекчиси, оппозициячыл Валерий Цепкало президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүп чыккандан кийин ага каршы кылмыш иши козголуп, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодо өлкөнү 30 жылдай башкарган Александр Лукашенко жеңгени жарыяланган. Ошол күндөн бери калайман нааразылык жүрүштөрү токтой элек. Бийлик жүздөгөн адамды кармады.

Күч органдары тынч жыйынга чыккандарга ашкере күч колдонуп, зордук-зомбулукка барганын эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү сындашууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде Беларустагы тоз-тополоңдо бери дегенде төрт адам мерт болду, сегиз адамдын дайыны белгисиз.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG