Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

АКШ сенаторлору беларус аткаминерлерине санкция салгысы келет


Беларуста калайман каршылык акциялары бир айдан ашык убактан бери токтой элек.
Беларуста калайман каршылык акциялары бир айдан ашык убактан бери токтой элек.

Кошмо Штаттардын 13 сенатору тынч митингдерди күч менен басууга тиешеси бар беларус аткаминерлерине санкция салууга чакырган резолюцияны сунуш кылышты.

«Беларус бийлиги катаал репрессияны токтотуп, августтагы шайлоодон кийин адилетсиз кармалгандарды бошотушу керек», - деп билдирет сенаторлордун бири Жим Риш.

«Мырза Лукашенкодо кымындай да легитимдүүлүк калган жок. Ал кызматтан кетиши керек», - деди дагы бир сенатор Боб Менендез. Ал эл аралык коомчулукту беларус элинин эркин жана демократиялык келечекке умтулуусун колдоого чакырды.

Сенаторлор сунуш кылган санкция АКШнын Евробиримдик жана башка өнөктөштөрү менен үндөш жүзөгө ашырылары белгиленген.

Резолюцияда жети миңден ашуун адам митингге катышканы үчүн кармалганы, көбү токмок жеп, кыйноого кабылганы, ондогон журналист кармалып, 50дөн ашуун маалымат сайттарына бөгөт коюлганы да белгиленген.

Беларуста президенттик шайлоодо жеңүүчү деп табылган Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган калайман каршылык акциялары бир айдан ашык убактан бери токтой элек. Анда күч органдарынын демонстранттарга ашкере күч колдонуп жатканы сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG