Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Бишкекте веложарыш өтүп жатат


"Ден соолук" веложарышы. 30-август. Бишкек ш. (Сүрөт "Кактус" маалымат агенттигине таандык).
"Ден соолук" веложарышы. 30-август. Бишкек ш. (Сүрөт "Кактус" маалымат агенттигине таандык).

Бүгүн борбор калаанын түштүк чыгыш тарабындагы "Адинай" жаңы паркында "Ден соолук" веложарышы башталды. Иш-чарага катышуу үчүн 300 чамалуу велосипедчен паркка чогулушту.

Шаардын мэри Азиз Суракматов жарыштын катышуучуларын жана бишкектиктерди эгемендик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук каалады. Суракматов коронавирустан улам киргизилген карантиндик чектөөлөр учурунда түшүнүү менен мамиле кылганы үчүн тургундарга ыраазычылык билдирди.

"Адинай" паркынан башталган веложарыш Айтматов проспекти менен тоону көздөй Орто-Сай айылына чейин барат. Андан кийин Байтик баатыр көчөсү менен Токомбаев көчөсүнө чейин төмөн түшүп, кайра паркта жыйынтыкталат. Жарыштын жалпы узундугу 10 чакырым.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, "Ден соолук" веложарышы коронавируска каршы күрөшүү үчүн саламаттыкты чыңдоо максатында жана Кыргызстандын Эгемендик майрамын утурлай өткөрүлүүдө.

Кыргызстандын Эгемендик майрамы 31-августта белгиленет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG