Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

31-августта майрам онлайн форматта уюштурулат


Кыргызстандын туусун көтөрүп турган жоокерлер. 31-август, 2018-жыл.
Кыргызстандын туусун көтөрүп турган жоокерлер. 31-август, 2018-жыл.

31- август - Кыргызcтандын Эгемендик күнү Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөрүлөт.

Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен иш-чара онлайн форматта саат 10дон 11ге чейин болот. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, майрамдык иш-чара өкмөттүк каналдар аркылуу түз көрсөтүлөт.

Пандемияга байланыштуу быйыл жапырт жана майрамдык салтанаттар өткөрүлбөйт. Саат 22:00дө «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салют атылат.

Быйыл Кыргызстан эгемендиктин 29 жылдыгын белгилейт. 1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган. (NT)

XS
SM
MD
LG