Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Ооган өкмөтү «Талибан» менен көзмө-көз сүйлөшөт


Ооганстандагы ич ара согушка 19 жылга аяк басты.
Ооганстандагы ич ара согушка 19 жылга аяк басты.

Катарда 12-сентябрда ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын көзмө-көз сүйлөшүүлөрү башталат. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео аны утурлай Дохага жөнөп кетти.

Мамкатчы сапарынын алдында тирешкен тараптардын сүйлөшүүсү жеңил болбой турганын белгиледи, бирок бул согушту токтотуунун жападан-жалгыз жолу экенин айтты.

Кабул менен «Талибандын» согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрү жөнүндө бул кыймыл менен Кошмо Штаттардын ушул жылдын февраль айындагы тынчтык келишиминде белгиленген. Майк Помпео Дохага жол тартканы жатканда касташкан тараптардын кепке-сөзгө келишине көп убакыт талап кылынганын, ал талаштуу болорун айтты:

«Бизге 29-февралдан бери бул жакка жетүүбүзгө биз каалагандан да көбүрөөк убакыт кетти. Бирок биз ушул ишембиде дээрлик 20 жылга жакын убактан бери биринчи жолу оогандар бир үстөлгө отурат жана өлкөсүн алдыга жылдыруу, зордук-зомбулукту азайтуу, ымалага келүү, өлкөнүн атынан сүйлөгөн, согуш абалында болбогон өкмөт түзүү боюнча талаш-тартыштуу, оор сүйлөшүүлөргө даяр болот деп үмүттөнөбүз. Бул алардын өлкөсү. Алдыга карай кантип жылыш керек экенин, ооган элинин жашоосун кантип жакшыртыш керек экенин алар чечиши керек».

Помпео апта башында Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салехке кол салуу болгонун белгилеп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учураткысы келгендер бар экенин эске салды.

Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Кабул менен «Талибандын» сүйлөшүүсүнө Помпео катышарын билдирген. Ал ошондой эле Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу 2016-жылдагы шайлоодо берген убадасын аткарарын белгиледи:

«Акыр аягы, мамлекеттик катчы Майк Помпео бүгүн кечинде Дохага ооган аралык сүйлөшүүлөрдү башташ үчүн тарыхый сапар менен барат деп сыймыктануу менен айта алам. Биз алар менен көптөн бери сүйлөшүү жүргүзүп келе жатабыз. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин көп аскерлерди чыгарып кеттик. Мен бүгүн эртең менен Ооганстанда февраль айынан бери бир да жолу жоготууга учурабаганыбыз тууралуу кабар алдым. Өлүм-житим жок, маселе жок. Ооганстан үчүн чоң жылыш болду. Биз кыска убакыт аралыгында аскерлердин санын төрт миңге чейин азайтабыз».

Ооган өкмөтүнүн делегациясынын курамында Улуттук кайра биригүү кеңешинин башчысы, мурдагы башкы аткаруучу Абдулла Абдулла бар. Өкмөттүк топту Чалгын кызматынын мурдагы башчысы Мухаммед Масум Станекзай жетектейт.

Ал эми «Талибандын» сүйлөшүү тобунун башында бир канча жылдар бою Пакистандын түштүк-чыгышындагы Кветта шаарында жашырынып жүргөн, ырайымсыздыгы менен атагы чыккан кол башчы Абдул Хаким Исхакзай турат.

2001-жылы АКШ жетекчилик кылган коалициялык күчтөр талибдерди бийликтен кулаткандан кийин бул шаарды «Талибандын» башчылары байырлап турган.

Абдулла Абдулла Улуттук кайра биригүү кеңешин ооган президенти Ашраф Гани менен бийлик бөлүшүү боюнча талаштуу сүйлөшүүлөрдөн кийин жетектеп калган.

Быйыл февраль айында АКШ «Талибан» менен дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткундарды айырбаштагандан кийин сүйлөшүүлөр башталары айтылган.

Ооган бийлиги февралдагы келишимдин шарты боюнча беш миңдей талиб туткунун бошотту. «Талибан» өз тарабынан миң туткунду, анын ичинде өкмөт кызматкерлерин жана коопсуздук аскерлерин коё бергенин билдирип келатат. Ошондой эле макулдашуудагы башкы шарттардын бири катары америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү каралган.

XS
SM
MD
LG