Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

«Бүтүн Кыргызстан» сотко кайрылат (видео)


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттаган жок. Буга байланыштуу саясий партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрыла турган болду.

Партиянын лидери Адахан Мадумаров БШКнын чечимине каршы сотко кайрыларын белгилеп, бирок сот арызын канааттандырат деген ишеними жок экенин билдирди.

«Кыргызстанда мыйзам жолу менен, Конституция жолу менен бир маселе чечилет деп айтууга такыр мүмкүн эмес. Мени "соңку романтик" деп айтып жүрүшчү. Эми ал романтика бүттү. Эгер эл укугун коргоп, көчөгө чыкса, мен алардын алдында болом», - деди Мадумаров.

Адахан Мадумаров 25 жыл мурун эл саясатчылардын ээрчиген заман болсо, учурда эл саясатчылардын алдына чыгып, талап кылууга өттү деп кошумчалады.

Аталган партиянын тизмеси менен шайлоого бараткан Өмүрбек Суваналиев маалымат жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы атайын буйруктун негизинде катталбай калганын айтты.

«Бизге маалым, атайын буйрук бар. «Төрт гана партия өтүшү керек, "Бүтүн Кыргызстан" өтпөсүн» деген. Ошонун негизинде биздин партияны каттаган жок. Себеби биз канча жылдан бери бийликке, парламентке криминал аралашпасын деген талап менен келе жатабыз. Бул жолу да ошол талапты койгонбуз. Тилекке каршы, мафияга бул жакпайт, ошондуктан бизди бийликке жолотпоонун аракети болуп жатат», - деди Суваналиев.

Партия азырынча БШКнын чечимин колуна ала элек. Чечим колго тиери менен сотко кайрылмакчы.

БШК «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоого каттабай койду

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттабоо сунушун бергени 3-сентябрда белгилүү болду.

БШКнын мүчөлөрү 3-сентябрдагы жыйынында ал сунушту талкуулап, талаш-тартыштан кийин көпчүлүк добуш менен колдоду. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКны «саясий чечим чыгарды» деп сындады.

БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттаган жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:47 0:00

Жумушчу топтун «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттабоо сунушуна Борбордук шайлоо комиссиясынын эки мүчөсү - Кайрат Осмоналиев жана Атыр Абдрахматова каршы болушту. Атыр Абдрахматова жыйындын башында - саат 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору даярдалганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын айтып, кесиптештерин кескин сынга алды.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

«Танапис маалындагы 10 мүнөттө, андан мурунку 40 мүнөттө эмне өзгөрүп кетти? Эмне себептен алдын ала долбоордо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын катташ керек, баары мыйзам чегинде деп даярдадыңар? Танапис маалында жаңы жагдайларды ким таап чыкты? Бул уят нерсе! Бул жагдайлар эмнеге кечээ айтылган жок? 10 күндүн ичинде кылбаганды бир саатта кылдыңарбы?»​, - деди Абрахматова.

Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топтун өкүлү Акылбек Эшимов партияга байланыштуу буга чейинки чырдын жагдайларынан улам ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи, бирок Абдрахматова сураган документ көрсөтүлгөн жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов танапис учурунда жумушчу топ жаңы жагдайларды карап чыкканын билдирди.

«Жумушчу топтун корутундусуна кирбей калган жагдайларды танапис болгон бир саатка жакын убакыттын ичинде кайрадан карап чыгып, тиешелүү толуктоолорду жасадык. Жыйын жашыруун эмес, ачык өттү», - деди Бекматов.

Төрайым Нуржан Шайлдабекова баш болгон БШКнын айрым мүчөлөрү Атыр Абдрахматова менен сөз талашып, кайым айтышуу бир топко созулду. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын жыйынга катышып отурган өкүлү чечимге нааразылыгын билдирди.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясындагы талапкерлерди аныктоого байланыштуу талаш жагдай жаралган. Аталган партия менен шайлоого баратканын айткан Турсунбай Бакир уулу акыркы тизмеде талапкерликтен чыгып калганын билдирип, партияга каршы БШКга арыз берген. 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы ушул маселе боюнча жыйын куруп, жумушчу топтун партияны жарыштан четтетүү тууралуу сунушу колдоо тапкан эмес. Анда Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова партияны жарыштан четтетүү чечимине каршы добуш берген.

Бирок бир күндөн кийин анын көз карашы өзгөргөнү белгилүү болду.

3-сентябрдагы БШКнын «Бүтүн Кыргызстан» партиясын жарыштан четтеткен жыйынынан кийин Шайлдабекова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деди.

Кечээ деле позициямды айткам, мен бул жерден абдан чоң мыйзам бузууну көрүп жатам”, - деди Шайлдабекова.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКнын аракетин “саясий чечим” деп баалады. Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» шайлоого аттангандардын арасынан оппозициялык партия экенин белгилеп, бул маселе боюнча сотко кайрылаарын билдирди.

«​Он жылдан бери «Бүтүн Кыргызстан» мыйзамдан кылдай да кыйшайбай келе жатат. 2010-жылы биз парламентке өткөн партиябыз. Бирок, өлкөдөгү тынчтык үчүн деп мыйзамсыз иш-аракеттерге барган жокпуз. Бул үчүн мени партиялаштарым да, шайлоочулар да көп жолу сынга алышты. 2015-жылы да ушундай көрүнүш болду. Эми мен Кыргызстандын элине кайрылып ачык айтам: өз укугуң өзүңдүн колуңда, өз тагдырың өз колуңда. Эгерде укуктук талаада сен адамдык укугуңду коргой албасаң, бийлик мыйзамдарды ушинтип тебелеп жатса, анда өз укугуң үчүн күрөш. Мен эми баягыдай кылып ынтымакка, тынчтыкка чакырып тура турган инсан эмесмин. Эл өз укугун өзү тандап алсын, өзү коргоп алсын. Кандай жолду тандаган болсо, мен эл тарапта болом»​, - деди Мадумаров.

Президент Сооронбай Жээнбеков Эгемендик майрамына карата элге кайрылуусунда «парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрөбүз» деп айтканы бар.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды.

Алар: «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».

Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок. Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди.

Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган.

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү боюнча жыйындарын 2-3-сентябрда өткөрдү. 4-сентябрда партиялардын үгүт иштери башталды.

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. 21 жаштан өткөн кыргыз жарандары талапкер боло алышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG