Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Лукашенко Москвага багынабы?


Лукашенко менен Путин, 2019-жыл.
Лукашенко менен Путин, 2019-жыл.

Айрым эксперттер саясий кризиске туш келген президент Лукашенко Беларустун Орусия менен интеграциясына макулдугун берет деп болжолдошууда.

Беларус президенти Александр Лукашенко шейшембиде Орусиянын федералдык телеканалдарындагы маегинде Беларустагы азыркы режим куласа, кезек Орусияга жетерин айтып коркутту.

«Силер жайбаракат отурбагыла. Силерди да жакында ушундай саясий окуялар күтөт. Жөн жерден эле чыгат, мындай. Орусиянын жетекчилиги менен сүйлөшүп, биз бир чечимге келдик. Эгерде бүгүн Беларус талкаланса, кийинки кезекте Орусия турат», - деген Лукашенко чейрек кылым бою өлкөнү түптөп, бекемдегенин, эми бийликтен жөн кетпей турганын дагы бир сыйра баса белгиледи.

Ошол эле кезде ал оппозиция түзгөн Координациялык кеңеш менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын айтып, күч түзүмдөрү аны колдоп турганын, өзүнүн тарапташтарын талоонго калтырып койбой тургандыгын белгиледи.

«Мен үчүн басымдуу көпчүлүк добуш берген. Балким, мен бийликте көбүрөөк отурам. Балким, мени күндө телевизордон гана эмес, үтүк, чайнектен да көрсөтө башташкандыр. Балким, баарын тажатып жибергенмин. Бирок буга карабай басымдуу көпчүлүк мага колдоо көрсөткөн», - деди Лукашенко.

Жолугушуу.
Жолугушуу.

Беларуста 26 жылдан бери бийликте отурган Лукашенко 9-августта өткөн президенттик шайлоодо алтынчы ирет жеңүүчү деп жарыяланган. Оппозиция добуштар бурмаланганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери өлкөдө түмөндөгөн эл дээрлик апта сайын көчөгө чыгып жатат.

Ал арада айрым эксперттер азыр айласы кетип турган Лукашенко жакында Москвага Владимир Путинге барып, Беларустун Орусия менен интеграциясына макулдугун берет деп болжолдошууда.

Эки өлкөнүн интеграциясы боюнча келишимге мындан 21 жыл мурун, 1999-жылы 8-декабрда кол коюлган. Документте орток валютасы, соту жана бажысы болгон союздук мамлекет түзүлөрү белгиленген. Кремлдин бул маселени улам-улам көтөргөнүнө карабай буга чейин Лукашенко ага макул болбой, келишимди ишке киргизүүнү создуктуруп келген. Былтыр декабрда беларус лидери «өлкөсү Орусиянын курамына кирбей турганын» кесе айткан эле.

Леонид Гозман.
Леонид Гозман.

Орусиялык саясат таануучу Леонид Гозман Лукашенко өз өлкөсүнө чыккынчылык кылды деген пикирде. «Кремлдин бир гана максаты - Беларусту өзүнө каратып алуу. Беларусту Орусиядагы Татарстан же Якутиядай тагдыр күтөт. Кремль башкага макул болбойт. Албетте, баары дароо эле андай болуп кетпейт. Бирок ага жол картасы даяр», - дейт Гозман.

Бир катар эксперттер Лукашенко азыр интеграциядан тышкары Беларуста Орусиянын аскердик базасы менен саясий институттарын жайгаштырууга макул болорун болжолдошот.

Анткен менен «Москва мындай кескин кадамдарга барууга батынбайт» дегендер да бар.

Дмитрий Болкунец.
Дмитрий Болкунец.

«Орусия ага барбайт. Алар Лукашенко беларустардын колдоосун толук жоготконун көрүп турушат. Беларустун эгемендигине кол салган карталарды макулдашуу, мындай саясат жүргүзүү азыр Орусияга каршы маанайды күчөтүп, жапырт митинг менен каршылык акцияларына күч берерин билишет. Экинчиден, мындай кадамга бара турган болсо, Орусияга Батыш катаал экономикалык санкциялары менен жооп берет. Орусия мындай чараларга жооп бере ала тургандай абалда эмес», - дейт саясий серепчи Дмитрий Болкунец.

Ал арада президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого башкы атаандаш болуп чыгып, шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон оппозициялык кыймылдын лидери Светлана Тихановская Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында «Лукашенко мындан ары Беларустун мыйзамдуу башчысы эмес» экенин айтып, аны менен жең ичинен макулдашуулар суу кечпей турганын белгиледи.

«Азыр Беларус менен көмүскө сөз байлашкандар тобокелге салып жатышат. Беларустар менен алардын анык шайланган өкүлдөрү мындай чечимдерди колдоп берет деп күтпөшсүн», - деди Тихановская Лукашенконун Москвага барышын утурлай.

Тихановская 9-августтагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, шайлоону өзү жеңгенин айтып келет. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенко добуштардын 80%, Тихановская 10% алганын жарыялаган.

Лукашенконун жеңишин Орусия менен Кыргызстан өңдүү бир катар мамлекеттер гана тааныган. Батыш өлкөлөрү шайлоо жыйынтыгын тааныбай, Балтика боюндагы үч мамлекет Лукашенко баш болгон 30дай аткаминерге санкция салды.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG