Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Минскидеги митингдин мизи кайта элек


Тынчтык жана эгемендик үчүн жүрүштүн катышуучулары. Минск, 30-август, 2020-жыл.
Тынчтык жана эгемендик үчүн жүрүштүн катышуучулары. Минск, 30-август, 2020-жыл.

30-августта Минскидеги митингде жүздөн ашык демонстрант камакка алынды. Митингдер үч аптадан бери уланып жатат.

Беларустун Ички иштер министрлиги (ИИМ) коопсуздук чараларын күчөтүү максатында Минскиге аскердик техника киргизилгенин тастыктады.

Мунун алдында күбөлөр Минскинин борборуна аскердик техника киргизилгенин кабарлашкан. Бул жерде 9-августта өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарына каршы болгон түмөндөгөн адамдардын нааразылык акциялары өтүүдө.

Күбөлөрдүн маалыматына ылайык, атайын техника жана аскерлер Уручье районунан келген. Бул райондо ИИМдин атайын багыттагы бригадасы орун алган. Бул колоннанын шаарды көздөй жылып келатканы тартылган тасманы Tut.By порталы таратты.

Президент Александр Лукашенконун резиденциясы жайгашкан Эгемендик сарайынын аймагында бери дегенде жети БТР турганын "Интерфакс" кабарлады. Атайын техниканын номурлары жашыл түскө боёлгон жана анда чоң калибрдүү пулемет көтөргөн жоокерлер баратат. Ал арада Эгемендик сарайынын чатырында куралчан адамдар, болжол менен көзгө атаарлар отурганы белгилүү болду.

"Азаттык" радиосунун беларус кызматы митинг өтүп жаткан жерден түз обого чыгууда.

Минскиде түмөндөгөн демонстранттар шаардын ар кайсы райондорунан чогулуп, колонна болуп Лукашенконун резиденциясын көздөй багыт алышты. Демонстранттар резиденцияны кайтарып турган күч кызматкерлеринин жанына келип токтошту. Бул аскерлер "Тынчтык жана эгемендик үчүн жүрүш" башталганга чейин эле аймакты курчап турушкан. Журналисттер белгилегендей, 30-августта митингге чыккандардын саны буга чейинки күндөргө салыштырмалуу алда канча көп болду. Демонстранттар "Саша, чык, сени куттуктайбыз!" деп кыйкырып турушту. 30-августта Александр Лукашенко 66 жашка толду.

Лукашенконун басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт "Президент кайда?" деген суроого жооп катары РИА Новости агенттигине сүрөт жөнөттү. Ал сүрөттө Лукашенко Эгемендик сарайынын жанында автомат кармап түшкөнүн көрүүгө болот.

Милиция чогулгандарды тарап кетүүгө үндөп, алар массалык иш-чаралар тууралуу мыйзамдарды бузуп жатканын эскертти. Эгемендик аянтына Мария Колесникова, Максим Знак, Лилия Власова келишти. Мария Колесникова – оппозициялык саясатчы Светлана Тихановскаянын тарапкерлеринин бири.

Көп өтпөй шаарда нөшөрлөгөн жаан башталып, демонстранттар тарап кетишти.

ИИМдин расмий өкүлү Минскидеги нааразылык акциясында 130 адам кармалганын билдирди. Алар уруксат берилбеген акцияга катышты деп айыпталууда. Ошондой эле ИИМ Эгемендик аянтынын жанында нөөмөттө турган милициянын машинесине демонстранттар кол салып, машинеге зыян келтиргенин маалымдады. Үч адам камакка алынып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

“Тынчтык жана эгемендик жүрүшү” Беларустун Могилев, Гродно, Бобруйск жана башка шаарларында да өттү.

  • Беларуста нааразылык акциялары 9-августтан бери тынымсыз өтүп жатат. Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Буга нааразы болуп, Минскинин көчөлөрүнө күн сайын миңдеген адамдар чыгып жатат.
  • Митингдердин алгачкы күндөрүндө тартип коргоо кызматкерлери демонстранттарга күч колдонуп жаткан. Акциянын бир нече катышуучусу көз жумду. Жалпысынан 8 минден ашык адам камакка алынды.
  • Эскертүү!

    «Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG