Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Үгүт маалында «Бүтүн Кыргызстандын» соту создукту


Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКга каршы арызын кароо 9-сентябрга калды.

Парламенттик шайлоого байланыштуу Бишкектин административдик сотуна дагы бир жолу коомчулуктун көңүлү бурулду.

Бул ирет аталган сотто “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы арызы каралды. Оппозициячыл партия БШКнын партияны шайлоого катыштырбоо тууралуу чечими мыйзамсыз экенин жүйө келтирип, аны жокко чыгарууну суранган.

Иш каралып жаткан учурда Административдик соттун имаратынын алдында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын 500дөн ашуун тарапкери чогулду. Алар соттон акыйкат чечим кабыл алууну талап кылып, "Бүтүн Кыргызстан!", "Сот акыйкат чечим кабыл ал!" деп кыйкырып турушту.

Алардын арасында мурдагы президент, азыр камакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери түзгөн Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү да жүрдү.

Ишти Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева карады. Жараяндын жүрүшүндө судья Эгембердиева "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү суранган өтүнүчтөрдү канааттандырып жатты.

Тагыраагы, оппозициячыл партиянын юристтери сотко БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев, Акылбек Эшимов баштаган бир нече аппараттын кызматкерин күбө катары чакырууну суранды.

Буга жооп кылып БШКнын юристтери Боршайкомдун калган мүчөлөрүн чакырууну сунуштады.

Ишти караган судья эки өтүнүчтү тең канааттандырды. Соттун мындай ийкемдүүлүгү оппозициячыл партиянын мүчөлөрү арасында маселе алардын пайдасына чечилет деген ишенимди пайда кылгандай болду.

Муну жараяндан соң “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров да белгилеп, судьяга эч кандай дооматы жок экенин билдирди.

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Сотто эмне жөнүндө сөз болду?

Соттук териштирүүдө “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 19-августта өткөн курултайында эреженин бузулганы же бузулбаганына көбүрөөк басым жасалды.

3-сентябрда Боршайком дал ушул курултайдын жүрүшүндө партия делегаттар арасында добуш берүүнүн купуялуулугун сактай алган эмес, курултай бекиткен тизме менен “Бүтүн Кыргызстан” расмий органга тапшырган тизмеде айырма болгон деген негизде каттоодон баш тарткан.

Жараяндын жүрүшүндө “Бүтүн Кыргызстандын” юристтери өз линиясын дал ушул партия тизмени өзгөрткөн деген маалыматты толугу менен жокко чыгарууга арнаган.

Партиянын юристи Юлия Богданова партия өз тизмесин БШКга тапшырганга чейин өзгөртүүгө укугу бар экенин белгилеп, муну мыйзам бузуу катары кароо туура эмес экенин билдирди:

“БШК “Кыргыз Республикасынын президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо боюнча” мыйзамдын 60-беренесинин чегинен чыгып кеткен. Бул беренеде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүнүн жол-жобосу дапдаана жазылган. Анда партияга карата жалгыз талап катары талапкерлерди көрсөтүү боюнча чечимди курултайда купуя добуш берүү аркылуу кабыл алуу керектиги көрсөтүлгөн. Ал эми ушул эле мыйзамдын 60-беренесинин 5-бөлүмүндө саясий партия сунуштаган тизмеде мөөр жана лидердин колу менен бекемделип, БШКга жөнөтүлүшү керектиги гана айтылган. Бул тизме БШКга берилген соң гана ал өзгөртүлбөшү керек. Тактап айтканда, БШКга бергенге чейин бул тизмени өзгөртүүгө мыйзам тыюу салбайт”.

Ошондой эле партия өкүлдөрү "Бүтүн Кыргызстан" курултай өткөрүүдө эч кандай эреже бузбаганын билдирди.

Партия лидери Адахан Мадумаров сотто сүйлөп жатып, курултай өткөрүүдө башка партиялар да купуялуулук сактабагандыгын, бирок мыйзам “Бүтүн Кыргызстанга” гана иштеп жатканына нааразы болду.

БШКнын өкүлү Медина Кутбердиева буга чейин шайлоо комиссиясы келтирген жүйөлөрдү кайталап, "Бүтүн Кыргызстан" курултай өткөрүүдө эреже бузуп, анын жүрүшүндөгү тизмени бурмалап алып келгенин билдирди.

“БШК коллегиалдуу орган жана бардык чечимдер добуш берүү аркылуу гана кабыл алынат. “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого каттоодон баш тартуу боюнча чечим БШКнын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушунун негизинде кабыл алынган. Алар жумушчу топтун маалыматын угуп, андагы мыйзам бузуулардын баары эске алынды. Ошондуктан, БШК 3-сентябрда кабыл алган чечим мыйзамдуу жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттабоонун себептерин түшүндүргөн фактылар камтылган”.

Ошентип “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуусу боюнча соттук жараян 9-сентябрда каралмай болду. Партия лидери Адахан Мадумаров сот атайлап создуктурулуп жатканын айтып, нааразы болду.

“Жүйөсүз себептер менен 9-сентябрга калтырганы кызыктуу. Бул жерде бардык маселелер каралып бүттү, тездетип эле чечим чыгарса болмок. Биз канча жолу сурандык. Себеп, азыр үгүт иштери жүрүп жатканда биз үчүн ар бир саат маанилүү. Ушундай кырдаалда күлүктөрдүн баарын кое берип, бирөөнү гана эки бутун тушап, эки күндөн кийин кое беребиз деген сыяктуу болуп жатат. Тилекке каршы, ушундай чечим кабыл алынды”.

Чынында эле өлкөдө үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан мезгилде "Бүтүн Кыргызстандын" шайлоого катышып же катышпаганы боюнча соттук жараян башкы маселеге айланды.

Эксперттер өлкөдөгү учурдагы бийликке каршы оппозициялык партиянын шайлоого катышпай калышы жалпы шайлоонун жүрүшүнө таасир тийгизет деп айтып жатышкан.

БШК 3-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тарткан. Буга чейин аталган партия курултай өткөрүүдө эреже бузду деген негиз себеп болгон. Боршайком чечим кабыл алганга чейин “Бүтүн Кыргызстандын” курултайында бекитилген тизме өзгөртүлүп калганы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу айтып чыккан.

Ал 19-августта өткөн курултай бекиткен тизмеде бул партиянын катарында талапкер катары көрсөтүлгөнүн, бирок кийинчерээк таптакыр эле тизмеден чийилип калганын билдирген.

2-сентябрда БШК Турсунбай Бакир уулунун арызын карап, “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоодон четтетүү боюнча чечимге бир добуш жетпей калган. Бирок кийинки күнү жыйын жүрүшүндө БШКнын мүчөлөрү Турсунбай Бакир уулу айткан маалыматтарды да негиз кылып, оппозициячыл партияны каттабоо боюнча чечим кабыл алган.

“Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров мындай чечим бийликтин кийлигишүүсү менен кабыл алынганын айтып келет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Учурда 15 партия талапкер катары каттоодон өтүп, үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө.

«Бүтүн Кыргызстан» боюнча сот 9-сентябрга жылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG