Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

БШК шайлоого катышууга 15 партияга уруксат берди


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды.

Алар:

  1. «Мекен Ынтымагы»;
  2. «Мекенчил»;
  3. «Ыйман Нуру»;
  4. «Чоң Казат»;
  5. «Реформа»;
  6. «Республика»;
  7. «Социал-демократтар»;
  8. «Биримдик»;
  9. «Мекеним Кыргызстан»;
  10. «Ордо»;
  11. «Кыргызстан»;
  12. «Бир Бол»;
  13. «Замандаш»;
  14. «Ата Мекен»;
  15. «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».

Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок.

Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди.

Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган.

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү боюнча жыйындарын 2-3-сентябрда өткөрдү. 4-сентябрда партиялардын үгүт иштери башталат.

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. 21 жаштан өткөн кыргыз жарандары талапкер боло алышат. (SE)

XS
SM
MD
LG