Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

«Бүтүн Кыргызстан» БШК менен соттошот


«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын басма сөз жыйыны. 4-сентябрь.
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын басма сөз жыйыны. 4-сентябрь.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы сотко кайрыла турган болду.

Партия жетекчилиги «Бүтүн Кыргызстандын» шайлоого катыша албай калганын «бийликтин буйругу» деп атады. Азырынча бийлик партиянын дооматтарына жооп бере элек.

4-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров баш болгон бир нече саясатчы басма сөз жыйынын өткөрүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) партияны жарышка катыштырбай койгонун «бийликтин буйругу» деп баалады. Партиянын лидери Адахан Мадумаров БШКнын чечимине каршы сотко кайрыларын белгилеп, бирок сот арызды канааттандырат деген ишеними жок экенин моюнга алды. Мадумаров митингге чыккысы келген тарапташтарын токтотпой турганын айтты:

«Кыргызстанда мыйзам жолу менен, Конституция жолу менен бир маселе чечилет деген ишенимден алысмын. Мени «соңку романтик» деп айтып жүрүшчү. Эми менде да романтика бүттү. Бардык нерсенин чегине жетти. Эгер эл укугун коргоп, көчөгө чыкса, мен алардын алдында болом».

Бул партиянын тизмеси менен шайлоого бараткан саясатчы Өмүрбек Суваналиев «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы «атайын буйруктун» негизинде катталбай калганын айтып, парламентке жалаң бийликчил партияларды өткөрүүгө шарт түзүлүп жатат деген оюн билдирди.

Партиянын дагы бир тарапташы, экс-депутат Исхак Масалиев мындай көрүнүш коомчулукту нааразы кыларын бийликке эскертти:

«Бир саат ичинде бир токтомду экинчи токтомго өзгөртүп, катталбасын деген чечим - чоң саясий ката. Бул эч качан жакшылыкка алып келбейт. Ушуну эске алыш керек».

Партия азырынча БШКнын чечимин колуна ала элек. Чечим колго тиери менен сотко кайрылмакчы. Бийлик партиянын айткан дооматтары боюнча үн катпай турат. Басма сөз жыйыны өтүп жатканда партиянын Бишкектеги кеңсесинин алдына «Бүтүн Кыргызстандын» ондогон тарапташтары чогулуп, бийликке нааразылыгын билдирип турушту. Ушундай эле нааразылык акциясын Орусиядагы 50дөй эмгек мигранты Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин жанында да өткөрдү.

БШКнын 3-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясын жарыштан четтеткен жыйынынан кийин төрайым Нуржан Шайлдабекова партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганын билдирген.

«Кечээ деле позициямды айткам, мен бул жерден абдан чоң мыйзам бузууну көрүп жатам», - деди Шайлдабекова.

Ал эми 4-сентябрда Шайлдабекова журналисттерге жооп берип жатып, «Бүтүн Кыргызстандын» сотко кайрылууга укугу бар экенин билдирди.

Сот партиянын пайдасына чечим чыгарып берген күндө да «Бүтүн Кыргызстан» үгүт маалында бир нече күнүн жоготуп коет. Саясий айдыңдагы байкоочулар «Бүтүн Кыргызстан» партиясы соттон утуп чыгарынан күмөн санап турушат.

Курманбек Бакиевден башка президенттердин тушунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийликти кескин сындаган саясатчы катары таанылган.

Мадумаров жана анын партиясы акыркы парламенттик жана президенттик жарыштарда үгүт иштерине аз каражат сарптаганы менен туруктуу электораты бар экени белгилүү.

«Үмүт 2020» кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясын жарышка чыгарбоо шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирет деп эсептейт.

Ал алдыдагы үгүт маалында партиялар арасында дагы далай чыр-чатактар чыгарын белгилеп, БШК аларды чечүүдө калыс позицияны карманарынан шек жаратты деген ойдо турат. Активисттин баамында, туруктуу шайлоочулары бар жана бийликке кескин сын айткан партиянын катышпай калышы саясий абалды курчутушу мүмкүн.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

«Бүтүн Кыргызстан» шайлоолордо 100 миңден добуш алып келет. Ошол шайлоочулардын сыртта калышы туруктуулукка шек келтирет. Элдин нааразылыгы күчөп, коомчулук радикалдаша баштайт. Чыныгы оппозициячыл деп бааланган партиянын чыгып калышы кайсы атаандашка пайдалуу экенин билебиз да», - деди Нурсултан Акылбек.

Анын пикиринде, «Бүтүн Кыргызстан» шайлоого катышса оппозициялык маанайдагы партиялардын добушун бөлүшмөк.

Анткен менен саясат талдоочу Орозбек Молдалиев «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоого катышпай калышы өлкөдөгү коомдук-саясий абалга анча деле таасир этпейт деп эсептейт.

Молдалиев «Бүтүн Кыргызстандын» буга чейинки шайлоолордогу утулушун белгилеп, анда деле массалык нааразылык акциялары болбогонун эске салды.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Ленинизм, марксизмдин термини менен айтканда революциялык маанай жок. Ал качан пайда болот? Шайлоо өтүп, анан жыйынтыгында саясий чечим кабыл алганда партиялар элди чыгара башташат. Азыр нааразылык акциялары болушу мүмкүн, бирок чоң колдоо болбойт», - деди Молдалиев.

55 жаштагы Адахан Мадумаров үч ирет Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал 2007-жылы «Ак Жол» партиясынан куралган парламенттин спикери болгон. Ага чейин бир нече жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалаган.

Саясатчы партиясы менен өлкөдөгү шайлоолорго 2010-жылдан бери жигердүү катышып, бирок алардын жыйынтыгын тааныбай келет. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясы он миңдей добуш жетпей калып, мандат албай калган. Ал эми 2011-жылкы президенттик шайлоодо экинчи орунду алган. 2015-жылы парламенттик шайлоого «Эмгек» партиясы менен биригип, шайлоого аттанып, 7% тосмону өтө албай калган. 2017-жылы президенттик жарышта үчүнчү орунда келген саясатчы Адахан Мадумаров азыркы бийликке, системага каршы күрөшөрүн айтып келет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. БШК 3-октябрь күнү шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттады.

БШКнын чечими, «Бүтүн Кыргызстандын» эртеңи
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:45 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG