Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Беларуста оппозициянын мүчөсү уурдалды


Мария Колесникова. Минск, 30-август.
Мария Колесникова. Минск, 30-август.

Беларустагы оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесникованы 7-сентябрда Минскиде белгисиз адамдар уурдап кетти. Күбөлөрдүн айтымында, аны уурдагандар беткапчан, жарандык кийимчен болушкан.

Анастасия аттуу күбөнүн айтымында, Мария Колесникованы Минскинин Улуттук көркөм өнөр музейинин жанынан «Байланыш» деген жазуусу бар чакан автобуска беткапчан кишилер күчтөп салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Күбө окуя кандайча болгонун “TUT.by” кабар агенттигине айтып берген.

«Музейден анча алыс эмес паркта "Байланыш" деген жазуусу бар чакан автобусту көрдүм. Мен бир аз баскандан кийин эле жерге түшүп кеткен телефондун үнүн уктум. Кылчайып карасам, жарандык кийимчен кишилер Марияны күчкө салып автобуска түртүп жатышыптыр. Мариянын жерде жаткан телефонун бирөө жерден алды да автобуска түшүп айдап кетишти»,- деди Анастасия.

Ал ошондой эле Марияны уурдап бараткан кишилер беткапчан болгондуктан коркконунан видеого тартууга батынбаганын кошумчалады.

Колесникованын телефону азыркы тапта жооп бербей жатат жана беларус бийлиги бул окуя тууралуу комментарий бере элек. Координациялык кеңештин басма сөз катчысы Антон Родненков Колесникова Минскинин борборунө өзү жалгыз барганын билдирген.

Түштөн кийин оппозициянын Координациялык кеңешинин үч өкүлү - Колесникова, Родненков жана Иван Кравцов байланышка чыкпай калганы кабарланды.

Ал арада Литванын борбору Вильнюста жүргөн оппозициялык талапкер Светлана Тихановская 7-сентябрда Мария Колесникованын уурдалышы туурасында "Пул Первой" "Телеграм" каналынан билдирүү жасады.

«Бул режим терроризм менен алектенип жатат, мунун башка аты жок. Мария Колесникованы, Антон Родненковду жана Иван Кравцовду барымтага алуу менен Координациялык кеңештин ишин үзгүлтүккө учуратуу аракетин жасап жатышат. Бирок бул бизди токтото албайт. Алар канчалык коркутуп-үркүтсө ошончо көп адамдар көчөгө чыгат. Биз күрөшүбүздү улантабыз. Бардык саясий туткундарды бошотуп, жаңы жана таза шайлоону өткөрүүгө умтулабыз», - деп билдирди Светлана Тихановская.

Беларустагы оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөсү, мурдагы дипломат жана Купалов атындагы театрдын мурдагы директору Павел Латушко "Интерфакс" кабар агенттигине курган маегинде, Колесникованын уурдалышы анын кеңештеги активдүү ишмердигине байланыштуу экенин белгилеген.

«Кеңештин мүчөлөрү Антон Родненков жана Иван Кравцов да байланышка чыкпай жатышат. Биз муну да ырастап бере алабыз. Алар кайда жүрүшөт жана эмне болгону белгисиз. Биз болжолдоп айтканыбыз менен мунун баарын бийлик жасап жатканы айдан ачык. Алар мүмкүн болушунча кеңештин ишине тоскоолдук кылып жатышат», - деди Павел Латушко.

Мария Колесникованын кабарсыз жоголушун бир нече эл аралык ири кабар агенттиктери да жазып чыгышты. Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррелл "Твиттерде", Колесникава сыяктуу бир нече оппозиция лидерлерине карата "ырайымсыз" мамилени жүйө келтирип, Минскиден "өзүм билемдик менен адамдарды мыйзамсыз уурдап, камакка алуу тактикасын" токтотууну талап кылган билдирүү таратты.

Ал эми Европа Биримдигинин басма сөз катчысы Питер Стано Беларустагы себепсиз саясий камакка алуулар менен элди коркутуулар уланып жатканына терең тынчсыздануусун билдирди.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ольга Чемоданова "Азаттык" радиосунун беларус кызматына Колесникованын уурдалышы тууралуу маалыматка азырынча комментарий бере албасын билдирди.

Минск милициясынан Мария Колесникова баш болгон Координациялык кеңештин өкүлдөрүнүн кармалгандыгы жөнүндө маалымат түшпөгөнүн билдирди. Ал эми Беларус Мамлекеттик коопсуздук комитети бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Мария Колесникова президенттикке талапкер катары катталбай калган, ушул тушта камакта отурган Виктор Бабариконун штаб башчысы болгон. Соңку президенттик шайлоодо ал президенттикке талапкер, Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашы Светлана Тихановская менен каттоодон өтпөй калган дагы бир талапкердин аялы Валерия Цепкало менен бириккен.

Ал «үчилтик» деген аталыш менен таанылган бул топтун Беларуста калган жалгыз мүчөсү эле. Колесникова 6-сентябрда президент Александр Лукашенкого каршы нааразылык акцияларына катышкан. Анда 200гө жакын адам кармалды.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыяланган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес жана жарандарды тынч нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн. Дээрлик бир айга чукул мезгилден бери Минск баштаган бир катар шаарларда миңдеген адамдар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өтүшүн талап кылып жапырт каршылык акцияларына чыгып жатат. Бул акцияларында кеминде үч киши каза тапты, 60тай киши дайынсыз.

Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын Орусия жана Кыргызстан өндүү бир нече мурдагы постсоветтик мамлекеттер тааныган. Европа Биримдиги шайлоо жыйынтыктарын тааныбай, Балтика боюндагы үч өлкө Лукашенко жана анын тегерегиндеги 30дай жетекчиге каршы санкция жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG