Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

БШК «Балага сүйүнчү» деген чакырыгы үчүн «Кыргызстан» партиясына эскертүү берди


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого катышып жаткан «Кыргызстан» саясий партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берди. Буга чейин партиянын үгүт материалында ушул өңдүү жарыя болгон.

БШК 14-сентябрда партиянын жарнагына даттанган жарандын арызын карады. Үгүт эрежесине ылайык, плакатта балдардын жана өспүрүмдөрдүн сүрөтүн колдонууга тыюу салынгандыктан, мындай чакырык мыйзамсыз деп табылып, ал жарнама материалдарын алып салуу милдеттендирилди.

Ал арада 14-сентябрда Интернеттеги социалдык түйүндөргө «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланды.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов талапкерлер үгүт маалында кайрымдуулук иштери менен алектенбеши керек экенин, бирөөгө акчалай жардам берүү добуш сатып алууга тете экенин «Азаттыкка» билдирди.

Жумабековдун ымыркайдын энесине акча берип жатканы тартылган сүрөттөр бир күндөн соң соцтармактардан өчүрүлдү.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. 4-сентябрда бир айлык үгүт башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG