Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Беларус: Оппозиция өкүлү полицияга даттанды


Мария Колесникова.
Мария Колесникова.

Беларус оппозициясынын өкүлү Мария Колесникова Лукашенконун бийлиги аны «өлтүрөбүз» деп коркутканын айтып чыкты.

Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Мария Колесникова бийлик аны күчтөп депортация кылууга аракеттенгенде башына мүшөк кийгизип, «өлтүрөбүз» деп коркуткан күч кызматкерлерине каршы Тергөө комитетине арыз жазды.

«Алар мени өлтүрүп коюшарын айтып жатышты. Мен муну чын эле кабыл алдым. Беларустан чыгып кетпесем, мени тирүүлөй же сөөгүмдү алып чыгышарын айтышты. Мени 25 жылга камап, абакта да тынч койбой турганын эскертишти», деп жазылган Колесникованын арызында.

Адвокат Людмила Казак журналисттерге таркаткан билдирүүдө оппозициячы «КГБнын абагында отурганда аны уурдап кетишкени, адвокаты же атасы менен байланышууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранганы» айтылат. Колесникованын денесиндеги көгала тактарды текшерүү боюнча талап коюлган.

Мария Колесникованы жана оппозициядагы Координациялык кеңештин дагы эки мүчөсүн 7-сентябрда Минскинин борборунан беткапчан кишилер автоунаага күчтөп салып, белгисиз жакка алып кетишкен.

Ушул тапта Киевде башкалап жүргөн Антон Родненков менен Иван Кравцов аларды Беларустан Коопсуздук кызматынын кызматкерлери күчтөп чыгарышканын, Украинанын чек арасына келгенде Колесникова паспортун айрып салып, автоунаанын айнегинен чыгып кеткенин «Настоящее время» телеканалына айтып беришкен.

«Мен чек арага чейин бир автоунаада беткапчан эки киши менен келдим. Бизди чек ара пункутунан эч ким текшерген жок. Автоунааны эч ким токтоткон жок. Бирөөбүздүн да паспортубузду сурашпады. Беларус чек арасынан өтүп, ортодогу нейтралдуу аймакта токтогондо мени "BMWга" отургузушту. Ичинде Иван Кравцов бар экен. Паспортторубуз да ошол жерде экен. Бир нече мүнөттөн кийин Колесникованы алып келип, автоунаанын артына отургузушту. Ал каршылык көрсөтүп, адвокат талап кылып жатты. Автоунаанын эшигин жаап коюшканда ал паспортун алып, айрып салып, айнекти ачып, беларус чек арасын көздөй басып кетти»,- деген Антон Родненков.

Ал эми анын жанындагы шериги Иван Кравцов анын «BMW» үлгүсүндөгү машинесин чек арага белгисиз бирөөлөр айдап келгенин, өзүн чакан автобуста күч кызматкерлери алып келгенин белгилеген.

Беларустун расмий органдары Колесникова «бийликти басып алуу аракети» кылмыш иши боюнча камакка алынганын кабарлашкан.

Ал эми учурдагы президент Александр Лукашенко апта башында Орусиянын федералдык телеканалдарына берген маегинде Мария Колесникова Украинадагы эжесине качып чыгып баратканда, аны чек арадан автоунаада чогуу бараткан эки тарапташы түртүп түшүрүп салганын ийне-жибине чейин сүрөттөп айтып берген:

"Алар өздөрүнүн автоунаасында болушкан. Аларды токтотконго аракет кылышканда катуу ылдамдыкта кетип бараткан автоунаадан Колесникованы ыргытып жиберишкен. Албетте, биздин чек арачылар аны кармап калышкан. Мен өзүм мурунку чек арачы катары айтып кетейин, биздин кызматкерлер баарын туура кылышкан. Алар посттон документтерин көрсөтүп, мыйзамдуу өтүшкөн. Посттон кийинки текшерүүдө гана токтобой, өтүп кетүүгө аракет кылышкан.

Кесиби боюнча музыкант, 38 жаштагы Мария Колесникова беларус саясатында жаңы киши. Ал беш ай мурун президенттикке талапкер, азыр камакта отурган Виктор Бабариконун шайлоо штабын жетектөөгө келип, кийин Беларустагы Лукашенконун режимине каршы жүрүштөрдө башкы лидерлердин бирине айланган.

Ал 9-августтагы шайлоодон четтетилген талапкер Валерий Цепкалонун жубайы Вероника Цепкало жана президенттикке талапкер Светлана Тихановская менен бирге үгүт жүргүзүп келген.

Шайлоодон кийин күйөөсү - блогер Сергей Тихановский «коомдук тартипти бузган иш-чараларды уюштурууга», «бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүүгө» айыпталып, абакта отурган Светлана Тихановская Беларустан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Андан соң Виктор Бабариконун штабы «Бирге» аттуу жаңы саясий партия түзгөнүн жарыялап, Мария Колесникова саясий күрөштү улантарын билдирген.

Светлана Тихановская (ортодо,) Мария Колесникова (оңдо) жана Вероника Цепкало. Минск, 17-июль, 2020-жыл
Светлана Тихановская (ортодо,) Мария Колесникова (оңдо) жана Вероника Цепкало. Минск, 17-июль, 2020-жыл

Бейшембиде Европа парламентиндеги социалисттер менен демократтар Беларустун «эр жүрөк аялдарын» - Светлана Тихановская, Мария Колесникова менен Вероника Цепкалону Сахаров сыйлыгына көрсөтүштү.

Топтун вице-президенти Кэти Пири чечим тууралуу жарыялап жатып, быйыл Сахаров сыйлыгына өз өлкөсүндөгү эркиндик жана демократия үчүн күрөшүп келаткан Беларустагы «эр жүрөк аялдар» татыктуу деп бекем ишенерин билдирди.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG