Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Кыргызстандын эгемендик алганына 29 жыл болду


Кыргызстандын желегин көтөргөн улан-кыздар.
Кыргызстандын желегин көтөргөн улан-кыздар.

Кыргызстан мурдагы СССРдин курамынан бөлүнүп, өз алдынчалыгын жарыялаганына 29 жыл толду. 31-августта Эгемендик майрамы белгиленет.

Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Бул датага байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул ирет пандемиядан улам баш калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилбейт. Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан бир сааттык расмий бөлүк телеканалдарда түз ободо көрсөтүлөт.

Салтанат түнкү саат ондо салют менен жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG