Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Спикердин саясатташкан көрүндүгү


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Спикердин шайын оодарган сүйүнчү пул, COVID-19 демократияны өлтүрөбү? Дареги жок учкан каттамдар көбөйдү.

“Eurasinet” онлайн басылмасы Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген окуясын талдаган макала жарыялады.

«Кыргыз коомчулугу азыр "бул акча кайсыл капчыктан алынды?" деген маселеге кызыгып турат. “Парламенттин төрагасы ымыркайга өзүнүн ысымы берилгенине кубанып, көз жарган энеге 600 доллардай акча карматкан.

14-сентябрда Таласта болгон окуя кийин Борбордук шайлоо комитетинде териштирүүгө чейин жетти.

Буга чейин “Кыргызстан” партиясы ар бир жаңы төрөгөн келинге 50 миң сомдон сүйүнчү берилерин үгүт кампаниясы учурунда жарыялаган. 2018-жылдан бери сүйүнчү пул катары бир ирет 4 миң сомдон акча берилип келет.

Таласта эл менен жолукканда спикер Жумабеков: “Өлкө экономикасы өнүгүп жатат, ушундан улам энелерге сүйүнчү пул да көбөйөт. Азыр 4 миң сомдон алса, эмдиги жылы 10, андан кийинки жылы 15 миң сомго чейин жетет”, - деп айтып, бул сумманы келечекте 50 миң сомго чейин көтөрө турганын жар салган.

Мындай убада “Кыргызстан” партиясынын жол боюндагы чоң жарнамалык плакаттарында да бажырайып жазылып турат. Анда рекламалык сүрөттөрдө жашы жете элек балдарды пайдаланбоо тууралуу эреже да бузулган.

"Кыргызстан" партиясы спикер сүйүнчү акчаны кайдан алганын тактай албай пресс-релизин үч жолу алмаштырып жазууга аргасыз болду», - деген басылма БШКнын андан аркы аракеттери жана социалдык медиадагы бул окуяга болгон маанайды кенен сүрөттөдү.

БШК спикердин ал кадамынан мыйзамсыз иш таппай, шайлоо марафонунан анын талапкердигин чыгарууга негиз жок деп тапканын кошумчалай кетели.

ЕККУ: вирус шайлоолорду көзөмөлдөөгө тоскоол болду

“Martinsville Bulletin” гезити Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму пандемиянын айынан өз байкоочуларын АКШ менен Кыргызстандагы шайлоого жибере албай жатканын кабарлады.

3-ноябрда Америкада өтө турган президенттик шайлоого аталган уюмдан 500дөй байкоочу бармак. Коронавирустун айынан 30 гана байкоочу АКШга сапар тарта турган болду.

2002-жылдан бери АКШ, Беларус жана Кыргызстандагы шайлоолордун адилет, коопсуз өтүшүнө сереп салган бул уюм акыркы 10 жылдагы эң чоң чектөөгө учурап олтурат. Америкада электрондук добуш берүүнү пандемиянын айынан жүзөгө ашырып жатат.

ЕККУнун 100 узак мөөнөттүк, 400 кыска убакытка жиберилчү байкоочулары АКШда бир айдай болуп, шайлоонун өтүшүнө көз салмак. 2019-жылы март айында ЕККУ курамына Орусиянын да байкоочулары кирген атайын топту 4-ноябрдагы шайлоону көзөмөлдөөгө уруксат сурап кайрылган. Адатта уюмдун бир нече кишилик делегациясы шайлоо болордон бир ай мурда шайлоо өтчү өлкөгө барып, үгүт иштери, шайлоо маалындагы мыйзам бузуулар сыяктуу бир нече аспекттерди байкап турушчу.

«Батыш Кентукки университетинин саясат таануучу профессору Тимоти Рич “Америкадагы адилет шайлоону камсыздоо демократиянын ажырагыс бөлүгү. Эл аралык байкоочулар коомдогу шек саноолорго бейтарап жооп бере алчу күч экени талашсыз», - деген.

Кыргызстанга ЕККУ бул ирет карантиндик чектөөлөрдөн улам байкоочу жибере албай турганын жарыялады.

COVID-19 демократияны өлтүрөбү?

“Foreign Policy” журналы коронавирус пандемиясы авторитардык бийликтин мизин курчутуп, демократиялык жараяндарды солгундата турганын Чыгыш Африкадагы Танзаниянын мисалында жазды.

«Пандемия арышын арттырган сайын мамлекеттик башкаруу, демократиялык коомду бекемдөө иштери улам солгундап баратат. Бул жагдай кайсы бир мамлекетти алсыздандырып эле тынбай, ар бир атуулдун ден соолугу, укугуна жарака кетирүүдө.

Жакырчылык, медициналык тейлөөнүн адилетсиздиги атуулдардын үмүтүн талкалап, пандемиянын айынан бир топ чыр-чатактар чыкканы турат. Алсыз топко кирген коомчулук оорунун алдын албай, жакырчылык сазына батканын бийлик билиши керек эле.

Бийлик мындай шартта ачык башкарууга өтүп, маалымат чогултууну жайылтып, ички кыйынчылыктарды эл аралык жана ич ара чөйрөдө саясатташтырбоого тийиш. Маселен Танзанияда ансыз да оорудан кыйналган элди “бульдозер” деген ылакап ат менен белгилүү, өзүнө каршы чыккандарды дароо жок кылган президент Жон Магуфули ого бетер азапка салууда.

Ал 2016-жылдан бери оппозицияны бутага алып, тынчтык жараяндарын өткөрүүгө жана саясий көз карашты билдирүүгө толук тыюу салган. Танзанияда журналисттердин коопсуздугу коркунучка кабылып, эл аралык басма сөз өкүлдөрүнө кысым күчөдү. Магуфули бийликке келгенден бери Танзаниядагы сөз эркиндиги дүйнөлүк рейтингде 53-орунга ылдыйлаган.

Пандемия башталгандан бери Танзания парламентинин үч өкүлү бир нече күндүн ичинде себеби билинбей эле каза болушту», - деген журнал ушул эле Чыгыш Африкадагы Кения мамлекетиндеги авторитардык бийликтин пандемиядагы ролун да талдады.

Багытсыз учкандар көбөйдү

“Washington Post” гезити пандемиянын айынан аба компанияларынын иши токтоп, кризистен чыгуу үчүн алар акыркы маалда кардарларга өзгөчө тейлөө сунуштап жатканын жазды.

Сиднейдеги “Qantas” компаниясы багыты жок эле асманда жети саат учуп жүрүүгө билет сата баштады. Мындай жарыя чыгары менен кардарлар 10 мүнөт ичинде билеттин баарын сатып алышкан. Алар учакка түшүп жети саат асманда жөн эле ары-бери учуп жүрөт да, кайра учак абага көтөрүлгөн аба майданга келип конушат.

Мындай кызматты Азия аба жолдору, Тайвань, Жапония жана Сингапурдун айрым аба компаниялары да ишке ашыра баштады. Бир билеттин баасы 575 доллардан 3 787 долларга чейин жетет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG