Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Жээнбековдун жинин келтирген жагдай


Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында. 17-сентябрь, 2020-жыл.

Коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы күрөштүн үч жылдык жыйынтыгы талкууланды. Анда президент Сооронбай Жээнбеков бюджетти толтурган негизги мамлекеттик мекемелерде коррупция токтобой жатканын сындады. Кеңештин бул жолку отуруму Жээнбеков бийликке келгенине үч жыл болгон учурга тушташ өтүп, анын жемкорлукка каршы саясатына доомат күчөдү.

17-сентябрда Коопсуздук кеңеши укук коргоо органдарынын жемкорлукка каршы иштеринин жыйынтыгын, 2021-2024-жылдарга карата Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоорун карады.

Мамлекеттик мекемелердеги коррупция

Бардык бийлик бутактарынын жетекчилери катышкан жыйында президент Сооронбай Жээнбеков күч органдарынын башчыларын тилдеп, алардын коррупция менен күрөшүн сындады. Эл жемкорлукка каршы туруу боюнча талап коюп жатканын, шайлоодо партиялар да ушул маселени күн тартибине алып чыкканын белгиледи.

Укук коргоо органдары өз ичиндеги коррупционерлерден арыла албай жатканын айтып, «адамдар арызданып артынан түшкөндө гана чара көрүлөт» деди. Болбосо өз алдынча жемкорлуктун бетин ачкан факты жок. Прокуратура, милиция, сот кызматкерлерин мамлекет берип жаткан айлык жетпесе, кызматтан кетүүгө чакырды. Өзгөчө бюджетке киреше алып келе турган мекемелерде коррупция токтобой жатканына кейиди.

«Ушундай болуп жатса дарыгерлердин айлыктарын кантип көтөрөбүз!? Мен дарыгерлер менен барып сүйлөшкөндөн уялам. Ишенесиңерби… Айласыздан барып «чыдап тургула, айлыкты көтөрөбүз» деп айтып жатам. Барсаң күлүп, кол чаап тосуп алышат. Барып сүйлөшкөндөн уяласың, тартынасың. Менин бетим чыдабайт. Оюмдун баары алардын айлыгын кантип көтөрүш керек. Ал үчүн коррупция токтош керек да. Санариптештерүү болуш керек да. Айрыкча Бажы кызматы, Салык кызматы, мамлекеттик кызмат көрсөтүү, тоо кен тармагы, «Мүлк» фонду дегиле бюджетке салык түшө турган жерлер санарипке өтүш керек!».

Президент ким болбосун ээлеген кызматына, кылган эмгегине карабастан, коррупциялык иштерге аралашканы далилденсе жазасын аларын, коррупциялык иш жасагандарга карата кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтүнүн эскириши алып салынганын эскертти.

«Мыйзамсыз баюу» беренеси менен жоопко тартуу колдонула баштаганын, кирешелеринин жана чыгашаларынын мыйзамдуулугу шек жараткан кызмат адамдарына карата 18 иш катталганын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан бери кайталап келаткан санариптештирүү саясатына да токтолбой койгон жок. Ал муну коррупцияга каршы күрөштүн эң майнаптуу жолу катары көрөт. Мамлекеттик органдардын жетекчилери моюн толгоп, буга да бут тосуп жатканына ачууланды.

«Эки жылдан бери санариптештирүү керек деп айтып келем. Биринчи баштаганда бардык мамлекеттик органдар каршылык көрсөттүңөр. Бул факт да. Бир эле мисал, «Түндүк» электрондук системасына «киргиле» десем кошулган жоксуңар. Күч менен, Коопсуздук кеңешине алып келип сөгүш берип жатып, артыңардан кубалап жүрүп киргиздик. Кээ бир мекемелерде бул система министрликке, ведомствого кандай пайда берет деген анализ да жок. Мына, Бажы кызматын, Салык кызматын ур-токмок менен киргизип жатышат! Ур-токмок менен! Болбосо эң сонун шарт ушул эки органда. Каражат да бар».

Ал экономикалык кылмыштар үчүн айыпталган ишкерлерди дароо абакка отургузуу ыкмасынан качып, аларды күрөө менен бошотууну сунуштады. Себеби, башка кылмышкерлер менен бирге отурган ишкер түрмөдөн бизнесинен айрылып чыгарын билдирди.

Коопсуздук кеңешинин коррупция маселеси талкууланган жыйыны. 17-сентябрь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин коррупция маселеси талкууланган жыйыны. 17-сентябрь, 2020-жыл.

Уруш менен чектелген жыйын

Коррупцияга каршы күрөштүн үч жылдык жыйынтыгын чыгарган Коопсуздук кеңешинин жыйыны Сооронбай Жээнбеков президент болгонуна үч жыл болгон учурга туш келди. Ушул себептен кеңештин отуруму менен катар Жээнбековдун президенттик мөөнөтүндөгү коррупцияга каршы саясаты кошо талкууланып жатат.

«Элдик фронт» коомдук кыймылынын жетекчиси Абдымалик Мырзаев президенттин Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөздөрүн курулай билдирүү катары баалап, аны мындайча негиздеди:

«Коопсуздук кеңеши өзү накта коррупциялык орган. Себеби, президент ошол коррупциянын башында турат. Мекемелерди санариптештирип койсо эле коррупция жоюлуп кетпейт, коррупция менен мындай күрөшпөйт. Бийлик кааласа аны 24 саатта жок кылып койсо болот. Мыйзам иштебесе кайдагы санариптик система? Башкы прокурор, УКМКнын башчысы, ИИМдин жетекчиси бирөө да эл койгон талапка жооп бербейт. Бийлик эл үчүн эмес уурулар үчүн иштеп жатат. Чын эле коррупция менен күрөшө турган болсо «Райым миллионду» камабайбы. Мыйзамсыз байыгандарды, мамлекеттик кызматта иштеп туруп кымбат-кымбат машине айдаган, хан сарайларда жашагандарды иликтеш керек. Бул үчүн санариптин, «Түндүк» системасынын да кереги жок».

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо жеңип чыгып президент болуп шайланган. Кызматына ошол жылдын 24-ноябрында киришкен.

Шайлоо учурунда КТРКдагы дебатта Кыргызстандагы 35 чоң жемкордун аты-жөнүн билерин жана коррупция менен күрөштү алардан баштай турганы айтканы элдин эсинде. Жээнбеков андан түшкөн акчага мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын көтөрүү убадасын берген. Андан бери ал тизмеден кабар жок.

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөш маселеси тууралуу төрт жолу чогулду. Жээнбеков кеңештин отурумунда же жемкорлук маселеси талкууланган жыйында күч органдарынын жетекчилерин урушат. «Үмүт 2020» кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек мындай чогулуштарда айтылган сындар ошол эле бойдон калып, жыйынтык жок деп эсептейт.

«Президент, УКМКнын жетекчиси Бажы кызматын, сот системасын, Салык кызматын коррупцияланышкан орган деп айтып жатышат. Эл аралык рейтингде, Кыргызстандын Статистика комитети чыгарган жыйынтык боюнча деле ушул мекемелер коррупция боюнча лидер. Башка өлкөлөрдө жемкорлук гүлдөгөн жерде абал өзгөрбөсө, жетекчиси кызматтан алынат. Бизде Жогорку соттун төрайымы, Бажынын жетекчиси, УКМКнын башчысы, Башкы прокуратуранын жетекчиси ордунан жылбай эле отурат. Баарынан да эң негизги жоопкерчилик президентте. Анткени ал сөз болгон күч органдарынын башында турат».

Жемкорлор «жеген» акча

Эми коррупциялык иштер боюнча күч органдарынын маалыматына токтолсок. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун сөзү боюнча, прокуратура жана башка укук коргоо органдары тарабынан 2018-2019-жылдары жана 2020-жылдын сегиз айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6 541 факты катталган. Анын ичинен 1 576 жазык иши боюнча тергөө аяктап, сотко 965 гана иш өткөн.

Мунун ичинде 2018-жылы 391, 2019-жылы 344, 2020-жылдын сегиз айында 230 иш. Бул жылдарда кызматтык жана коррупциялык кылмыштарга байланышкан жазык иштер боюнча мамлекеттик бюджетке 5 миллиард 826 миллион сом өндүрүлгөн. Ал эми 2,5 жыл ичинде кызматтык же коррупциялык кылмышы үчүн айыпталган 648 адам сот жообуна тартылган. Булардан соттун өкүмдөрүнүн негизинде 334 миллион 519 миң сом өндүрүлгөн.

Коопсуздук кеңешинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасы Бакир Таиров да баяндама жасады. Анын маалыматына караганда, 2018-жылдан бери кызматтык жана коррупциялык иштер, пара алуу, коррупциялык схемаларды түзүү боюнча 2981 факт аныкталып, анын 291 гана сотко жөнөтүлгөн. Андан мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы бир миллиард 200 миллион сомду түзгөн. Учурда анын ичинен 585 миллион 400 миң сом мамлекетке кайтарылды. 8,5 миллион сомдук мүлккө арест салынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин 392 кызматкери жоопко тартылды. Таиров Бажы кызматындагы ири коррупциялык иштердин айрымдары тууралуу маалымат берип, ага байланыштуу 30дан ашуун киши жоопко тартылганын айтты.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев 2018-жылдан бери атайын кызмат коррупция боюнча 1017 иш козгогонун билдирди. Алар боюнча 529 кишинин жоопкерчилиги каралып, 96сы соттолгон. Опумбаев Кыргызстандагы жемкорлук гүлдөгөн мекемелердин тизмектеп, президентке салыштырмалуу ага Бажыны кошкон жок.

Орозбек Опумбаев.
Орозбек Опумбаев.

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бюджедке келтирилген 1 миллиард 230 миллион сомду кайтарууга салым кошту. Мамлекеттик башкаруунун төмөнкү чөйрөлөрүндө туруктуу коррупциялык схемалар бар экени аныкталды. Алар: мамлекеттик сатып алуу, сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдары, фискалдык функциялары жана лицензиялык- уруксат берүү иш-милдеттери бар органдар, мамлекеттик мүлктү жана муниципалдык менчикти башкаруу. Атайын кызматтын коррупцияга каршы күрөшү ушул багыттар боюнча күчөтүлгөн».

«Коррупция – мамлекеттик жумуш болуп калды»

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13,6 миллиард сом болсо, анын ичинен болгону 5 миллиард 827 миллион сом гана өндүрүлгөн. Саясатчы Бектур Асанов бийликтин коррупцияга каршы азыркы саясаты менен жыйынтык чыкпасын айтууда.

«Эң чоң коррупциялык иштер, эл «качан чечилет?» деп күтүп жаткан иштер боюнча бир да жыйынтык жок. Бажыдагы, энергетикадагы коррупция Бакиевдин, Атамбаевдин убагында кандай иштеп жаткан болсо азыр да ошондой эле иштеп жатат. Кыргызстанда коррупция деген – мамлекеттик эле жумуш болуп калды. Сооронбай Жээнбеков коррупционерлердин, олигархиялык топтордун чеңгелинде калды».

Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынында коррупцияга каршы жаңы стратегия кабыл алынды. 2024-жылга чейин деп эсептелген жаңы стратегияны ишке ашыруу үчүн 82 антикоррупциялык иш-чара пландалды.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. Уюмдун быйылкы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

Пикирлерди көрүңүз (39)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG