Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Апта: БШК менен партиянын тиреши, алты айга аяк баскан пандемия


Бул парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" Боршайкомду сотто утуп алган экинчи партия болуп калды.
Бул парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" Боршайкомду сотто утуп алган экинчи партия болуп калды.

Узап бараткан аптанын (7-13-сентябрь) урунттуу окуяларына сереп.

Узап бараткан аптада «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) сотто утуп алды. Бишкектин административдик соту 9-сентябрда партиянын аларды шайлоодон четтетүү тууралуу Боршайкомдун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырды. Мекеменин төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындан ары соттун жогорку инстанциясына кайрылышпай турганын айтты:

«Шайлоо процесси кызуу фазасында экенин жана бардык саясий партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүүнүн зарылчылыгын эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көбү Жогорку сотко арыздануудан баш тартып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоону чечти».


Бул парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» Боршайкомду сотто утуп алган экинчи партия болуп калды. Буга чейин «Кыргызстан» партиясын да каттоодо талаш чыккан жана ал соттошууга чейин жеткен. Шайлоо мекемеси бул партияны документ тапшырууда мыйзам бузган деген негизде каттабай койгон. Жогорку сот бул иште «Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарган.

Шайлоого байлыныштуу соттошуулар бир катар талаш-талкууга жем таштады. БШКнын төрайымынын мурдагы орун басары Жаркын Бапанованын пикиринде, мындай окуялар шайлоо мекемесине карата дооматты дагы күчөттү:

«Мындан БШКнын аброю кетип жатат. Чырдашкан жаман көрүнүш, азыркы көрүнүш дагы уланат. Шайлоодон кийин өтпөй калгандар «БШК туура эмес кылды» деп соттошо башташат. Ошондой көрүнүшкө баратабыз», - деди Бапанова.


Деген менен БШК менен соттошууларды саясат менен байланыштыргандар да жок эмес. Жарандык активист Гүлжигит Исаков шайлоо калыс, атаандаштык шартта өтөөрүнө ишенбейт жана «бул саясий жараянды бийлик көзөмөлдөп жатат» деген ойдо:

«Бийликтин бардык бутактары өз милдетин аткарбай калганы сыр эмес. БШКнын чечимдеринде саясат бар экени белгилүү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 2010-2015-жылдары деле де-факто өткөн. Бул сапар бийлик жарышка жеткирбей өткөрбөө планын карап көрдү. Бирок коомчулукта нааразылык күчөп кетпеши үчүн артка чегинди».

Айтор бул жагдай БШК өз алдынча мекеме боло алдыбы деген суроону да козгоду. Саясий серепчи Алмаз Тажибай соңку окуялардан улам БШКнын курамын, шайлоо өткөрүү формасын өзгөртүү зарылдыгы тууралуу айтты:

«Элдин ишеними жок болуп жатат. Алар атайылап кылып жатабы же партиялар, президент басым жасап жатабы деген шек жаралууда. Мындай күмөндү так аракеттер менен жоюш керек. Ал үчүн так жазылган шайлоо мыйзамдары зарыл. Азыр мыйзамдарда айрым учурлар так көрсөтүлбөй калгандыктан кемчилик кетип жатат».


Шайлоого көз салган серепчи Айнура Усупбекова да партияны каттоо, шайлоо өткөрүү сыяктуу эреже-мыйзамдар так жазылбай калган деген пикирге кошулат. Анын оюнда, мындан тышкары партиялык түзүлүш да жакшы өнүкпөгөндүктөн, партиялар документ жана башка юридикалык маселеден аксап жатышат. Ушундан улам айрым учурда кырдаалга карап бийлик саясий чечим чыгарып жатат.

«Соттун чыгарган чечими саясий кырдаалды оңдоп кеткендей болду. Мен эки маселе бар деп айтам. Биринчиси - партиялар жазылган мыйзамды туура сактабай жатышат. Экинчиси - БШКда бардык аракеттер, эрежелер так жазылган эмес. Акыркы окуялардын баары саясий чечимдер болду».

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт жана анда 16 партия жарышканы жатат. Ушул тушта үгүт өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан кези.

Ал ортодо президент Сооронбай Жээнбеков партиялар үгүт иштериндеги эл менен жолугушууларда санитардык эрежелер сакталбай жатканын сынга алды. КТРКнын «Биринчи радиосундагы» соңку маегинде ал партиялар үлгү болушу керектигин белгиледи.

