Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

Мадумаров: Соттон утабыз деген ишеним жок, үмүт бар


«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлери. Бишкек шаары. 4-сентябрь, 2020-жыл.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлери. Бишкек шаары. 4-сентябрь, 2020-жыл.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы сотко кайрыларын белгилеп, бирок сот арызын канааттандырат деген ишеними жок экенин билдирди:

«Кыргызстанда мыйзам жолу менен, Конституция жолу менен бир маселе чечилет деп айтууга такыр мүмкүн эмес. Мени «соңку романтик» деп айтып жүрүшчү. Эми ал романтика бүттү. Эгер эл укугун коргоп, көчөгө чыкса, мен алардын алдында болом».

Адахан Мадумаров 25 жыл мурун эл саясатчыларды ээрчиген заман болсо, учурда эл саясатчылардын алдына чыгып, талап кылууга өттү деп ойлой турганын кошумчалады.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап жатат.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага катышууга 15 саясий партия укук алды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG