Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Жээнбеков: Санариптештирүү туура тандалган багыт болгонун убакыт көрсөттү


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан санариптештирүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары тандап алганы туура жана өз учурунда кабыл алынган чечим болгон деп эсептейт. Бул тууралуу ал 4-июнда облустардын жетекчилери жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери менен өткөргөн видеоконференцияда айтты.

Президент бул багытта мамлекеттик кызмат көрсөтүү, социалдык тейлөө, айрыкча билим берүү тармагында мурда башталган аракеттер өз натыйжасын карантин шартында да көрсөтө алганын белгилеп, IT-штабдын жардамы менен бир катар санарип системалар ишке киргизилгенин белгиледи.

Пилоттук негизде иштей баштаган „Санарип аймак“ платформасы аркылуу айрым айыл өкмөттөрүндө маалыматтар санарипке өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми быйылкы 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыяланган.

Быйыл февраль айында санариптештирүү шартында жарандардын маалыматтык коопсуздугу тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Депутат Марлен Маматалиев Кыргызстанда акча төлөп, каалаган адамдын жеке маалыматын билсе болот деп эсептей турганын айткан.

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» ишканасы жеке маалымат башка колго өткөнү тууралуу жарандардан арыз келип түшпөгөнүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG