Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

Жээнбеков: Шайлоону ачык-айкын өткөрөбүз


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков эгемендик майрамына карата Бишкекте онлайн форматта өтүп жаткан иш-чарада кыргызстандыктарды куттуктады.

Ал быйылкы майрам жалпы дүйнөнү каптаган пандемия шартында белгиленип жатканын, ошого байланыштуу жыл башында пландалган салтанаттуу иш-чаралар болбой калганын эске салды.

Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясы Кыргызстанды чоң сыноого туш кылганын, бирок ага каршы күрөш тынбай улантылып жатканын, апааттан кутулуу мамлекеттик бийликтин аракетинен гана эмес, коомдун биримдигинен жана жоопкерчилигинен көз каранды экени ачыкка чыкканын белгиледи.

«Биздин саламаттык сактоо системабыз менен экономикалык дараметибиз гана эмес, элибиздин ынтымагы да чоң сыноодон өттү. Саламаттык үчүн болгон кармашта элибиз өзүнүн сабырдуулугун жана кайрымдуулугун көрсөттү. Биздин элде «алам» дегенден «жардам берейин» дегендер көп экенин көрдүк. Дээрлик бардыгыбыз жардамга муктаждарга колубузду сундук».

Сооронбай Жээнбеков азыркы күндө илдет толук жеңилбегенин, бирок басаңдаганын, кырдаал дагы эле кооптуу экенин айтты. Ал пандемияны ынтымак менен жеңүүгө чакырды. Алдыдагы «парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрөбүз» деп белгиледи.

31- август - Кыргызcтандын эгемендик күнү Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында өтүп жатат. Майрам президенттин куттуктоосу менен башталды. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен саат 10до башталган иш-чара онлайн форматта 11ге чейин болот. Майрамдык иш-чараны өкмөттүк каналдар түз көрсөтүүдө.

Иш-чара 22:00дө «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салют менен аяктайт.

Кыргызстан 1991-жылы СССРдин курамынан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган. (NT)

XS
SM
MD
LG