«Партиялар азыркы кырдаалда саясий гана маданиятка эмес, социалдык да маданиятка таасир этип жатышат. Мына көрүп жатабыз, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Айрым партияларда эл менен жолугушууларда беткап тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо деген жөнөкөй эрежелер сакталбай жатат. Майда деп, буга маани бербей койгонго болбойт. «Эл башкарам, элдин тагдырын чечем» деген азаматтарыбыз бул маселеде да элге үлгү болушу керек деп эсептейм», - деди президент.

Жээнбеков ошондой эле парламенттик башкарууну өнүктүрүү үчүн партиялык система калыптанышы керектигин айтып, партия тизмелери идеялык негизде түзүлбөй жатканын белгиледи:

«Партиялык тизмелер көбүнчөсү идеялык эмес, айрым учурда каржылык же болбосо тигил же бул инсандын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатат. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Бул эми азыркы табигый көрүнүш. Кечээ же бүгүн чыгып калган жок. Мен жогоруда бекеринен айткан жокмун. Өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө. Мыйзамды кынтыксыз аткарыш керек», - деди президент.

Вакцина сыноо түйшүгү

Бул аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) коронавирус пандемиясы башталганын жарыялаганына туура жарым жыл болду.

Өткөн жылдын этегинде Кытайда башталып, дүйнөгө тараган коронавирустан каза болгондордун саны дээрлик бир милилонго чукулдап калды. Бул илдетти 28 миллиондон ашык адам жуктуруп алды.

Акыркы беш күндө эле дүйнөдө вируска кабылгандар бир миллиондон ашык адам болуп көбөйдү. Бир ай аралыгында вирус жугузуп алгандарга сегиз миллион киши кошулду.

АКШ, Индия жана Бразилия дагы деле оору очогу бойдон калууда. Бир катар Европа өлкөлөрүндө да оорунун жайылышы көбөйүп жатат. Мындан улам Германия Чехиянын борбору Прага шаарын «кызыл зонага» киргизди жана өз жарандарын ал жакка барбай турууга чакырды.

Мындай көрсөткүч «AstraZeneca» фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасын сыноонун акыркы баскычын убактылуу токтоткон маалга туш келди.

Аталган компаниянын вакцинасын сыноонун үчүнчү баскычында дүйнө жүзү боюнча 30 миңдей адам катышып жаткан. Алардын бири, Британиядагы ыктыярчы аял неврологиялык белгилери бар, омуртканы сезгенткен илдетке чалдыккан. Мындан улам компания сыноо иштерин убактылуу токтоткон. Вакцинаны Оксфорд университети менен бирге даярдап жаткан компания жагдайды көз карандысыз комиссия текшере турганын билдирди.


«AstraZeneca» вакцинаны сыноонун үчүнчү баскычына жеткен, тактап айтканда, адамдарга сайып сынап жаткан дүйнөдөгү тогуз компаниянын бири.

Ал арада Бразилиянын Сан-Паулу штатынын губернатору кытайлык компаниянын вакцинасын сыноонун үчүнчү этабында «жалаң оң жыйынтыктар чыгып жатат» деп жарыялады жана мындан улам препарат ушул жылдын аягында эле элге жапырт сайыла баштарын билдирди.

Бразилия оорудан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири жана илдет жуккан, ажал тапкан жарандардын санына карап дүйнөдө экинчи орунда турат. Ушул тушта өлкөнүн алты штатында Кытайдын «Sinovac Biotech» компаниясы даярдап жаткан вакцина адамдарга сыналып жатат.

Сан-Паулу штатынын губернатору Жоао Дориа 9-сентябрдагы басма сөз жыйынында жашы алтымыштан өткөн, вакцина сайдырган ыктыярчылардын дээрлик 98 пайызында иммунитет пайда болгонун маалымдады. Ал өлкөнүн оор абалга кабылганы үчүн вирустун олуттуулугун ушул күнгө чейин жокко чыгарып келген президентти айыптады:

«Биздин өлкөдө вирустун олуттуулугун мойнуна албаган, аны жокко чыгарган лидер бар! Ал «бул пандемия эмес, беткап тагынуунун кереги жок, колду тазалап туруу жардам бербейт» деп айтат жана аралыкты сактоо туралуу эч кандай сунуш бербейт, обочолонууну жектейт, ал тургай гидроксихлорохинди колдонгула дейт. Мунун баары Сан-Паулу штатында, дегеле бардык штаттарда губернаторлордун коронавируска каршы күрөшүн кыйындатты».

Ушул тапта Мексика Орусиядан «Sputnik V» вакцинасынын 32 миллион дозасын алуу тууралуу макулдашты. Орусиянын Түз инвестициялар фонду Мексикада уруксат иштери бүткөндөн кийин препарат ноябрь айында жөнөтүлө баштарын билдирди.


