Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Коопсуздук кеңеши: жаңы антикоррупциялык стратегиянын долбоору иштелип чыкты


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 24-январь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 24-январь, 2020-жыл.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы эркин эксперттер менен бирге 2021-2024-жылдарга карата Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттерди даярдап, коррупциянын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

26-августта Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев президент Сооронбай Жээнбековду жаңы стратегиянын долбоору менен тааныштырды. Жакынкы күндөрү долбоор Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланат.

Жаңы стратегия жазууда эки жыл аралыгындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгы чыгарылган. Дамир Сагынбаев стратегияда коррупция менен системалуу күрөшүү жана жаңы механизмдер камтылганын билдирди. Ошондой эле катчы декларация тапшыруу боюнча жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда экенин билдирди.

«Аталган мыйзам долбоору менен антикоррупциялык механизмдер киргизилет жана бардык деңгээлдеги аткаминерлердин чыгашалары менен кирешелерине көзөмөл олуттуу күчөтүлөт. Аны кабыл алуу менен биздин декларациялык өнөктүк бир топ эле натыйжалуу болот», - деди Сагынбаев.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуда заманбап санарип технологияларды колдонуу керек экенин билдирди.

2020-жылы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG