Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:07

Беларуста оппозиция лидерине айыбы угузулду

Мария Колесникова.
Мария Колесникова.

16-сентябрда беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Мария Колесниковага «Улуттук коопсуздукка зыян келтирүүчү аракеттерге чакыруу» беренеси боюнча айып коюлду. Бул тууралуу өлкөнүн Тергөө комитети билдирди.

Колесникова 7-сентябрда кармалып, эки тилектеши менен бирге бийлик тарабынан Украинага күчтөп чыгаруу аракети болгон. Колесникова чет өлкөгө кетпесин билдирип, паспортун тытып жибергенден кийин Беларустун аймагында калган.

9-сентябрда Тергөө комитети оппозициялык Координациялык кеңештин президиум мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знак, ошондой эле адвокат Илья Салей «улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргени» үчүн кармалганын билдирген.

12-сентябрда Колесникова Минскидеги тергөө изоляторунан Жодинодогу колонияга которулган.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган түмөндөгөн эл толкуну ушул күнгө чейин басыла элек. БШК анда өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

​
XS
SM
MD
LG