Муну менен катар, дүйнөдөгү айрым илимпоздор Орусияда даярдалган вакцинанын клиникалык сыноосуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып чыгышты. Белгилүү «Lancet» медициналык журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен. Бул вакцинаны даярдаган Гамалея борбору мындай күмөн саноо орунсуз экенин айткан.

Кыргызстанда бул ооруну жалпысынан өлкөдө 45 миңге чукул адам жуктуруп алды, 1063 бейтап көз жумду.

Аталган штабдын эсебинде, өлкөдө коронавируска байланыштуу эң чоң көрсөткүч 17-18-июль күндөрү катталган. Анда бул оору 17-июлда 1654, ал эми 18-июлда 1264 кишиден аныкталган.

Ал арада Бишкек шаарынын мэриясы эпидемиологиялык абал курчуп кетпеши үчүн коомдук тамактануучу жай, кафе-ресторан жана тойканаларга көзөмөлдү күчөттү. Ага ылайык, мындай жайлар эрежени бузган учурда Бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде териштирүү жүргүзүлөт. Эгер экинчи жолу кайталаса Жазык кодексине ылайык сотко чейинки териштирүү башталат.

Мэрия шаардыктарды коомдук тамактануучу жайларда той, куран окутуу сыяктуу жапырт иш-чараларды өткөрбөөгө чакырды.

Кабул менен «Талибан» бир үстөлгө отурду

Катарда 12-сентябрда ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча көзмө-көз сүйлөшүүлөрү башталды.

Сүйлөшүүлөрдү баштоо аземинде Ооганстандын Улуттук кайра биригүү кеңешинин башчысы, мурдагы башкы аткаруучу Абдулла Абдулла талибдерге ымалага келе баштаганына ыраазычылык билдирди жана тараптар өз өлкөсүнө тынчтык алып келүү ниетинде турганын айтты.

Абдулланын эсебинде, февралда «Талибан» менен АКШ тынчтык келишимине кол койгондон тартып ар кандай куралдуу кагылыштарда, чабуулда 12 миңдей жайкын тургун мерт болуп, дагы 15 миңдейи жаракат алды.

«Талибандын» лидерлеринин бири молдо Абдул Гани Барадар жеке кызыкчылыктар үчүн исламды садагага чаппоого чакыррды. Ал сүйлөшүүлөрдө диний абал эске алынышы керектигин белгиледи.

Бул сүйлөшүүгө катышып жаткан АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео болсо кепке-сөзгө келүү оңой болбосун белгиледи жана тараптар бири-биринин шартына көнө билиши керектигин айтты. Мамкатчы тараптар коомдогу аялдардын укугу сактоого далалат кылат деген ишеничин билдирди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг чырдашкан тараптардын бир үстөлгө отурушун «тынчтык орнотуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк» катары сыпаттады.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу 2016-жылдагы шайлоодо берген убадасын аткарарын билдирген:

«Акыр аягы, мамлекеттик катчы Майк Помпео бүгүн кечинде Дохага ооган аралык сүйлөшүүлөрдү башташ үчүн тарыхый сапар менен барат деп сыймыктануу менен айта алам. Биз алар менен көптөн бери сүйлөшүү жүргүзүп келе жатабыз. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин көп аскерлерди чыгарып кеттик. Мен бүгүн эртең менен Ооганстанда февраль айынан бери бир да жолу жоготууга учурабаганыбыз тууралуу кабар алдым. Өлүм-житим жок, маселе жок. Ооганстан үчүн чоң жылыш болду. Биз кыска убакыт аралыгында аскерлердин санын төрт миңге чейин азайтабыз», -деген эле Трамп.


Ооган өкмөтү өлкөнүн баш калаасы Кабулду жана провинциялар менен көпчүлүк райондордун борборлорун көзөмөлдөйт, бул жалпысынан өлкө аймагынын 30 пайызын түзөт. Ал эми «Long War Journal» басылмасынын эсебинде, «Талибан» Ооганстандын территориясынын 20дай пайызына ээлик кылат. Тараптар калган аймактар боюнча жаатташып келет. Аталган кыймылдын алдында 20дай чет өлкөлүк ашынган радикал топ бар.

Быйыл февраль айында АКШ «Талибан» менен дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткундарды айырбаштагандан кийин сүйлөшүүлөр башталары айтылган.

Ооган бийлиги февралдагы келишимдин шарты боюнча беш миңдей талиб туткунун бошотту. «Талибан» өз тарабынан миң туткунду, анын ичинде өкмөт кызматкерлерин жана коопсуздук аскерлерин коё бергенин билдирип келатат. Ошондой эле макулдашуудагы башкы шарттардын бири катары америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү каралган.

XS
SM
MD
LG