Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Адахан Мадумаров: укуктук талаада күрөшөбүз


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Саясатчы Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоодон четтетилишин «саясий чечим» деп сыпаттап, сотко кайрыларын айтты:

«Колубузду кууштуруп отуруп калбайбыз, укуктук талаада күрөшүүгө даярбыз».

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого каттабай койду. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок танаписте ал тымызын өзгөртүлгөнүн айтты.

Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топ ал документти көрсөтө алган жок.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстандын» курамында шайлоого барууга аттанып, кийин тизмеден чыгып калган Турсунбай Бакир уулу нааразы болуп, партиянын үстүнөн БШКга даттанган.

БШКнын жумушчу тобу муну «партиянын ички иши» деп, сотто чечип алууну сунуш кылган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG