Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

БШК Жумабековду «депутаттыкка талапкер» макамынан ажыраткан жок (видео)


"Кыргызстан" партиясынан талапкер Дастан Жумабеков, 20-август, 2020-жыл
"Кыргызстан" партиясынан талапкер Дастан Жумабеков, 20-август, 2020-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу маалымдоо жана үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого "талапкер" деген макамын жокко чыгарууну сунуш кылган.

18-сентябрда бул сунуш БШКнын жыйынында каралып, колдоо тапкан жок. Боршайком «Кыргызстан» партиясына шайлоо эрежесин сактоону эскертти.

Боршайком спикер Жумабековго "боор тартты"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин Жумабековдун үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, акча фонддон бөлүнгөнүн билдирген. Ошентип, төраганын сүйүнчү бергени тууралуу расмий маалымат үч жолу өзгөртүлгөн.

Төраганын фонду - мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо, административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе - шайлоочуну сатып алуу катары бааланат.

Спикердин жаңы төрөгөн келинге акча бергенине байланыштуу маселени БШКнын карамагындагы жумушчу топ карап чыкмай болгон. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага үгүткө катышпай эле аймактарда иш сапарында жүргөнүн билдирди.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган.

XS
SM
MD
LG