Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 11:05

Жээнбековдун коррупцияга каршы жаңы стратегиясы


Президент Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын антикоррупциялык жаңы стратегиясын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында бекитүү сунушталды.

Документтин жаңы редакциясы үч ай мурда иштелип чыккан. Президент Сооронбай Жээнбеков бийликке келген үч жылдан бери коррупцияга каршы күрөш аёосуз жүрүп жатканын айтып келет. Мындан күмөн санагандар көп.

Төрт жылдык стратегия

2021-2024-жылдарга карата Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоору жөнүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 26-августта, президент Сооронбай Жээнбековго маалымат берди. Документти береги кеңеш атайын тартылган эркин эксперттер менен кошо быйыл май айында иштеп чыккан.

Сагынбаев долбоордо өлкөнүн антикоррупциялык саясатын күчтөндүрүүчү жаңы ыкмалар камтылганын, ал азыркы учурдун чакырыктары менен коркунучтарына жооп бере турганын белгиледи.

Президенттик аппарат тараткан видеодо Дамир Сагынбаев жаңы документ Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына чыгарыларын кабарлады:

Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

«Сентябрда өткөрүү пландалып жаткан Коопсуздук кеңешинин отурумунда эки маселе каралат. Эки жарым жыл аралыгында республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгы чыгарылат жана ошондой эле Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоору каралып, бекитилет».

Коопсуздук кеңешинин катчысы мындан сырткары өкмөт менен бирге декларациялык мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган мыйзам долбоору иштелип чыкканын кошумчалады. Анын айтымында, мыйзам долбоору азыр Жогорку Кеңештин кароосунда.

Стратегия демекчи, коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу орто же узак мөөнөттүү мамлекеттик документти кабыл алуу маселеси алгачкы президент Аскар Акаевдин тушунда көтөрүлгөн.

Маселе Коопсуздук кеңешинин 2003-жылдын март айындагы жыйынында талкууланып, стратегиянын негизи иштелип чыккан. Анда стратегия өзү кабыл алынган эмес, бирок коррупцияга каршы мыйзамдар иштей баштаган.

Өлкөдөгү биринчи төңкөрүштөн кийин, 2005-жылдын июнь айында президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик биринчи стратегияга кол койгон.

Бакиев 2009-жылы документти «улуттук» деген макам менен экинчи жолу кабыл алган.

Андан кийин «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруунун мамлекеттик стратегиясы» аттуу документти төртүнчү президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 2-февралындагы (№26) жарлыгы менен бекиткен. Ошондон бери, жети-сегиз жыл ичинде анын жаңы редакциясы каралган эмес.

Бул жагдайды 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да козгоп, өлкөнүн коррупцияга каршы базалык документи болушу зарыл экенине токтолгон.

«Азыркы убакта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоо жүргүзүлүүдө. Калк үчүн көрсөтүлүүчү кызматтар электрондук форматка которулуп жатат. Товарларды маркирлөө, салык жоболорун фискалдаштыруу, бажыны санариптештирүү коррупциялык элементтерди жоюуга багытталган. Коррупциялык укук бузуу фактылары тууралуу билдирген жаранды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди. Патрулдук милициянын ишке кириши менен жол тескөөчүлөргө даттангандар да азая баштады. Коррупция менен күрөш токтобойт, уланат. Топтогон тажрыйбаларды талдап, жаңы жагдайларды эске алабыз. Антикоррупциялык мамлекеттик стратегия 2012-жылы кабыл алынган. Андан бери жети жарым жыл өттү, азыр заман өзгөрүп, улам жаңы чакырыктар, жаңы коркунучтар, жаңы схемалар пайда болууда. Ошондуктан Антикоррупциялык саясат боюнча мамлекеттик жаңы стратегия иштеп чыгууга тапшырма бергем, бул киргизилет жана жакын арада аны кабыл алабыз», - деген президент.

Жаңы стратегияны Коопсуздук кеңеши жактырса, андан кийин президенттин жарлыгы менен кабыл алат.

«Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө үч жыл кечикти»

Антикоррупциялык стратегия – бул аты айтып тургандай эле жемкорлукка, кызматтык жана экономикалык кылмыштарга, паракорлукка каршы күрөш жана алардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын багыты жазылган документ. Ага кошумча аткарылчу иш-чаралардын тизмеси, аларды координациялоо жана жүзөгө ашыруу механизмдери камтылган план да кабыл алынат.

Укук коргоо органдары коррупцияга каршы күрөшүн мыйзамдан сырткары ушул стратегияга жана анын иш-чаралар планына негиздеп алып барат. Бирок адистер стратегия кагаз жүзүндө гана калып кетүү коркунучу бар экенин эскертишет.

«Transparency International Kyrgyzstan» борборунун өкүлү Адылбек Шаршенбаев «Азаттыкка» мындайча комментарий берди:

Адылбек Шаршенбаев.
Адылбек Шаршенбаев.

«Биринчиден, бул стратегияны иштеп чыгууда элдин пикири эске алынган жок. «Документ эксперттер менен чогуу иштелип чыкты» деп кабарлашыптыр. Бирок укуктук-ченемдик документтер коомдук талкууга коюлуп, элдин жана жарандык коомдун да сунуш-пикирлери камтылышы керек эле. Анткени коррупция бул ар бир жаранга таасир бере турган көрүнүш. Зарыл болсо алдын-ала талдоо жүргүзүп, ошонун негизинде иштеп чыгыш керек эле. Мурдагы, 2012-жылкы стратегия да ошондой болуп, аткарылчу иш-чаралары жок эле кабыл алынып калган. Укук коргоо органдары, тиешелүү мекемелер баштагы документти карап, тияк-бияктан кошумчалап бүтүрүп салышкан. Биз сындап чыккандан кийин анан план кабыл алышкан. Экинчиден, маселе анын аткарылышында. Бизде антикоррупциялык стратегия «бизде стратегия бар» деген сөз үчүн эле жазылып жатат. Аны канчалык кооз кылып, абдан келиштирип жазса да ишке ашырбаса ошол боюнча кала берет. Бизде канча сонун мыйзамдар бар, бирок алар иштебегени үчүн абалыбыз ушул боюнча калып жатат. Ошол эле декларация боюнча мыйзам толук иштеген жок».

2017-жылкы шайлоодо коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү чакырыктары менен утуп чыккан президент Сооронбай Жээнбеков үч жылча убакытта ушул жөнүндө көп сөз кылды. Ал башында турган Коопсуздук кеңешинин жыйындарында жемкорлукту жок кылуу бир нече жолу күн тартибинде болуп, бул багыттагы аткарылып жаткан иштер жана пландар талкууланган.

Коопсуздук кеңешинин быйылкы 24-январдагы жыйынында эле өкмөткө 30 мамлекеттик кызматкерге чара көрүү сунушталган. Ошондой эле мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөш, санариптештирүү иштери жетишсиз деп табылып, тоо-кен тармагындагы жумуштарга канааттандырарлык эмес деген баа берилген.

Башка жагынан алганда Жээнбеков бийликке келгенден бери мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бир катар аткаминерлер камалды. Кесилгендердин баары эле «Коррупция» беренеси менен соттолгон жок, ошентсе да азыркы бийликтин тарапташтары муну бешинчи президенттин жемкорлукка каршы күрөшүнүн жемиши катары баалап жүрүшөт. Бирок бул жүйөгө кошулбагандар да бар.

Коомдук ишмер Ахунбай Кошой буларга токтолду:

Ахунбай Кошой.
Ахунбай Кошой.

«Абдан кечигип калышты. Бийликке келгенине эки жарым, үч жыл болуп жатат. Коррупцияга каршы стратегияны «эми жазып жатам» дегени - бул президенттин чабалдыгы. Салыштырмалуу карасак, мына Грузияда Саакашвили кызматка келгендин биринчи-экинчи жылы эле эмне деген кардиналдуу өзгөртүүлөрдү жасап жиберди? Азыр мына Арменияда Пашинян коррупцияга каршы кандай гана чараларды, реформаларды заматта кылды. Бизде 30 жылдан берки «коррупция менен күрөшөбүз» деген нерсе уланып келе жатат, бирок жыйынтык жок. Стратегиясыбы, мыйзамыбы же башкасыбы, Жээнбеков бийликке келгендин биринчи күндөрү айтышы керек эле жана анысын реалдуу иштер менен көргөзүшү керек болчу. Жада калса өзү шайлоо өнөктүгүндө «мен 35 коррупционердин аты-жөнүн билем» деп айткан сөзүнүн да өтөсүнө чыга алган жок. Керек болсо ошонун бирөөнү атап, камай албады. Бирин-серин өздөрү колго түшүп калган жемкорлор, алар майда эле нерселер. Коррупция менен күрөш үчүн бардык тармактарда фундаменталдуу жана фронталдуу аракет болушу керек. Жөн эле репрессия кылбай, мыйзамдын негизинде күнөөсүн далилдеп, коррупционерлерди камап, уурдаган акчасын бюджетке төктүрүш керек эле. Мыйзам менен стратегияны кайра-кайра жазсаң да ал аткарылбаса жана реалдуу иш болбосо, ал коррупция менен күрөш болуп эсептелбейт. Демек, андай чечкиндүү кадамдарга барууга азыркы президенттин алы жетпейт экен, аны ачык эле айтыш керек».

«Transparency International» эл аралык уюмунун коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 2020-жылы Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашкан. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

Дүйнөдө Антикоррупциялык стратегиялардын ичинен Сингапурдуку, Финляндияныкы жана Швецияныкы көбүрөөк белгилүү. Сингапурдун стратегиясы катуу талабы жана ырааттуулугу менен мүнөздөлсө, Финляндияда жемкорлук катардагы кылмыш катары бааланып, ага баргандар жеңилирээк жазаланат. Ал эми шведдердин коррупцияга күрөшү көбүрөөк алдын алуу же стимул жана жеңилдиктерди берүү менен жүрөрү маалым.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (51)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG